Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 377-б
токтому менен бекитилген Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасы үчүн финансылык стратегияны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кењеш жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасы үчүн финансылыкстратегияны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча координациялык кењеш(мындан ары - Кењеш) Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасын(мындан ары - СКЧ) каржылоонун тармактык саясаты боюнча Улуттук диалог-ду жүргүзүүдө негизги звено болуп саналат. 2. Кењештин курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. 3. Өз ишинде Кењеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-публикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленгентартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды,ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. II. Координациялык кењештин максаттары жана милдеттери 4. Кењештин негизги максаты СКЧнын инфраструктурасына артыкчылык-туу капиталдык салымдарды пландоо жана ишке ашыруу тармагында мамлекет-тик органдардын потенциалын чыњдоо болуп саналат. 5. Кењештин негизги милдети төмөнкү бардык кызыкдар тараптардын:консультанттардын, эл аралык эксперттер топторунун, мамлекеттик орган-дардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле коомчулуктунөкүлчүлүктөрүнүн макулдашылган өз ара аракеттерин уюштуруу болуп сана-лат. III. Кењештин функциялары жана укуктары 6. Кењеш Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасы үчүн фи-нансылык стратегияны даярдоонун жана жүзөгө ашыруунун бардык катышуучу-ларынын ортосунда алардын иштерин макулдашуу жолу менен координациялоо-ну жана өз ара байланышын камсыз кылууну жүргүзөт. 7. Кењеш белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу: - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көзкарандысыз эксперттерди ишке тартууга; - мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигининтүрүнө карабастан көз карандысыз коомдук уюмдардан зарыл болгон маалы-маттарды сурап алууга; - Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасы үчүн финансылыкстратегияны даярдоо жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттикоргандардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөзүнүн заседаниелерине чакырууга жана угууга; - Шаар жана айыл суу түтүк-канализациялык чарбасы үчүн финансылыкстратегияны ийгиликтүү даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик ор-гандардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коомдук уюмдарынын адис-теринин ичинен жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө. IV. Кењештин иштөө тартиби 8. Кењештин заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жо-лудан кем эмес өткөрүлөт. Заседание кењештин төрагасы же анын каалаганүч мүчөсүнүн суроо-талаптары боюнча чакырылышы мүмкүн. 9. Кењештин заседаниесин төрага же ал жок учурда орун басарларынынбири алып барат. Кењештин чечими анын бардык мүчөлөрүнүн 50% дан ашыгыкатышканда укуктуу болуп эсептелет. 10. Кењештин чечими Кењештин курамынын жалпы санынын жөнөкөйкөпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 11. Кењештин заседаниесине протокол жазылат. Протоколдорго төрага-лык кылуучу жана Кењештин заседаниеге катышкан мүчөлөрү кол коюшат. 12. Кењештин ишин (материалдык, уюштуруучулук жана башка) КыргызРеспубликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги камсызкылат. 13. Кењештин чечими сунуш берүүчү мүнөздө болот жана мамлекеттикоргандарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына иштеринде пайдалануу үчүн жиберилет.