КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-сентябры № 518
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
не жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган билдирүүсүнө, Кыргыз
Республикасынын Стратегиялык башкаруу боюнча координациялык борборунун
2008-жылдын 11-июлундагы заседаниесинин протоколуна ылайык, корпоратив-
дик баалуу кагаздардын уюштурулган рыногун андан ары өнүктүрүү макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 200 8-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү
менчиктештирүүнүн тиркелген программасы бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүштөрүн Кыр-
гыз фондулук биржасында сатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-сентябрындагы №
382-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-декабрындагы №
461-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-мартындагы №
153-б буйругу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов