Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-сентябры № 519 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарында "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруу жөнүндө Калктын социалдык аялуу катмарларын жеткиликтүү баадагы тамак-ашпродуктулары менен камсыздоо үчүн керектүү шарттарды түзүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Бишкек шаарынын мэриясынын "Кыргыз темир жолу" улуттук компани-ясы" мамлекеттик ишканасынын "Бишкек-1" станциясынын аймагында жалпыаянты 2,6 га "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексин жөнөкөй ше-риктештик (биргелешип иштөө) шартында уюштуруу жөнүндө демилгеси кол-доого алынсын. 2. Бишкек шаарынын мэриясы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы"мамлекеттик ишканасы менен бирдикте: - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ме-нен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык рыноктор дирекциясынын ор-тосунда муниципалдык соода-рынок комплексин уюштуруунун жана жөнөкөйшериктештикке катышуучулар биргелешкен иштен алышчу кирешени бөлүштү-рүүнүн тартибин караштырган келишим түзүлүшүн камсыздасын. 3. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасыбелгиленген тартипте: - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын"Бишкек-1" станциясынын контейнердик аянтынын профилин соода-рынок ком-плексине өзгөртсүн; - "Дыйкан" муниципалдык соода-рынок комплексинин долбоордук-смета-лык документтерин иштеп чыксын, объектти долбоорлоону жана курууну па-раллель жүргүзсүн; - "Дыйкан" соода-рынок комплексин уюштуруу жана иштеши үчүн керек-түү мүлктү, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, пайдаланылбай турганчоњ жана кичине көлөмдүү контейнерлерди жөнөкөй шериктештикке (биргеле-шип иштөөгө) салым катары өткөрүп берсин. 4. "Дыйкан" соода-рынок комплексинин курулушун каржылоо кайтарым-дуулук шартта, жөнөкөй шериктештикке катышуучулардын биргелешкен ишиненалынчу жалпы кирешенин эсебинен ишке ашырылаары жана биринчи кезектеорду толтурулаары белгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттикишканасы менен бирдикте демонтаждалчу жана андан кийин эсептен чыгарыл-чу подъезддик жана крандык жолдордун тизмесин белгиленген тартипте ма-кулдашсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуш-тук-монтаждык иштерди тез аткаруунун зарылдыгын эске алып, "Кыргыз те-мир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Дыйкан" соода-ры-нок комплексинин курулушуна зарыл болгон материалдарды, жумуштарды жанакызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан сатып алуу методу менен алууга урук-сат берсин. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэ-риясы жер участогунун максаттык арналышы өзгөргөнүнө байланыштуу жердиэсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов