Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-октябры № 600 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2009-жылга карата статистикалык иштердин планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө"
Мыйзамынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: 2009-жылга карата статистикалык иштердин
планы (мын-дан ары - План) бекитилсин. 2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чар-бакер субъекттердин жетекчилери: тийиштүү мамлекеттик статистика органдарына статистикалык жанабашка маалыматтарды ушул
Планда каралган мөөнөттөрдө беришсин; Кыргыз Республикасындагы техникалык-экономикалык жана социалдыкмаалыматтарды классификациялоонун жана колдоонун бирдиктүү системасыныннегизинде ведомстволук малыматтык базалар Кыргыз Республикасынын Улут-тук статистика комитетинин маалымат базасы менен информациялык жактаншайкеш болушун камсыздашсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Статистикалык иштер-дин планын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Кыр-гыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана2009-2011-жылдарга экономикалык прогнозу жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамында каралган каражаттарынын чегинде каржыласын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов