Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-августу № 486 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомунун (мынданары - "ЭСК" ААК) акцияларынын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкаруумаксатында, "ЭСК" ААКынын жагымдуулугун жогорулатуу жана универсалдуукоммерциялык банк катары андан ары өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу мененКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "ЭСК" ААКыга 100,0 млн.сомго капиталдаштыруу жүргүзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "ЭСК" ААКынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн 100,0 млн.сом ко-торсун; - "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү кир-гизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тар-типте киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети банктык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,дивиденддер катары "ЭСК" ААКынын пайдасынын 50 процентин Кыргыз Респуб-ликасынын республикалык бюджетине жыл сайын которсун, 50 процентин -"ЭСК" ААКынын уставдык капиталына жиберсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов