Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 462 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы №547 "Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттикколдоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Пекин шаарында 2008-жылдагы XXIX Олимпиадалык оюндардын жењүүчү-лөрүнө жана байге ээлерине бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөөгө төмөн-күдөй финансы каражаттарын карасын: 1-орун үчүн - алтын медаль - 150000 АКШ доллары; 2-орун үчүн - күмүш медаль - 100000 АКШ доллары; 3-орун үчүн - коло медаль - 75000 АКШ доллары; 4-орун үчүн - 25000 АКШ доллары; 5-орун үчүн - 15000 АКШ доллары; 6-орун үчүн - 13000 АКШ доллары; 7-орун үчүн - 12000 АКШ доллары; 8-орун үчүн - 10000 АКШ доллары; башкы жана жеке машыктыруучуларына спортсмендердин сыйлыгынын өл-чөмүнүн - 25 проценти; - "2008-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин; - Олимпиадалык оюндардын жана оюндардын чемпиондоруна жана байгеээлерине өмүр бою берилүүчү ар айлык стипендияларды төлөөгө жыл сайынреспубликалык бюджетте финансы каражатын карасын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жанаспорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-тик Олимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр боюберилүүчү ар айлык стипендиялар жөнүндө жобону белгиленген тартипте иш-теп чыксын жана бекитсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов