Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 479 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнчаагенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу не-гиздери аныкталат. 2. Агенттик Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозит-терди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, оперативдүү башкарууукугунда уюштуруу. Агенттиктин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн,өз аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөрү бар. Агенттик мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалыкжактын статусуна ээ болот. Агенттик Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттер-ди) коргоо жөнүндө" Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарымукуктар жана милдеттер жүктөлгөн, пайда алуу максатын көздөбөгөн көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат. 3. Агенттиктин негизги милдети болуп Кыргыз Республикасында депо-зиттерди коргоо системасынын ишин камсыз кылуу саналат. Ушул милдетиаткаруучу үчүн Агенттик Депозиттерди коргоо фондусунун активдеринтескөөгө алуу менен "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык гарантиялыкучур келип жеткенде, депозиттердин суммасын жана алар боюнча процент-терди аманатчыларга төлөп берет. 4. Агенттик өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституци-ясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобо-го таянуу менен иш алып барат. 5. Агенттик өз аталышына ээ: мамлекеттик тилде "Кыргыз Республика-сынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги", расмий тилде: "Агентствопо защите депозитов Кыргызской Республики", англис тилинде: "DepositProtection Agency of the Kyrgyz Republic". 6. Агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 б. Агенттик өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын реги-ондорунда өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу. 7. Агенттик өз алдына баланска, Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкында ачылып, тейленүүгө тийиш болгон операциялык эсепке ээ. 8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары Агенттиктин ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелери боюнча ишинекийлигишүүгө укугу жок. 2. Агенттиктин функциялары жана милдеттери 9. Агенттиктин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: - катышуучу - банктардын реестрин жүргүзүү; - аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө тийиш болгон сумма-ларды жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларынынэсебин жүргүзүү; - "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын колдонулушуна таандык кылынган сумманы аманат-чыларга төлөп берүү; - Депозиттерди коргоо фондуна төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептөө жанааларды чогултуу; - төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук төлөнүшүн камсыз кылууга ба-гытталган аракеттерди көрүү; - төлөмдөрдү өз учурунда төлөбөй койгондук үчүн айыптык төлөмдөрдүжана туумдарды белгилөө; - Депозиттерди коргоо фондунун активдерин "Банктык аманаттарды(депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белги-ленген чекте жана тартипте тескөөгө алуу. 3. Агенттиктин ыйгарым укуктары 10. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткарууүчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ченемдик актыларды иштеп чыгуу; - Агенттиктин ишмердигин жүргүзүү үчүн зарыл болгон келишимдердижана контрактыларды түзүү; - зарыл болгон учурда "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленгенмилдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана көз ка-рандысыз эксперттерди ишке тартуу; - Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыжөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мый-замдарда каралган тиешелүү жоопкерчилик чараларын банкка карата колдо-нуу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылуу; - "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген милдеттерди атка-руу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республика-сынын Улуттук банкына кайрылуу; - Банк сунуш кылган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган аймактардажашаган аманатчылар үчүн депозиттерди коргоо системасы жана банктын булсистемага катышуусуна тиешелүү маалыматтарды "Банктык аманаттарды (де-позиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныктал-ган формада жана тартипте жайгаштырууну банктан талап кылуу; - Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жанабанкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, аларга карата мажбурлапжоюу жана банкроттукка чыгаруу жол-жобосу колдонулган банктарда өткөнжыйындарга жана кредиторлор комитеттерине катышуу; - Агенттиктин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 9 жана 10-статьяларындакөрсөтүлгөн милдеттерден, функциялардан жана ыйгарым укуктардан тышка-ры, ишмердикти жүргүзүүгө, юридикалык жактарды түзүүгө же алардын каты-шуучусу болууга, ошондой эле агенттиктин ишин камсыз кылууга байланыш-туу мүлктү эске албаганда, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатыпалууга укугу жок; - Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, башка мамлекеттикоргандарды, юридикалык жактарды жана коомдук уюмдарды, ошондой эле жекеадамдарды кредиттөөгө, аларга кандай формада болбосун финансылык жанафинансылык эмес жардам көрсөтүүгө укугу жок. 4. Агенттиктин башкаруу органдары 11. Агенттиктин башкаруу органы болуп Директорлор кењеши жанаАгенттиктин Аткаруучу директору саналат. 12. Агенттиктин Директорлор кењеши (мындан ары - Директорлоркењеши) Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана ал"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык дайындалган жети мүчөдөн турат: - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучуКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3 өкүлүнөн, анын ичинде Кыргыз Респуб-ликасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин бир өкүлү жанаКыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2 өкүлү (коллегиямүчөсүнүн дењгээлинен төмөн эмес); - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучуКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 3 өкүлүнөн (Кыргыз Республика-сынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн дењгээлинен төмөнэмес); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкынын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банктык иштер жагын-да көз карандысыз эксперттен. 13. Директорлор кењешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негиздежүргүзөт. 14. Директорлор кењешинин төрагасы жана Директорлор кењешининтөрагасынын орун басары Директорлор кењешинин мүчөлөрү тарабынан,жөнөкөй көпчүлүк добуш менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалышат. 15. Директорлор кењешинин төрагасынын орун басары Директорлоркењешинин төрагасынын орду бош турган же ал убактылуу жок болгон учур-да, анын милдетин аткарат. 16. Агенттиктин Директорлор кењешинин компетенциясына түздөн-түзтөмөнкүлөр кирет: - Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча депозиттердикоргоо фондусуна чегерилүүчү календардык жана өзгөчө учурлардагытөлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү; - "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдикактыларды иштеп чыгуу; - Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү; - ишке кабыл алуу шарттарын, эмгек акы системасын, колдоо көрсөтүүжана тартиптик жаза колдонуу чараларын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык Агенттиктин кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттеринаныктоо; - Агенттиктин ички аудит кызматынын ишине жетекчилик жүргүзүү; - Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча гарантиялыкучур келип жеткен шартта, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү; - Агенттиктин Аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялыксаясатты аныктоо, Агенттиктин контр-агенттери боюнча чектөөлөрдү бел-гилөө; - Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетту бе-китүү; - Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү; - Агенттиктин Аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу; - "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу. 17. Директорлор кењеши отурумдарын зарылдыгына жараша бирок, квар-талына бир жолудан кем эмес өткөрүп турат. Директорлор кењешинин жыйы-нында кворум беш мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүнжалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болупкалган шартта, Директорлор кењешинин төрагасынын добушу чечүүчү болупсаналат. 18. Директорлор кењешинин кезексиз чакырылган отурумдары Директор-лор кењешинин төрагасынын же болбосо Директорлор кењешинин төртмүчөсүнүн демилгеси боюнча өткөрүлүшү мүмкүн. 19. Директорлор кењешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын өткөрүпберүүгө укугу жок. 20. Директорлор кењешинин катчысы ар бир жыйында протоколжүргүзөт, ага Директорлор кењешинин отурумга төрагалык кылган мүчөсүжана катчы кол коет. Протоколдо талкууга алынган маселе боюнча кыскачабаяндама жана Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн тиешелүү маселе боюнчаой-пикирлери камтылууга тийиш. 21. Директорлор кењешинин чечими төрага кол койгон токтом түрүндөкабыл алынат. Ар бир маселе боюнча Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүкол койгон ведомость түзүлөт жана ал отурумдан толтурулган протоколдунбөлүгү болуп саналат. 22. Директорлор кењешинин чечими жана протоколдор туруктуу сакта-лууда турат. 5. Агенттиктин Аткаруучу директору 23. Агенттиктин ишине жетекчиликти анын Аткаруучу директору ганажүзөгө ашырат. 24. Агенттиктин Аткаруучу директору жана анын орун басары Агент-тиктин директорлор кењешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти тарабынан дайындалат. 25. Агенттиктин Аткаруучу директору: - Агенттиктин Директорлор кењешинин компетенциясына таандык масе-лелерди эске албаганда, Агенттиктин ишине тиешелүү бардык маселелер бо-юнча чечим кабыл алат; - Агенттиктин күндөлүк иши үчүн жооп берет; - квалификациялуу персоналды жана ишке тартылган эксперттер үчүнжоопкерчиликтүү болот; - Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттарынын пайдаланылышы,ошондой эле Агенттиктин инвестициялык саясатынын жүзөгө ашырылышы жанааткарылышынын натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болот; - бардык сот органдарында, мамлекеттик органдарда жана уюшту-руу-укуктук формасына карабастан башка мекемелерде жана уюмдарда, ошон-дой эле жеке ишкерлер жана жарандарга карата Агенттиктин атынан чыгатжана анын таламын коргойт; - Аткаруучу директордун орун басарлыгына дайындалуучу талапкердиДиректорлор кењешинин кароосуна сунуш кылат жана аны иштен бошотуу ма-селесин коет; - Директорлор кењешинин отурумуна аткаруу органынын өкүлү катарыкатышат; - Агенттиктин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл бол-гон башка милдеттерди, ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 26. Агенттиктин Аткаруучу директору жок болгон учурунда, анын мил-детин орун басары аткарат. 6. Агенттиктин каражаттарын топтоо булактары жана инвестициялык саясаты 27. Агенттиктин операциялык чыгашалары жана ага жүктөлгөн милдет-терди аткарууга байланыштуу келип чыккан башка чыгымдар, Депозиттердикоргоо фондусунун каражаттарынын эсебинен жабылат. Мында, Агенттиктиноперациялык чыгашалары жана башка сарптоолору алгачкы 12 ай ичинде экипроценттен, кийинчерээк Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттарынынбир процентинен ашпоого тийиш. 28. Директорлор кењеши инвестициялык саясатты аныктоо жана Агент-тиктин жайгаштырылып жаткан каражаттарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчи-ликтүү болуп саналат. 29. Агенттик төмөнкү баалуу кагаздарга инвестиция жумшай алат: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же алтарабынан сөзсүз гарантияланган; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган. 7. Агенттиктин отчеттуулугу 30. Агенттик бухгалтердик эсеп эл аралык стандарттарына ылайык ту-руктуу эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт. 31. Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кењеши тарабынан бекити-лет жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: - аудитордук текшерүүдөн өткөн жана бухгалтердик эсептин жана от-четтуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бардык тиешелүүтүшүндүрмөлөрү менен финансылык отчет; - Агенттиктин ишине жана Депозиттерди коргоо фондусунун абалынажүргүзүлгөн талдоо; - Агенттиктин Директорлор кењеши тарабынан аныкталган жана аныноперацияларынын жана иш багытынын шайкеш чечмеленип берилиши үчүн зарылболгон башка отчеттор. 32. Агенттик жыл сайын өз ишине тиешелүү жылдык отчетту КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитетине, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчеттукмезгилден кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен берип турууга ти-йиш. 33. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет, бухгалтер-дик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчет, акча каражаттарынынкыймылы жөнүндө отчетту камтуучу Агенттиктин финансылык очтеттуулукформасы, кайсыл болбосун адамдын биринчи талабы боюнча берилүүгө тийиш. 8. Агенттиктин аудити жана отчетторду жарыялоо 34. Агенттиктин финансылык-чарбалык ишине контролдукту жүзөгө ашы-руу үчүн анын түзүмүндө, Директорлор кењешине отчет берип туруучу, Ичкиаудит кызматы түзүлөт. 35. Агенттиктин жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана тас-тыктоо үчүн анын ишине жыл сайын көзкарандысыз аудит жүргүзүлөт. Булүчүн Директорлор кењеши, финансы жыл бүткөнгө чейин алты ай калганданкечиктирбестен, тендердик негизде көзкарандысыз аудитордук уюмду анык-тайт. 36. Агенттик, аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык, ау-дитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалы-маттарды берүүгө тийиш. 37. Агенттиктин ишине аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кыз-мат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө Агенттиктин операциялык чыгашаларынын эсе-бинен жүргүзүлөт. 38. Агенттик кварталдык негизде жалпыга маалымдоо каражаттарындаөзүнүн финансылык отчетун, Агенттиктин Директорлор кењеши тарабынанбелгиленген жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашылганформада жарыялайт. 39. Агенттик жалпыга маалымдоо каражаттарында жыл сайын КыргызРеспубликасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген формада жылдык от-четко кошулган негизги аналитикалык маалыматтарды жарыялап турушу за-рыл. 40. Агенттик ушул Жобонун 38 жана 39-пункттарында белгиленген маа-лыматтар жарыяланган күндөн кийин беш жумуш күндүн ичинде, жарыялоолор-дун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Кыргыз Республика-сынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.