КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-сентябры № 526 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Аткаруу бийлигинин органдарында стратегиялык башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 136 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Стратегиялык башкаруу тармагында аткаруу бийлик органдарынын ишинкоординациялоо, ошондой эле стратегиялык башкаруу тармагында КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн чечимдерин кабыл алуунун бирдиктүү жол-жобо-лорун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. "Аткаруу бийлигинин органдарында стратегиялык башкарууну жак-шыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чара-лары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелин-деги № 136 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынСтратегиялык башкаруу боюнча координациялык борбор жөнүндө жободо: 9-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "9. Координациялык борбордун мүчөлөрү заседаниелерге өздөрү каты-шышат. Координациялык борбордун мүчөлөрү себептүү жагдайлар боюнча бол-богон учурда, аларды статс-катчынын же жетекчинин орун басарынын рангы-нан төмөн болбогон кызмат адамдары алмаштыра алышы мүмкүн."; - төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "10-1. Координациялык борбордун заседаниелеринде стратегиялык до-кументтердин долбоорлорун кароо документти киргизген органдын жетекчи-синин катышуусунда гана жүргүзүлөт."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын стратегиялык баш-каруунун заманбап принциптерине өтүүсү боюнча биринчи кезектеги чарала-рынын планында: - 5-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: "стратегиялык документтер үчүн милдеттүү базалык форматтарды жанастандарттарды бекиткенден кийин 3 жума". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов