Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-сентябры № 487 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылдык округундагы калктуу конуштун аймагын кењейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, КыргызРеспубликасынын турак жай курулушун өнүктүрүү максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавлов-ка айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынынжарандары Валитова Мария Усмановнага жеке менчик укугунда таандык 13,3га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калк-туу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бөлүнүүчү участоктор үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуунукаржылоо маселесин чечсин; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жай-гашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен кам-сыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну; Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопав-ловка айылдык округунун айылынын чегараларын белгиленген тартипте бе-китүүнү. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн, Премьер-министри И.Чудинов