Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 466 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына керектелбеген контейнерлерди өткөрүп берүү жөнүндө Эл аралык жүк ташуу жөнүндө макулдашуунун (ЭЖТМ) 31-статьясынаылайык аныкталган сактоонун чектик мөөнөтү өтүп кеткен контейнерлердипайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасысактоонун 9 айлык мөөнөтү өткөнүнө жараша контейнерлерди Кыргыз Респуб-ликасынын Мамлекеттик бажы комитетине "Мамлекеттин пайдасына баш тар-туу" бажылык режиминде билдирсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети сактоонун 9айлык мөөнөтү өткөн контейнерлерге "Кыргыз темир жолу" Улуттук компани-ясы" мамлекеттик ишканасынын "Мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылыкрежиминде билдирүүсү боюнча бажылык тариздөө жүргүзсүн жана аларды"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын балан-сына өткөрүп берсин. 3. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасыушул токтомдун 2-пунктунда аталган контейнерлерди балансына кабыл ал-сын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов