КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-ноябры № 615 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам
долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө Бул Мыйзамдын максаты автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү тездетүү,жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү жана шартын жакшыртуу, жол чарбасы-на инвестицияларды тартуу болуп эсептелет. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында акы төлөмө автомобиль жолдорункурууда, пайдаланууда жана реконструкциялоодо жаралган жарандык-укуктукжана административдик-укуктук мамилелерди жөнгө салат. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөмө автомобильжолдорун түзүүнүн укуктук негиздерин аныктайт, жањы автомобиль жолдорункурууну жана пайдалануудагыларын акы төлөмө негизге өткөрүүнү уюштуруутартибин, акы төлөмө автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражаттар-дын жүрүүсү үчүн жыйымдарды алуу тартибин аныктайт. 1-берене. Кыргыз Республикасынын акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндөгүмыйзамдары ушул Мыйзамдан, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынан жана ага ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республика-сынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Мыйзамда белгиленгентартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелгенэл аралык макулдашуулардан жана келишимдерден турат. Бул Мыйзам акы төлөмө автомобиль жолдорунун бардык пайдалануучула-рына тиешелүү. Стандарттардын, курулуш жана техникалык нормалардын талаптары, акытөлөмө автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана пайдалануу эрежелерименчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабай жол иштеринжүргүзүүчү бардык жеке жана юридикалык жактардын аткарышы үчүн мил-деттүү. 2-берене. Негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдала-нылат: акы төлөмө автомобиль жолу - акы төлөмө негизде пайдаланылуучу ав-томобиль жолу; акы төлөмө автомобиль жолунун ээси - акы төлөмө автомобиль жолункармоо жана оњдоо иштерин жүзөгө ашырган мамлекеттик орган же макулда-шуунун (келишимдин) негизинде автомобиль жолу берилген инвестор; акы төлөмө автомобиль жолун пайдалануучу - акы төлөмө автомобильжолун пайдалануучу юридикалык же жеке жак; автомобиль жолун куруу - жолду жањы багыт боюнча куруу; автомобиль жолун реконструкциялоо - жолдун планын жана профилинөзгөртүү, колдонулуудагы жолдун категориясын көтөрүү менен жолдун бе-тин, топурак кыртышын жана жол боюндагы курулмаларды толук кайра жасоо; автомобиль жолун реабилитациялоо - планды жана узата профилди жа-рым жартылай өзгөртүү менен жолду калыбына келтирүү, колдонулуудагыжолдун категориясын жогорулатпай туруп жолдун бетин, топурак кыртышынжана жол боюндагы курулмаларын кайра жасоо; автомобиль жолун капиталдык ремонттоо - колдонулуудагы жолдун ка-тегориясын жогорулатпай туруп жолдун эскирген конструкциясын алмаштырууменен жолдун бетин, топурак кыртышын жана жол боюндагы курулмаларды ка-лыбына келтирүү жана колдонулушун жакшыртуу боюнча иштердин комплекси; автомобиль жолун кармоо - жолду, жол боюндагы курулмаларды жанабөлүү тилкесин күтүү боюнча, дайыма пайда болуучу майда бузулуулардыналдын алуу жана оњдоо боюнча, жол коопсуздугун уюштуруу жана камсыздообоюнча бүткүл жолго жыл бою аткарылуучу иштердин комплекси; жолдорду кышында кароо - кыш мезгилинде жолдорду кар күрткүлөрдөн,муздардан жана кар көчкүлөрдөн коргоо, жолду кардан тазалоо, кышындатайгак болушунун алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чаралар. 3-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга коюлуучу талаптар Акы төлөмө автомобиль жолдору коюлган параметрлеринин жана жайгаш-тырылышынын дењгээли боюнча Кыргыз Республикасында колдонулуучу эл ара-лык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна коюлуучу стан-дарттардын, техникалык жана жаратылышты коргоо боюнча жазмакөрсөтмөлөрдүн талаптарына дал келиши зарыл. Бардык акы төлөмө автомобиль жолдорунда автотранспорт каражаттарынөтө аз убакыт кармоочу, жыйымдарды алуу үчүн контролдук-өткөрмө пунк-ттар каралышы керек. Пайдалануу стадиясында жана макулдашуунун (келишимдин) мөөнөтүаяктаганда акы төлөмө автомобиль жолунун транспорттук-пайдалануу абалы-на жана анын стандарттардын, техникалык нормалардын жана нормативдикдокументтердин талаптарына дал келишин көзөмөлдөө автомобиль жолдорункуруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелерин жүргүзгөн мамлекеттик ор-ган тарабынан ишке ашырылат. Акы төлөмө автомобиль жолунун транспорттук-пайдалануу абалын баа-лоонун мезгилдүүлүгү жол кыймылынын коопсуздук маселесин жүргүзүүчүмамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча автомобиль жолдорун куруу,ремонттоо жана пайдалануу маселелерин жүргүзгөн мамлекеттик орган тара-бынан белгиленет. 4-берене. Акы төлөмө автомобиль жолун түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу Жањы автомобиль жолун куруу жана учурда жалпы пайдаланууда колдо-нулуп жаткан автомобиль жолун акы төлөмө негизге которуу жөнүндөгү че-чимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине ылайык мамлекеттикоргандын, юридикалык жана жеке жактардын сунушу менен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү кабыл алат. Автомобиль жолун куруу, оњдоо, реабилитациялоо же реконструкциялооиштери мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылганучурда, акы төлөөнү киргизүү жөнүндө чечим аны куруунун, оњдоонун, реа-билитациялоонун жана реконструкциялоонун каалаган этабында кабыл алы-нат. Автомобиль жолун куруу, оњдоо, реабилитациялоо же реконструкциялооиштери макулдашуунун (келишимдин) негизинде аткарылган учурда, акытөлөөнү киргизүү жөнүндө чечим макулдашуу (келишим) түзүлгөн учурданкечиктирилбей кабыл алынышы керек. Акы төлөмө автомобиль жолун түзүү жөнүндөгү чечимде төмөнкүлөркөрсөтүлүшү керек: - автомобиль жолунун башталгыч жана акыркы пункттары; - автомобиль жолу кесип өтүүчү калктуу конуштардын тизмеси; - автомобиль жолунун башка автомобиль жолдору менен болгон кеси-лишүү жана кошулуу тизмеси; - автомобиль жолунун узундугу жана техникалык мүнөздөмөсү; - альтернативдүү акысыз жол жүрүүнүн маршруту, негизги техникалыкмүнөздөмөлөрү, узундугу, эгерде ушундайлар макулдашуунун (келишимдин)шарты боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынса; - акы төлөмө автомобиль жолун пайдалануунун мөөнөтү. 5-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо, реабилитациялоо, реконструкциялоо жана пайдалануу чөйрөсүндө автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары Акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо, реабилитациялоо,реконструкциялоо жана пайдалануу чөйрөсүндө автомобиль жолдорун куруу,ремонттоо жана пайдалануу маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдынкомпетенциясына төмөнкү ыйгарым укуктар кирет: - акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо, реабилитация-лоо, реконструкциялоо жана пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты иш-ке ашыруу; - акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо, реконструкция-лоо, реабилитациялоо же пайдалануудагы автомобиль жолдорун акы төлөмөнегизге өткөрүү, же автомобиль жолдорун акы төлөмө негизде пайдалануунутоктотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимининдолбоорун даярдоо; - акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу өткөндүгү үчүн алынуучужыйымдардын чектик көлөмүн эсептөө методикасын аныктоо; - акысыз жүрүүгө уруксат берилген транспорт каражаттарынын түрлө-рүн жана тизмесин аныктоо; - акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануу шартын жана тартибинжөнгө сала турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдик укуктукактыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу; - акы төлөмө автомобиль жолдорунун абалын жана алардын жол кыймы-лынын коопсуздук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик көзөмөлдөө; - акы төлөмө автомобиль жолун куруу, ремонттоо, реконструкциялоо,реабилитациялоо жана аны андан ары пайдалануу жөнүндө макулдашуу (кели-шим) долбоорун даярдоо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча тендер өткөрүүжана акы төлөмө автомобиль жолун куруу, ремонттоо, реконструкциялоо,реабилитациялоо жана аны андан ары пайдалануу жөнүндө макулдашуу (кели-шим) түзүү; - акы төлөмө автомобиль жолдорун мамлекеттик каттоо; - ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык акы төлөмө автомобиль жолдо-ру аркылуу өткөндүгү үчүн алынуучу жыйымдардын көлөмүн аныктоо; - акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо үчүнжер участкаларын резервге калтыруу же алуу маселелерин, анын ичинде са-тып алуу жолу менен, тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте карапчыгуу жана чечүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомобиль жолдорункуруу, ремонттоо жана пайдалануу боюнча маселелерди тескөөчү мамлекет-тик органдын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктар. 6-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун куруунун, реабилитациялоонун, реконструкциялоонун жана пайдалануунун укуктук негиздери Акы төлөмө автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жанапайдаланууга байланыштуу мамилелерге жалпы пайдалануудагы автомобильжолдорун куруу, реабилитациялоо, реконструкциялоо жана пайдалануу мененбайланыштуу мамилелерди жөнгө салуучу нормалар, техникалык жөнгө салуу,жол кыймылынын коопсуздугу, жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарынынталаптары колдонулат. Акы төлөмө автомобиль жолдоруна ээлик кылуу, пайдалануу жанатескөө менен байланыштуу мамилелер, кыймылсыз мүлк объекти катары Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Акы төлөмө автомобиль жолдору: - мамлекеттик менчикте болот; - автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелеринтейлөөчү мамлекеттик орган менен бул автомобиль жолун курууну, ремонт-тоону, реабилитациялоону, реконструкциялоону ишке ашырган субъекттинортосунда түзүлгөн макулдашуунун (келишимдин) негизинде инвестордун,анын ичинде чет өлкөлүк инвестордун оперативдүү башкаруусуна берилишимүмкүн. Кыргыз Республикасындагы бардык акы төлөмө автомобиль жолдорунунаталыштары жана индекси (шарттуу белгиси) болушу керек. Акы төлөмө автомобиль жолдоруна аталыштарды жана индексти берүүжана акы төлөмө автомобиль жолдорун мамлекеттик эсепке алуу тартиби ав-томобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелерин тейлегенмамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан белгиленет. 7-берене. Альтернативалуу акысыз жүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан акы төлөмө автомобиль жол-дорун түзүү жөнүндө чечим кабыл алууда акы төлөмө автомобиль жолдоруменен бириктирилген калктуу конуштардын ортосундагы жалпы пайдаланууда-гы автомобиль жолдорунун колдолунуп жаткан тармагы боюнча пайдалануучу-ларды акысыз жүрүүлөр менен камсыздоо каралышы мүмкүн. Альтернативалуу акысыз жүрүүчү жолдун узундугу акы төлөмө автомо-биль жолунун узундугунан үч эседен ашпаш керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча акы төлөмө көпүрө-лөргө, тоннелдерге, жол өткөргүчтөргө жана альтернативалуу акысыз жүрүүаралыгына башка талаптар белгилениши мүмкүн. Альтернативалуу акысыз жүрүү акы төлөмө автомобиль жолун куруу,реабилитациялоо, реконструкциялоо жана капиталдык ремонт учурунда бери-лиши мүмкүн. 8-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун курууну, реконструкциялоону, реабилитациялоону жана капиталдык ремонттоону каржылоо Жањы акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу жана андан ары акытөлөмө негизде аларды пайдалануу максатында учурдагы автомобиль жолдо-рун ремонттоо жана реконструкциялоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшүмүмкүн: - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражатынын эсе-бинен; - инвесторлордун каражаттарынын эсебинен. 9-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө макулдашуулардын (келишимдердин) өзгөчөлүктөрү Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө макулдашуулар (келишимдер)жана акы төлөмө автомобиль жолдорунун жер участкаларын ижаралоо жөнүндөкелишимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте түзүлөт. Акы төлөмө автомобиль жолдору жөнүндө макулдашууда (келишимде),жолду пайдалануу процессинде кыймылдын курамы жана интенсивдүүлүгү бо-юнча макулдашууда (келишимде) белгиленген көрсөткүчтөр жетишсиз болсо,бул макулдашууга (келишимге) кол койгон субъекттин, кирешеден ашкан чы-гымдардын бөлүгүн өзүнө алуу боюнча милдеттенмеси белгиленет. Көрсөтүлгөн чыгымдарды ишке ашыруу шарты жана тартиби макулдашуу(келишим) менен аныкталат. Кыргыз Республикасы макулдашууга (келишимге) кол койгон субъекткеакы төлөмө автомобиль жолуна ээлик кылуу жана пайдалануу укуктарын бе-рет, өзүнө тескөө укугун алат. Макулдашууга (келишимге) кол койгон субъект, эгерде макулдашууда(келишимде) башкача каралбаса, акы төлөмө автомобиль жолун тейлөөгө жа-на пайдаланууга керектүү кыймылсыз мүлктөрдү сатууга, башка жактын мен-чигине ажыратууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, салым (пай) катарытөгүүгө, башка ыкмалар менен тескөөгө укугу жок. Макулдашуунун (келишимдин) долбоору мамлекеттик каттоодон өткөнгөчейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн Мамлекеттик комиссияөткөрүүчү комплекстүү экспертизадан милдеттүү түрдө өтүүсү зарыл. Мамлекеттик комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан бекитилет. Макулдашуунун (келишимдин) шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аныничинде макулдашуунун (келишимдин) мөөнөтүн узартуу тараптардын макулду-гу боюнча ишке ашырылат. Макулдашуунун (келишимдин) мөөнөтү бүткөндөн кийин акы төлөмө ав-томобиль жолу мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет. 10-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун түзүүдө жер мамилелерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү Макулдашууда (келишимде) андан ары акы төлөмө негизде аларды пай-далануу максаты менен акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, болгон ав-томобиль жолдорун реконструкциялоо жана ремонттоо үчүн жер участкаларынбөлүүгө жана даярдоого өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда инвес-тор тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби жана жер участкаларынсатып алуу үчүн зарыл болгон башка аракеттер чагылдырылышы керек. Акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу үчүн инвесторго берилген жеручасткаларына ижара акысынын өлчөмү, болгон автомобиль жолдорун анданары акы төлөмө негизде аларды пайдалануу максатында ремонттоо жана ре-конструкциялоо макулдашуу (келишим) менен аныкталат жана аталган жеручасткаларына белгиленген жер салыгынын ставкасынын өлчөмүн көбөйтүүгөболбойт. 11-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун куруу, реабилитациялоо, реконструкциялоо, ремонттоо жана пайдаланууга кабыл алуу Акы төлөмө автомобиль жолдорду куруу, реабилитациялоо, реконструк-циялоо жана ремонттоо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну,реабилитациялоону, реконструкциялоону жана ремонттоону жөнгө салуучумыйзамдардын жалпы талаптарына ылайык ишке ашырылат. Эгерде акы төлөмө автомобиль жолун куруу, жалпы пайдалануудагы ав-томобиль жолдорун акы төлөмө негизде реабилитациялоо, реконструкциялоожана ремонттоо иштери андан ары инвестордун каражатын тартуу менен ишкеашырылса, анда акы төлөмө автомобиль жолун куруу, реабилитациялоо, ре-конструкциялоо жана ремонттоо боюнча мамилелер да инвестор менентүзүлгөн макулдашуу (келишим) менен жөнгө салынат. Пайдаланууга жол-курулуш жана ремонттоо иштери, жолду жасалга-лап-жайгаштыруу боюнча иштер толук аяктаган акы төлөмө автомобиль жолукабыл алынат. Акы төлөмө автомобиль жолун пайдаланууга кабыл алуу тартиби куру-луш жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын ченемдик укуктук акты-лары менен аныкталат. Курулуш, реабилитация, реконструкция жана ремонт иштери бүткөнобъекттерди комиссиянын оњ чечимисиз пайдаланууга кабыл алууга жол бе-рилбейт. 12-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануу Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануу, бул ишти баштоодо ин-весторлордун каражаттары тартылбаган учурда гана автомобиль жолдорункуруу, ремонттоо жана пайдалануу боюнча маселелерди тескеген мамлекет-тик орган тарабынан ишке ашырылат. Мында, ушул мамлекеттик органга акытөлөмө автомобиль жолдору боюнча автотранспорт каражаттары жүргөндүгүүчүн жыйымдарды алуу жана акы төлөмө автомобиль жолдорун кармоо укугуберилиши керек. Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануу инвестор тарабынан акытөлөмө автомобиль жолдорун түзүүгө тиешелүү макулдашуунун (келишимдин)негизинде ишке ашырылат. Мында, инвесторго акы төлөмө автомобиль жолдо-ру боюнча автотранспорт каражаттары жүргөндүгү үчүн жыйымдарды алуу жа-на акы төлөмө автомобиль жолун кармоо укугу берилиши керек. 13-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануучунун укугу жана милдети Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануучу акы төлөмө автомобильжолдору боюнча акы төлөө менен жүрөт. Акы келишим түзүү менен ишке ашы-рылат, ал жол жүрүү акысы жөнүндө документ менен ырасталат. Мындай ке-лишим ачык келишим болуп эсептелет. Акы төлөмө автомобиль жолдорунда жүрүүнү уюштуруу боюнча кызматкөрсөтүү эрежеси жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбекитилет. 14-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу жол жүрүү акысы Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу автотранспорт каражаттарынынжүрүүсү үчүн жыйымдардын өлчөмүн эсептөөнүн бирдиктүү методикасы КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Бирдиктүү методика акытөлөмө автомобиль жолдору аркылуу жүргөндүгү үчүн жыйымдардын өлчөмүнэсептөө тартибин транспорт каражатынын түрүнө жана жеткирүү пунктуначейинки аралыкка жараша белгилейт. Автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу боюнча теске-ген мамлекеттик орган бирдиктүү методиканын негизинде транспорт каража-тынын түрүнө жана жеткирүү пунктуна чейинки аралыкка жараша акы төлөмөавтомобиль жолдору аркылуу автотранспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жы-йымдардын эњ чоњ өлчөмүн белгилейт. Акы төлөмө автомобиль жолдорунун ээси же инвестор акы төлөмө авто-мобиль жолу аркылуу жүрүүгө жыйымдардын өлчөмүн белгилейт, ал автомо-биль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелерин тескөөчүмамлекеттик орган тарабынан белгиленген, акы төлөмө автомобиль жолдоруаркылуу автотранспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жыйымдарынын эњ чоњөлчөмүнөн ашпоого тийиш. 15-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу автотранспорт каражаттарын жүргөндүгү үчүн жыйымдан бошотуу Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу автотранспорт каражаттарынынжүргөндүгү үчүн жыйымдан бошотуу Кыргыз Республикасынын аймагында жеболбосо анын аймагынын, акы төлөмө автомобиль жолдору жайгашкан бел-гилүү бир бөлүгүнө аскердик же өзгөчө кырдаалдар киргизилген учурда га-на каралат. Кыргыз Республикасынын аймагындагы аскердик аракеттердин шартта-рында бардык акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдалануу Кыргыз Республи-касынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы тарабынан бекитилген мо-билизациялоо планына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдын жана аскердикаракеттердин шартында жолду пайдалангандыгы үчүн акы төлөмө автомобильжолдорунун ээсине компенсация төлөөнүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 16-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу акысыз жүрүү Акы төлөмө автомобиль жолдору аркылуу акысыз жүрүү тартиби жанашарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. 17-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдаланууну жокко чыгаруу жана токтотуу Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдаланууну токтотуу жөнүндө чечимавтомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана пайдалануу маселелеринтескөөчү мамлекеттик органдын сунушу боюнча, эгерде автомобиль жолдорункуруу жана ремонттоо инвесторлордун каражаттары тартылбастан жүргүзүлсөаны куруунун, ремонттоонун жана пайдалануунун каалаган этабында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Автомобиль жолдорун куруу жана ремонттоо инвестор менен болгон ма-кулдашуунун (келишимдин) негизинде ишке ашырылган учурда автомобиль жо-лун акы төлөмө негизде пайдаланууну токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүучурларда кабыл алынышы мүмкүн: - инвестор менен макулдашуу боюнча; - макулдашуунун (келишимдин) мөөнөтү аяктаганда. Акы төлөмө автомобиль жолдорун пайдаланууну белгилүү мөөнөткө че-йин токтото туруу иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте согуштук абал, өзгөчө кырдаал киргизилген учурда, ошондой элежаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралганучурда ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай учурда акы төлөмө негиздеги авто-мобиль жолдорун пайдаланууну белгилүү мезгилге токтотуу жөнүндө чечимдиКыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган жагдайлар келип чыккан учурдантартып үч сутканын ичинде кабыл алат жана алардын колдонулуу мөөнөтүнөнашпаган мөөнөттүн ичинде жарактуу болот. 18-берене. Акы төлөмө автомобиль жолдорун түзүүгө инвестиция берген инвесторлорго кепилдиктер Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөмө автомобиль жолдорунтүзүүгө инвестиция берген жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Респуб-ликасы акыйкаттуу, толук жана туруктуу коргоого кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чет өлкөлүк инвес-торлор үчүн кепилдиктер Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөмө ав-томобиль жолдорун түзүүгө инвестиция берген чет өлкөлүк инвесторлоргожайылтылат. 19-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү Бул Мыйзам расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө ки-рет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык кел-тирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти