КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 10-июнундагы № 325
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-августу № 476 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 331
токтомун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 741,
20 июля 2009 года №462 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III"Кыргыз Республикасынын Улуттук
программасын (мындан ары -
Программа)ишке ашыруунун жүрүшүндө республиканын калкына кургак учукка каршы жар-дам көрсөтүүнүн сапаты кыйла жакшыргандыгын белгилейт. Кургак учук проблемаларын чечүүгө карата сектор аралык мамилениннатыйжасында кургак учук боюнча негизги эпидемиологиялык көрсөткүчтөрболгон - өлүмгө учуроо жана ооруга чалдыгуу көрсөткүчтөрү боюнча кыйлатурукташууга жетишилди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган ДОТСстратегиясын өлкөдө ийгиликтүү колдонууга киргизүү кургак учуктун ту-руктуу формасы менен (ДОТС+) ооругандардын дартын аныктоо жана дарылоо-ну баштоого мүмкүндүк берди. Бюджеттик каржылоонун жетиштүү эмес шарттарында Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донордук уюм-дардын жардамын тартуу боюнча иштер жүрүүдө, мунун аркасында кургакучук оорусу жањыдан аныкталгандарды дарылоо үчүн кургак учукка каршыпрепараттар менен 100 проценттик камсыздоого жетишилип, кургак учуккакаршы уюмдардын жана жалпы дарылоо тармагынын лабораторияларынын мате-риалдык-техникалык базалары жакшырууда. Ошону менен бирге эле республикадагы эпидемиологиялык кырдаал аликурч бойдон калууда: азыркы убакта аны менен ооругандар 100 мињ калккакарата - 109,7, өлүмгө учуроо - 100 мињ калкка 9,7ни түзөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары
Программада каралган иш-чараларды толук көлөмүндөаткарбай жатышат. "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын
Мыйзамынын 15-статьясынын кургак учуктун жугуштуу түрү мененооругандарга өзүнчө бөлүнгөн турак аянтын берүү бөлүгү иш жүзүндө жүзө-гө ашырылбайт жана кургак учук менен ооругандарды дарылоочу жерге барыпкелүү чыгымы толук төлөнбөйт. Талас облусунун мамлекеттик администраци-ясы тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралыкбиргелешип аракеттенүүсү жана координациялоочу иш-аракети начарлап кет-кен (кургак учук менен ооругандардын, социалдык колдоого муктаж болгон-дордун тизмелери жок, 2007-жылга жана 2008-жылдын биринчи жарым жылды-гына кургак учук менен ооругандарга социалдык колдоо көрсөтүлгөн эмес). Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Калктыкургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын11-статьясынын эркинен ажыратылган жерлерден келишкен, анын ичинде ам-нистияланган, кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жаран-дык уюмдарда эсепке алууга контролдук жүргүзүү бөлүгү аткарылган эмес. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги да Прог-рамманы ишке ашыруу боюнча комплекстүү план, кургак учукка каршы уюм-дарда жыл бою окутуу менен дарыланууда жүргөн балдарды окутуу програм-малары жөнүндө маалыматтар жок,
Программаны ишке ашыруунун жүрүшү ми-нистрликтин коллегиясынын заседаниелеринде каралган эмес. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлиги эт, сүт азыктарынын башаламан сатылышын жана анын сапатынжетиштүү түрдө контролго албайт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармалыгы бошогон, амнистияланууга, актилөөгө же шарттуу түрдөмөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон кургак учук менен ооругандар-дын тизмелерин саламаттыкты сактоонун жарандык секторуна жана КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигине үзгүлтүк менен беришет. Стационардык дарылануудагы кургак учук менен ооругандардын биркүндүк тамак-ашы жана медикаменттер менен камсыздоо чыгымдарынын (тие-шелүү түрдө 56,0 жана 45,0 сом) колдонуудагы нормативдери зарыл керек-төөнү камсыз кыла албайт. Калктын кургак учук менен оорушун жана өлүмгө учурашын андан арыазайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Рес-публикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Талас облусунун мам-лекеттик администрациясынын 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улут-тук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын6-майындагы № 331
токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштери жетишсиз деп та-былсын. 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү-лөрдү камсыз кылсын: - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдарынын 2006-2010-жылдарга "Кургакучук-III" Улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 6-майындагы № 331
токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштеринкоординациялоону; - жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, айылдык са-ламаттык комитеттери аркылуу калк арасында кургак учуктун алдын алуубоюнча майнаптуу санитардык-агартуу иштерин жүргүзүүнү; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мененбирдикте: - билим берүү мекемелеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын же-текчилеринин жекече жоопкерчилигин кароо менен кургак учук боюнча дек-реттелген контингентти профилактикалык текшерүүлөрдү жана алдын алууиш-чараларын жүргүзүүнү; - мектептик медицинаны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планын иш-теп чыгууну камсыздасын; - 2006-2010-жылдарга "Кургак учук-III" Улуттук программасын жана"Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынишке ашыруу боюнча материалдарды жарым жылдын жыйынтыктары боюнча Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык маанилүү жана өзгөчөкоркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координация-лык комитеттин заседаниелеринде кароо үчүн даярдоону; - 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ме-нен бирдикте кургак учуктун жугуштуу жана туруктуулугу төмөнкү түрү ме-нен ооругандарды, дарылануудан качып жүргөндөрдү жана социалдык байла-ныштан ажырагандарды дарылоо үчүн жабык типтеги мекемелерди түзүү боюн-ча нормативдик укуктук документтин долбоорун иштеп чыгууну жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү; - 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө кургак учук менен оору-ган адамдарды дарылануудан жана текшерүүдөн өтүүдөн качкандыгы үчүн ад-министрациялык жана кылмыш жоопкерчилигин кароочу мыйзам долбоорун иш-теп чыгууну жана белгиленген тартипте киргизүүнү камсыз кылсын. (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 741 токтомунун редак-циясына ылайык) 3. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте эт, сүт азыктарынынсапатын контролдоону күчөтсүн жана алардын башаламан сатылышына жолбербөө боюнча чараларды көрсүн. 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана Биш-кек, Ош шаарларынын мэриялары "Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сөзсүз аткарылышын камсыз кылышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги стационарлардагыкургак учук менен ооругандардын бир күндүк тамак-ашына жана медикамент-терине чыгымдардын нормативдерин инфляцияны эске алуу менен жыл сайыниндексациялоону жүргүзсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов