Бишкек ш, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлгөн милдеттердин жана функция-лардын аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине мамлекеттик менчиктештирүүфондунан 10,0 (он) млн. сом суммасындагы акча каражатын бир жылдык мөөнөттө комиссиялык жыйымдын эсебинен кайтарыпберүү шартында кызматкерлерге эмгек акы төлөө жана КыргызРеспубликасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча чыгым-дарды жабууга пайдаланууга уруксат берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитети менен бирдикте республикалык бюджеттен КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитетин каржылоо маселеси боюнча эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Атамбаев