Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-октябры № 570 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2009-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын30-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюн-ча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жокадамдардын иммиграциясынын 2009-жылга сандык чегин белгилөөчү иммигра-циялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын. 2. Ушул токтом менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ошшаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жаран-дардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын 2009-жылга сандыкчегин белгилөөчү иммиграциялык квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин бекитүүсүнө жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ошшаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жаран-дардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын 2009-жылга сандыкчегин белгилөөчү иммиграциялык квотаны Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болупдайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 570 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иммиграциясынын 2009-жылга сандык чегин белгилөөчү ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА -----------------------------------------------------------------------| Региондун аталышы | Саны (адам) ||----------------------------------------|----------------------------||Бишкек шаары | 500 ||----------------------------------------|----------------------------||Ош шаары | 50 ||----------------------------------------|----------------------------||Баткен облусу | 100 ||----------------------------------------|----------------------------||Жалал-Абад облусу | 200 ||----------------------------------------|----------------------------||Ысык-Көл облусу | 30 ||----------------------------------------|----------------------------||Нарын облусу | 15 ||----------------------------------------|----------------------------||Ош облусу | 240 ||----------------------------------------|----------------------------||Талас облусу | 15 ||----------------------------------------|----------------------------||Чүй облусу | 350 ||----------------------------------------|----------------------------||Бардыгы: | 1500 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов