Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-сентябры № 544 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мам-лекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, күй-үүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо кырдаалын жөнгө салуу макса-тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик ыйгарымукуктуу орган болуп аныкталсын: - талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кол-доо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды (мындан ары - КММ) алыпкелүүнү ишке ашыруу боюнча; - талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде аймактык жооптуу сактоочу-ларга КММны жеткирүү боюнча; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары бекиткен разнарядкаларга ылайык, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген баа боюнча накталай эсептешүүменен айылдык товар өндүрүүчүлөргө КММны берүү боюнча. 2. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 30,0 мињ куб. м дизел-дик отун сатып алынаары белгиленсин, анын ичинде: - 15,0 мињ куб.м - жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн; - 15,0 мињ куб.м - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жанакүзгү талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдан баштапжыл сайын: - республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдун2-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдө дизелдик отун сатып алууга каражат ка-расын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке жазгы та-лаа жумуштарын жүргүзүүгө 15,0 мињ куб.м дизелдик отун сатып алуу үчүнфинансы каражатын бөлсүн, мында биринчи партияны сатуудан түшкөн кара-жаттар кийин түшүм жыйноого жана күзгү талаа жумуштарын жүргүзүүгө 15,0мињ куб.м дизелдик отун сатып алууга пайдаланылаары белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигижана облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте үч айлык мөө-нөттө Айылдык товар өндүрүүчүлөргө дизелдик отунду берүү тартиби жөнүн-дө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул токтомгоылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик алып келүүчүКММга "Талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мам-лекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынаылайык бажылык тариздөө жүргүзсүн. 6. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-ги: - айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилүүчү КММны максаттуу пайдала-нууну камсыздашсын: - табигый кырсыктардан жапа чеккен жана артыкчылыктуу шарттардаанклавдарда, чек арага жакын, бийик тоолуу айылдарда жайгашкан район-дордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүшсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инс-титуту, Бишкек сыноо жана сертификациялоо борбору (макулдашуу боюнча),мамлекеттик резервге түшүүчү КММга алардын сапатынын жана коопсуздугу-нун негизги көрсөткүчтөрү боюнча контролдук сыноо жана сертификациялоожүргүзүү үчүн жооптуулар болуп аныкталышсын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов