Сравнение редакций…
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
-ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди
кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын ;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-нистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге өзгөртүү-лөрдү киргизсин.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
3.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары,
Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз
Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн
Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте
өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-на төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: экинчи абзацындагы "ээлеп турган 1699,8 кв.м аянттагы бөлмө-жайларКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүктөгү бөлүмү-нө аныкталган тартипте бекитип берилсин" деген сөздөр алып салынсын. 5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине Ош областынын мурдагы мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин адми-нистрациялык имаратын жана "Кыргызпочтасынын" Оштогу ишканасынын куру-лушу бүтпөгөн 80 квартиралуу турак үйүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому-на толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 12-ноябрындагы № 835 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов