Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-августу № 478 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Макаренко атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои атындагы № 18 орто гимназия мектепти Ош шаардык билим берүү башкармасына өткөрүп берүү жөнүндө Мектептерде окуу-методикалык ишти жакшыртуу, окуу процессин уюшту-руунун сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле мугалимдер арасында-гы коомдук ишти Ош шаардык билим берүү башкармасы тарабынан координаци-ялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Макаренко атындагы № 6орто гимназия мектеп жана Навои атындагы № 18 орто гимназия мектеп ма-териалдык-техникалык базалары жана курулуштары менен Ош мамлекеттикуниверситетинин балансынан Ош шаардык билим берүү башкармасынын балан-сына өткөрүлсүн. 2. Макаренко атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои атын-дагы № 18 орто гимназия мектепти каржылоо 2008-жылдын 1-июлунан тартыпреспубликалык бюджеттен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылоогокоторулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-сынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуусунуштарды белгиленген тартипте киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-декабрындагы №850 "Макаренко атындагы № 6 орто гимназия мектепти жана Навои атындагы№ 18 орто гимназия мектепти Ош мамлекеттик университетинин алдындагыорто гимназия мектептерге айлантуу жана ОШМУнун балансына өткөрүү жө-нүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов