Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-сентябры № 543 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги N 260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Республикада инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлорго акый-кат, бирдей укуктук режим берүү жана алар Кыргыз Республикасынын эконо-микасына алып келишкен инвестициялардын корголушун гарантиялоо жолу ме-нен инвестициялардын келишине өбөлгө түзүү, ошондой эле "Кыргыз Респуб-ликасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жа-на Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге жана ма-кулдашууларга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагыжерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүнөлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө"
токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 1-пунктундагы "4" деген сан "1" деген санга алмаштырылсын; - 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Ушул токтомдун 1-пункту менен белгиленген коэффициент жердиберүүдө төмөнүрөөк коэффициент белгиленген чет өлкөлүк жактарга каратаколдонулбайт.". 2. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Премьер-министри И.Чудинов