Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-августу N 470
Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы N 536 токтомунун редакциясына ылайык)
Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитет чыгарган Аудиттин эл аралык стандарттары бекитилсин.
Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүргүзүлүүчү мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм иштеп чыгуучу ислам финансы институттары үчүн аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы N 536 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги N 235 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| И. Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-августу N 470
Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-августундагы N 536, 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында аудиттин стандарттары катары - Нью-Иорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан чыгарылуучу Аудиттин эл аралык стандарттары;
2) Кыргыз Республикасында кесипкөй бухгалтерлердин жана аудиторлордун этика кодекси катары - Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын бухгалтерлери үчүн Эл аралык этика стандарттары боюнча комитет тарабынан чыгарылуучу Кесипкөй бухгалтерлердин этика кодекси.
Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишке ашырылуучу мамилелерде Бахрейндин Манама шаарындагы Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча уюм тарабынан иштелип чыгуучу ислам финансы институттарына аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги N 235 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| И.Чудинов |