Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-октябры № 594
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
5-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин Жазык-аткаруу системасынын органдары
менен мекемелеринин тартиптик уставын бекитүү
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жа-
на мекемелеринин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын өркүндөтүү максатында,
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун
органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат
өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 464
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу системасы-
нын органдары менен мекемелеринин тартиптик уставын бекитүү жөнүндө"
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин тартиптик ус-
тавына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Начальник (командир) кол алдындагылардын жеке сапаттарын билүүгө,
алардын ортосундагы уставдык мамилени сактоого, жамаатты чыњдоого, баш-
каруудагылардын тартип бузууларынын себебин өз учурунда аныктоого жана
алдын алууга, тартип бузуучуларга кечиримсиз мамиле кылууга өзгөчө
көњүл бурууга тийиш. Мында ал жамааттын коомдук таасир берүүчү күчүн
кењири пайдаланууга милдеттүү.";
- 8-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 17-пунктта:
3) пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ведомстволук ардактуу төш белгилер жана медалдар менен сый-
лоо;";
4-пунктчанын экинчи абзацындагы "мамлекеттик сыйлыктарга" деген
сөздөр "мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарга" деген сөздөргө алмашты-
рылсын;
- 18-пунктта:
экинчи абзацындагы 7) пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ээлеген кызматынан бошотуу:
- жазык-аткаруу системасынын кадрынын карамагында калтыруу менен;
- жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу.";
үчүнчү абзацтагы 7) пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ээлеген кызматынан бошотуу:
- жазык-аткаруу системасынын кадрынын карамагында калтыруу менен;
- жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу.";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) ээлеген кызматынан бошотуу:
- жазык-аткаруу системасынын кадрынын карамагында калтыруу менен;
- жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу.";
- 24-пункт "андан катуураак жаза бере" деген сөздөрдөн кийин "же
негизсиз берилген жаза катары аны жокко чыгара" деген сөздөр менен то-
лукталсын;
- 25-пунктта "жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу" де-
ген сөздөр "ээлеген кызматынан бошотуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Баалуу белек же акчалай сыйлык менен сыйлоо жазык-аткаруу систе-
масынын органдарынын жана мекемелеринин бардык кызматкерлерине карата
колдонулат.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Тартиптик жазаны алып салуу укугу ошол жазаны берген начальникке
(командирге), ошондой эле жогору турган начальникке таандык.";
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Кызматтык тартип бузууларды коомдук талкуулоо максатында кыз-
маткерлердин жоруктары начальниктин (командирдин) чечими боюнча жалпы
чогулуштарда, офицердик курамдын абийир сотунда жана катардагы жана
кенже курамдын абийир сотунда каралышы мүмкүн.";
- 37-пункттун үчүнчү абзацы "кароолдо" деген сөздөн кийин "кароол-
дук" деген сөз менен, "нөөмөттө" деген сөздөн кийин "кароолдо" деген
сөз менен толукталсын;
- алтынчы глава төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толуктал-
сын:
"47-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда ка-
ралбаган тартиптик жаза чараларын колдонууга тыюу салынат.";
51-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Сунушту, рапортту, даттанууну кароодо начальниктин, (командирдин)
же аны кароого катышкан башка адамдын кызматкердин жеке турмушу жөнүндө
маалыматтарды анын макулдугусуз ачыкка чыгарышына жол берилбейт.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уставдын тиркемесинде:
3-пункттун "Тартиптик (дисциплинардык) жаза берүү боюнча" деген
графасында:
"сөгүш" деген сөздөн кийин ", катуу сөгүш" деген сөздөр менен то-
лукталсын;
"жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу" деген сөздөр
"ээлеген кызматынан бошотуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттун "Тартиптик (дисциплинардык) жаза берүү боюнча" деген
графасында "жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу жөнүндө"
деген сөздөр "ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын;
5-пункттун "Тартиптик (дисциплинардык) жаза берүү боюнча" деген
графасында "жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу" деген
сөздөр "ээлеген кызматынан бошотуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттун "Тартиптик (дисципинардык) жаза берүү боюнча" деген
графасында "жазык-аткаруу системасынын органдарынан бошотуу" деген
сөздөр "ээлеген кызматынан бошотуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
Тиркеменин эскертүүсүндө "ички иштер органдарынын" деген сөздөр
"жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин" деген
сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин
ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов