Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-ноябры № 617
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү
кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы
№ 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кээ бир категориядагы кызматкер-
лердин эмгек акысынын шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын
шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-янва-
рындагы № 22 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизил-
син:
аталган токтомго № 1 тиркемеде:
- 3-пункттагы "секретарь-машинистканын, стенографисттин, диктофон
кызматынын машинисткасынын" деген сөздөр "секретарь-машинистканын, сте-
нографисттин, диктофон кызматынын машинисткасынын, телефонисттин жана
лаборанттын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-5-пункттар менен толукталсын:
"4. Башкы бухгалтерлердин кызмат маянасы сектор башчынын дењгээ-
линде, ал эми бир эле мезгилде ведомстволук мекемелердин эсеби жана от-
четтуулугу менен иштеген башкы бухгалтерлердики - башкарманын курамын-
дагы бөлүм башчынын (начальниктин) дењгээлинде белгиленет.
5. Кассирлердин кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын дењгээ-
линде белгиленет.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эм-
гек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов