Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-сентябры N 507 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондуна кошумча жер участок берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 32-статьяларынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагыЧоњ-Сары-Ой айылдык округунун аймагында жайгашкан жана мурда бөлүп бе-рилген жер участогунун жанындагы жалпы аянты 11,8 га жерди КурманжанДатка атындагы Кайрымдуулук Фондуна ижара келишими шартында төмөнкүдөймөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. - 49 жылдык мөөнөткө - бак өстүрүү жана Курманжан Датка атындагытарыхый-мемориалдык комплекс куруу үчүн - 7,64 га; - 5 жылдык мөөнөткө - парктык-пляждык зона уюштуруу үчүн - 4,16га. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары" ка-тегориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сырттажайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар мененкамсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: колдонуудагы ченемдерге жана эрежелерге ылайык шаар куруу докумен-ттерин макулдашууну жана бекитүүнү; "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын КурманжанДатка атындагы Кайрымдуулук Фондунун төлөшүн; Курманжан Датка атындагы Кайрымдуулук Фондунун Ысык-Көл облусунунЫсык-Көл районундагы Чоњ-Сары-Ой айыл өкмөтү менен ушул токтомдун1-пунктунда аталган жерлерди ижаралоо жөнүндө келишим түзүүнү. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов