Редакцияот 12.09.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 12-сентябры № 513                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын                 борбордук депозитарийин түзүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Президентинин  "2007-2010-жылдарга  өлкөнүөнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгынаылайык, фонд  рыногун эсепке алуу системасын өркүндөтүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын борбордук депозита-рийин (мындан  ары - Борбордук депозитарий), фонд рыногунун эсепке алуусистемасынын түзүүчү  бөлүгү  катары түзүү максатка ылайык деп эсептел-син.     2. Борбордук  депозитарийди түзүүнүн төмөнкүдөй механизми аныктал-сын:     - Борбордук депозитарий юридикалык жак катары, мамлекеттин катышу-усу менен акционердик коом түрүндө түзүү;     - Борбордук депозитарийдин ишмердигин жөнгө  салуу  өзүнчө  мыйзамакты менен жүргүзүү;     - "Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын борбордук депозита-рийи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешине 2009-жылы I кварталынын аягына чейин киргизүү;     - Борбордук депозитарийдин иштеши жогору ишенимдүүлүктө жана тобо-келдиктерди контролдоо,  Борбордук депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнөкатышуучулардын тењ мүмкүнчүлүктөрүнө, анын эгемендүүлүгүнө жана КыргызРеспубликасынын аймагында  депозитардык тармактын бар болушуна негизде-лет;     - Борбордук депозитарийдин милдеттерине баалуу кагаздарга укуктар-дын эсебин  жүргүзүү  жана пакеттерин сактоо функциясы, нумерация атка-руучу агенттигинин  функциясы,  баалуу  кагаздардын  ээлеринин реестринжүргүзүү системасынан  баалуу кагаздардын реестр кармоочуларынан маалы-мат алуу  жана  бул мекеменин ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болгон башкафункциялар кирет;     - баалуу  кагаздар  рыногунун  профессионалдуу  катышуучусу катарыБорбордук депозитарийдин ишмердиги лицензияланууга тийиш;     - Баалуу  кагаздардын  борбордук депозитарийинин менчигинин түзүмүбаалуу кагаздар рыногунун профессионалдуу катышуучуларынын коомунун кы-зыкчылыктарын чагылдырат,  ошондой  эле  Борбордук депозитарийди түзүү,иштөөдө жана  жөнгө салууда мамлекетинин өзгөчө ролун жана жоопкерчили-гин эске алат;     - Баалуу  кагаздардын  борбордук депозитарийин түзүүдө маалыматтыкжана телекоммуникациялык  камсыздоо маселелери биринчи кезекте карашты-рылат.     3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгөсалуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюн-ча мамлекеттик  комитети  "Кыргыз  Республикасындагы Баалуу кагаздардынборбордук депозитарийи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруништеп чыгууда ушул токтомдун 2-пунктунун жоболорун жетекчиликке алсын.     4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына "Кыргыз Республикасында-гы Баалуу  кагаздардын борбордук депозитарийи жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдун 2-пунктунун жобо-лорун жетекчиликке алуу сунушталсын.     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  экономика,  соода,  туризм  жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов