Бишкек ш, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы №429 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлгөн милдеттердин жана функция-лардын аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине мамлекеттик менчиктештирүүфондунан 25,0 (жыйырма беш) млн. сом суммасындагы акча каражатын акысыз негизде комитеттин чыгымдарын жабууга.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы №429 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитети менен бирдикте республикалык бюджеттен КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитетин каржылоо маселеси боюнча эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Атамбаев