Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 3-октябры № 557 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-апрелиндеги № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурста-рын түзүү жана тейлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин мате-риалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана иштеши үчүн зарыл шарттардытүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-апрелиндеги №320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жа-на технологиялар мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү жана материалдыккамсыздоо фонду жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен беки-тилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигин өнүктүрүү жана материалдыкжактан камсыздоо фонду жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизил-син: - 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын пайдасынан 10 пайызөлчөмүндөгү чегерүүлөрдү"; - 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толуктал-сын: "- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги жана "Инфоком" мамлекеттик иш-канасынын кызматкерлерине ссуда берүүнү". 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтом-го ылайык келтирсин. 3. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому расмий жарыяланганкүндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов