КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-ноябры № 623 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу" Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына жана "КыргызРеспубликасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу" КыргызРеспубликасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министриаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караганучурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугу" Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти Бул Жалпы техникалык регламент (мындан ары - Регламент) "КыргызРеспубликасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жер бетиндегитранспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин (мындан ары -жер бетиндеги транспорт каражаттары) коопсуздугуна карата коюлуучу ми-нималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын техникалыкрегламенттеринин талаптарын жер бетиндеги транспорт каражаттарынын ко-опсуздугу жагындагы практикага жана эл аралык талаптарга максималдуушайкеш келишин камсыз кылуу максатын көздөйт. 1-статья. Колдонуу чөйрөсү Бул Регламент коргонуу максатында пайдалануу үчүн арналган же мам-лекеттик сырды түзүүчү объекттерге таандык жер бетиндеги транспорт ка-ражаттарынан, ошондой эле жер бетиндеги транспорт каражаттары КыргызРеспубликасынын аймагы аркылуу транзит менен ташып өткөрүлгөн учурлар-дан тышкары ушул Регламенттин 2-статьясында көрсөтүлгөн жана КыргызРеспубликасынын аймагында чыгарылган, киргизилген же пайдаланган жербетиндеги транспорт каражаттарына карата колдонулат. 2-статья. Пайдалануучу терминдер Арыздануучу - жеке же юридикалык жак, анын арызы боюнча шайкештик-ти баалоо иштери аткарылат. Конструкцияны өзгөртүү - ар түрдүү техникалык же эксплуатациялыкмүнөздөмөнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү жер бетиндеги транспорт каражатта-рынын конструкциясынын өзгөрүшү. Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын категориялары: - l категориясы - эки же үч дөњгөлөктүү мотору бар жер бетиндегитранспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер); - М категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчү кеминдетөрт дөњгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, жер бетиндегитранспорт каражаттары; - N категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчү кеминдетөрт дөњгөлөктүү жана жүк ташууга арналган жер бетиндеги механикалыктранспорт каражаттары; - О категориясы - чиркегичтер жана жарым чиркегичтер; - атайын багыттагы жер бетиндеги транспорт каражаттары - атайынкомпановкалоону же жабдууну талап кылуучу атайын функцияларды аткарууүчүн арналган М, N же О категориясындагы жер бетиндеги транспорт кара-жаттары; - Т категориясы - күч установкасы менен кыймылга келүүчүдөњгөлөктүү же гусеницалуу, кеминде 2 огу бар, алардын иштеши негизиненсүйрөткүч кубаттуулугунан көз каранды жана чиркеп жетелөө, түртүү, та-шуу же кандайдыр бир орнотмону же жабдууну, машиналарды же чиркегичтер-ди кыймылга келтирүү үчүн арналган айыл же токой чарбада пайдаланууүчүн багытталган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай трак-торлор жүк жана адамдарды ташууга ыњгайлаштырылышы мүмкүн; - G категориясы - М жана N категориясындагы жол тандабай жүрүүчүжер бетиндеги транспорт каражаттары. Компонент - запас тетиктерди кошкондо жер бетиндеги транспорт ка-ражаттарынын корпусуна, анын конструкциясына ылайык орнотулган кандайболбосун агрегат, бөлүк же жабдык. Типти жактыруу - түзүүчү мамлекеттин же учурга жараша даярдоочумамлекеттин сертификат берүү боюнча орган тарабынан берилген конструк-цияга карата жер бетиндеги транспорт каражатынын тибинин жана анынконструкциясынын белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоо. Аккредитациялоо боюнча орган - аккредитациялоону өткөрүүчү ыйгарымукуктуу орган. Таануу - шайкештикти баалоо башка мамлекет тарабынан жүргүзүлгөнжыйынтыкты туура деп табуу. Каттоо жөнүндө күбөлүк - жер бетиндеги транспорт каражаты укуктукорган менен катталганын билдирген документ. Техникалык кароо - транспорт каражатынын кароо, анын техникалыкдокументтерин текшерүү, жана зарыл учурларда ушул жер бетиндеги транс-порт каражатынын текшерүү жана/же сыноо аркылуу, техникалык регламент-тердин талаптарына шайкештиги, анын ичинде техникалык регламенттин та-лаптарында белгиленген анын комплекттелишин же тиешелүү жабдыктар, до-кументтер жана коопсуздук каражаттар менен камсыздалгандыгын белгилөөчүжол-жобо. Утилдештирүү - жер бетиндеги транспорт каражатын башка багыты бо-юнча пайдалануу, кайра иштетүү, жок кылуу, көмүү же аны колдонуумүмкүнчүлүгү четтетилген же анын конструкциясында аныкталган багыты бо-юнча пайдалануудан тышкары, аны кандай болбосун максаттарда коопсузпайдаланышын камсыз кылган учурдагы абалга келтирүү. 3-статья. Жалпы талаптар Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын коопсуздугунун жалпы талап-тарына төмөнкүлөр кирет: - жер бетиндеги транспорт каражатынын дөњгөлөк жана шина конструк-циялары, токтотуу системасы, ошондой эле башкаруу системасы, жолдун жа-на анын катмарынын абалынын эсептик параметрлеринде кыймылдын эсептикылдамдыгында аны пайдаланууда жер бетиндеги транспорт каражатынын ток-тошун же жүрүү ылдамдыгын азайышын ушундай белгиге чейин жана жүрүүнүнмындай өзгөрүшү кайсы бир башка объект менен кагылыш мүмкүндүгү четте-тилген, ал эми кагылыш болсо техникалык регламентте белгиленген кооп-суздуктун минималдуу дењгээли камсыздалат; - жер бетиндеги ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык пер-соналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отур-гучтардын жана коопсуздук курунун конструкциясы, эшиктердин конструкци-ясы, саны жана жайгашкан орду, авариялык куткаруучу каражаттар жанажабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, корго-нуу жана өмүрдү сактоо каражаттары, ошондой эле анда колдонуу үчүн ка-ралган авариялык жол-жоболор, анын башка бир объекти менен кагылышканучурда, авария же авариялык кырдаалда техникалык регламентте белгилен-ген коопсуздуктун минималдуу дењгээлин, ошондой эле авария болгондо тезарада анын ичинен адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз-дайт; - жер бетиндеги транспорт каражатынын өрткө каршы системасы техни-калык регламентте белгиленген тез аранын ичинде анда пайда болгон өрттүөчүрүүнү камсыздайт; - жер бетиндеги транспорт каражатындагы эксплуатациялык персонал-дын кабинасынын конструкциясы баардык тараптар боюнча сырткы мейкиндик-тин баяндамасын камсыздайт; - жер бетиндеги транспорт каражатынын электрдик, күйүүчү, гидрав-ликалык, пневматикалык, газдык же ар түрдүү башка системалары талкалан-ган же бузулган учурда жер бетиндеги ушул транспорт каражатынын кооп-суздугу сакталат; - жер бетиндеги транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чуу жанакыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын курамы техникалык регламенттинталаптарында белгиленген чектерде табылат; - жер бетиндеги транспорт каражаты тиешелүү системалар же жабдуутыштан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын терс таасиринен жербетиндеги ушул транспорт каражатынын системасын же жабдуусун коргоо,ошондой эле андан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын жер бе-тиндеги башка транспорт каражатынын же өзүнүн иштеши үчүн электр-маг-ниттик сигналды пайдалануучу башка ар түрдүү объектинин иштешине терстаасирин четтетүү үчүн түзүлөт же жабдылат; - жер бетиндеги транспорт каражаттарынын маалыматты контролдоочуже чагылдыруучу же берүүчү системасы сырткы энергия же сигналдын мүмкүнболуучу таасиринен алардын нормалдуу иштешинин бузулушуна же баш тарт-поосуна коргоо салынган; - жер бетиндеги транспорт каражатынын өмүр сактоочу системасы экс-плуатациялык персоналдын кабинасында жана салонунда же жүргүнчүлөр үчүнотсекте абанын эксплуатациялык персоналдын жана жүргүнчүлөрдүн нормал-дуу физиологиялык абалын сактоочу параметрлерин камсыздайт, мында жербетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоо жана андаболуу камсыздалат; - жер бетиндеги транспорт каражаты техникалык регламентте белги-ленген коопсуздуктун минималдуу дењгээлин камсыздоочу жарыктандыруу жа-на угулуучу жана көрүнүүчү сигнализациянын бардык каражаттары мененжабдылган; - жер бетиндеги транспорт каражаты укуксуз пайдаланууга каршы ор-нотмо, система жана/же каражат менен жабдылган; - жер бетиндеги транспорт каражатынын көлөмү аны эксплуатациялоодожол коопсуздугуна коркунуч туудурбайт; - жер бетиндеги транспорт каражатынын сырткы көрүнүшү, көлөмү,башкаруу органдарынын жана маалымат чагылдыруу каражатынын жайгашканорду жана түзүлүшү маалымат чагылдыруу каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүнтуура окулушун камсыздайт жана жер бетиндеги транспорт каражатын экс-плуатациялоодо коопсуздукка коркунучтун келип чыгышы мүмкүн болуучуэксплуатациялык персоналды башкаруудан алаксытуу мүмкүнчүлүгүн четте-тет. - жер бетиндеги транспорт каражатынын конструкциясында колдонулуу-чу материалдар күйгөн же башка заттардын же буюмдардын аларга болгонмеханикалык же химиялык таасиринде айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна жанажер бетиндеги ушул транспорт каражатындагы адамдардын өмүрүнө же денсоолугуна коркунучун тийгизбейт. 4-статья. Маалыматка болгон талаптар 1. Жер бетиндеги ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабды-лат же төмөнкүлөрү болот: - жер бетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоонужана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нус-кама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер жемаалымат; - тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгаш-кан жер бетиндеги ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жа-на идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химия-лык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасыболуш керек; - каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштырганбашка документ; - тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жер бетинде-ги ушул транспорт каражатынын шайкештик сертификатын атайын талаптаргаалмаштыруучу шайкештик сертификаты же башка документ. 2. Жер бетиндеги транспорт каражатынын өзүнчө алып келинген ар биркомпоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот: - эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалыктейлөөсү, бул компонент орнотулган жер бетиндеги транспорт каражатынынболгон эксплуатациялык жана техникалык документтерде эскертилбеген бол-со, жер бетиндеги ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоонужана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нус-кама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер жемаалымат; - тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жер бетинде-ги ушул транспорт каражатынын шайкештик сертификатын атайын талаптаргаалмаштыруучу шайкештик сертификаты же башка документ. Мурун катталбаган же тибин жактыруу же Кыргыз Республикасында ти-бин жактырууну таануу жол-жобосу ага карата жүргүзүлбөгөн жер бетиндегитранспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына алгач ташып келүүдөжер бетиндеги транспорт каражатынын ушул тибин ташып келүүчү адам жеберүүчү сертификациялоо боюнча органга жер бетиндеги транспорт каража-тынын ушул тибин иштеп чыгаруучу мамлекеттин же учурга жараша даярдоочумамлекеттин берилген тибин жактыруунун көчүрмөсүн берет. Тибин жактыруужөнүндө берилген документи, кайра ошондой типтеги жер бетиндеги транс-порт каражатын кийин алып келүүдө талап кылынбайт. Жер бетиндеги транспорт каражатына жана алардын компоненттеринеэксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкер-чилик жер бетиндеги ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштепчыгуучуга же даярдоочуларга жүктөлөт. Алып келинүүчү жер бетиндеги транспорт каражатынын жана анын ком-поненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу,алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жер бетиндеги ушултранспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт. 5-статья. Техникалык тейлөөгө жана ремонтко болгон талаптар Жер бетиндеги транспорт каражатын техникалык тейлөө же оњдоо жербетиндеги ушул транспорт каражатын иштеп чыгаруучунун жана/же учургажараша даярдоочунун документтерине ылайык жана техникалык регламенттебелгиленген талаптарга анын шайкештигин камсыздагыдай жүргүзүлөт. 6-статья. Утилдештирүүгө карата талаптар 1. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын утилдештирүү ал процесстинжана анын кесепеттеринин адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондойэле айлана чөйрөнүн абалынын коопсуздугун камсыздоочу утилдештирүүнүнжол-жоболорунун белгиленген техникалык регламентине ылайык утилдештирүүбоюнча ишкана же уюм тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 2. Жер бетиндеги транспорт каражатын утилдештирүү төмөнкү методдорбоюнча жүргүзүлөт: - иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу караган башка максатта жер бе-тиндеги транспорт каражаты пайдаланылышы мүмкүн болгон шартта жер бе-тиндеги транспорт каражатынын багытын өзгөртүү менен башка максаттапайдалануу; - кайра иштеп чыгуу, анын натыйжасы энергия, сырье жана/же башкаматериалдарды алуу болуп эсептелет; - иштеп чыгуучу жана/же жасоочу тарабынан каралган жер бетиндегитранспорт каражатынын касиетин жана белгисин жоюу; - жер бетиндеги транспорт каражатына атайын жасалбаган же уруксатберилбеген жагдай алынган жана таштандыларды көмүү жери кайсы бир башкамаксаттарда колдонулган же айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна кор-кунуч же тоскоолдук кылбаган таштандыларды көмүү. 3. Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын таштандыларын көмүү ар-кылуу утилдештирүүгө башка жол менен аны утилдештирүүнүн мүмкүн эмес жемаксатка ылайык эмес болгон учурда жол берилет. Радио активдүү, адам жеайлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка заттарже буюмдарды камтыган жер бетиндеги транспорт каражаттарынын таштанды-ларын көмүү, чирип жок болуу жана реакцияга кирүү продуктуларынын ат-мосферага болгон таасирин четтеткен, бул үчүн атайын багытталган жанадаярдалган жерде жүргүзүлөт. 4. Жер бетиндеги транспорт каражатынын таштандыларын утилдеш-тирүүнүн алдында аны утилдештирүү процессинде жарылуунун, өрт чыгуунун,радиоактивдүү нурлануу, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же корку-нучтуу, химиялык же башка продуктулардын, ошондой эле ар түрдүү ушулсыяктуу коркунучтун пайда болушунун алдын алуучу тиешелүү даярдыккөрүүчү иштер аткарылат. Бул максаттарга кеминде төмөнкүлөр зарыл бо-лот: - жер бетиндеги транспорт каражаттарын бардык энергия же азыктан-дыруу булактарынан өчүрүү, анын ичинде компонеттердин конструкциясынажараша чыњалуу бар болгон жерде жер бетиндеги транспорт каражатынынкомпонеттеринен калдык чыњалууну жоюу; - жер бетиндеги транспорт каражатында бар болуучу өзү жүргөн те-тиктерин алып салуу; - жер бетиндеги транспорт каражаттарынын курамындагы жарылуучу жа-на жењил өрттөнүүчү тетиктерди же заттарды алып салуу; - адам дем алганда жана жаратылышка терс таасирин тийгизген буула-нуучу заттарды жана учуучу абалга келүүчү заттарды жана материалдардыалып салуу; - жер бетиндеги транспорт каражаттарынын системасындагы басымдыайлана-чөйрөнүн же утилдештирүү жүргүзүлүп жаткан чөйрөнүн басымынакелтирүү. - жер бетиндеги транспорт каражатынын кайсы бир тетигиндеги темпе-ратурасын коопсуздук температурасына жеткирүү. 5. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын утилдештирүү, ошондой элеутилдештирүүдө пайда болгон таштандыларды иштетүү тартиби, мындай ишчаралардын жана алардын кесепетинин коопсуздугун камсыздоочу техникалыкрегламентте белгиленген жол-жоболорго, ошондой эле айлана-чөйрөнү кор-гоо жана/же өндүрүш калдыктарын иштетүү жана утилдештирүүнү жөнгө салу-учу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылат. 7-статья. Атайы талаптар Бул Регламентте көрсөтүлбөгөн жер бетиндеги транспорт каражаттары-на болгон керектүү атайы талаптар же коопсуздук параметрлер, ушул Рег-ламентке ылайык түзүлгөн атайын техникалык регламентте эскерилет. Мын-дай регламенттердин тизмеси төмөнкүлөргө карата талаптар менен чекте-лет: - бул Регламенттин 2-статьясына ылайык жер бетиндеги транспорт ка-ражаттарына; - бул Регламенттин 3-статьясына көрсөтүлгөн системаларга, жабдык-тарга, жол-жоболорго жана талаптарга. 8-статья. Шайкештикти баалоо Шайкештикти баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүргүзүлөт: - милдеттүү сертификация; - тибин жактыруу; - каттоо; - техникалык кароо; - мамлекеттик көзөмөл. Техникалык регламенттин белгиленген талаптарына жер бетиндегитранспорт каражатынын шайкештиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте кабыл алынган сертификаттоо боюнча орган берген жешайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталат. Бир эле типтеги транспорт каражатынын партиясынын шайкештигин баа-лоого суроо-талап келип түшкөн учурда шайкештикти баалоо боюнча органжер бетиндеги транспорт каражаттарынын ушул партиядагы тандап алынганэкземплярынын шайкештигин баалоо иштерин жүргүзөт. Жер бетиндеги транспорт каражатынын тибин жана анын конструкциясытехникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкештигин аныктоотүзүүчү мамлекеттин же учурга жараша даярдоочу мамлекеттин сертификатберүү боюнча органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайкештикти баалоону аткаруу макса-тында техникалык текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү аткарууга тиешелүүтехникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредит-телген уюмга ыйгарым укук берет. Жер бетиндеги транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берил-ген типти жактыруу же шайкештик сертификаты, мындай жактырууну же шай-кештик сертификатты берүүгө талаптар Кыргыз Республикасынын техникалыкрегламенттеринин белгиленген талаптарына ылайык келген шартында ганаКыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн. Өндүрүүчү ал чыгарган жер бетиндеги ар бир транспорт каражатынынконструкциясынын бекитилген тибине шайкештигин камсыздоо жана аны тас-тыктоо үчүн жооптуу болот. Бул жободо шайкештикти текшерүү боюнча ор-гандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандапалынма текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптар-ды өндүрүүчү сактап келе жаткандыгын, ал эми жер бетиндеги транспорткаражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да шайкеш келерин тас-тыктап алуу укугу алынбайт. Шайкештикти баалоо боюнча орган шайкештикти баалоого арыз келиптүшкөн күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде, шайкештикти баалоожол-жоболорун өткөрөт жана анын жыйынтыгы боюнча арыз ээсине билдирет.Эгер шайкештикти баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынса, шайкештиктибаалоо боюнча орган ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө мындай кошумчаубакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет. Сертификаттоо боюнча орган, алар менен берилген, токтотулган жанажокко чыгарылган тибин же бул типти жактыруу жөнүндө документтин, жербетиндеги транспорт каражатынын тизмесин ушул айдын ичинде чыгарат. Жер бетиндеги транспорт каражатынын тибинин конструкциясынөзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, даярдоочу жеуюм шайкештикти баалоо боюнча органга жањы тибин жактырууга же мурдажактырылган тибине кошумча арыз берет. Жер бетиндеги транспорт каражатынын өзгөртүүлөр жөнүндө баардыкмаалыматтары жер бетиндеги бул транспорт каражатын каттоо жөнүндөкүбөлүгүнө киргизилет. Сертификаттоого катышкан жана коммерциялык сыр болуп жарыяланганмаалымат берилген ар бир адам, ушул коммерциялык сырды сактоонунсүйлөшүлгөн шарттарын карманууну камсыздайт. 9-статья. Каттоо Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана экс-плуатациялануучу жер бетиндеги бардык транспорт каражаттары Кыргыз Рес-публикасынын жер бетиндеги транспорт каражатынын тиешелүү реестриндемамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, буга Кыргыз Республикасында аймагыаркылуу мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен өтүү кир-бейт. Кыргыз Республикасында жер бетиндеги транспорт каражаттарын каттооже эсепке алуу Кыргыз Республикасында жер бетиндеги транспорт каражат-тарын каттоо боюнча функциясы жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган-га жүктөлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүк жер бетиндеги транспорт каражаттар тууралуутөмөнкү маалыматтарды камтыйт: - тиби, маркасы/модели; - иштеп чыгаруучу же/жана өндүрүүчү; - чыгарылган датасы; - сериялык номери же башка идентификациялык белгиси; - негизги конструктивдик же эксплуатациялык маалыматтары; - техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйын-тыктары жөнүндө башка белги); - каттоо датасы; - каттоо органы; - каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги); - эксплуатант/ээси (аты-жөнү/уюмдун аталышы). Жер бетиндеги ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндөкүбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер ал утилдештирилгенденкийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органгаээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгилен-ген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоожөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Бул пунктта аталгандокументтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү,эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүүжол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. 10-статья. Техникалык текшерүү 1. Жер бетиндеги транспорт каражаттарын техникалык текшерүүлөртөмөнкү мөөнөттө жана учурларда жүргүзүлөт: - жер бетиндеги баардык транспорт каражаттары - Кыргыз Республика-сында жер бетиндеги ушул транспорт каражатын каттоодо, жана тиешелүүтүрдө ушул пункттун 3 жана 4-абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттө; - жылына 1 (бир) жолу кооптуу жүк ташуучу М жана N категориясында-гы жер бетиндеги транспорт каражаттары; - ушул пункттун үчүнчү абзацына кирбеген жер бетиндеги баардыкбашка транспорт каражаттары - 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу. Жер бетиндеги транспорт каражаттарынын техникалык текшерүүлөрүтехникалык регламенттин белгиленген талаптарына ылайык тиешелүү ыйгарымукуктуу орган же уюм тарабынан аткарылат. Ушул Регламентте каралган техникалык текшерүүлөрдү өткөрүүгө жооп-керчилик жер бетиндеги ушул транспорт каражатын эксплуатациялоодо экс-плуатантка жүктөлөт. 11-статья. Кайталоочу текшерүүлөрдү өткөрбөө Шайкештикти текшерүүдө жер бетиндеги транспорт каражаттарынын па-раметрлеринин бири бирин текшерүүгө жол берилбейт, эгер: - мындай текшерүүлөр сертификаттоодо, тибин жактырууда, каттоодоже техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө; - бул Регламентте каралган кезектеги текшерүү мөөнөтү текшерүү ке-ле элек болсо; - мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конк-реттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонулса. Тибин жактыруу берилген учурда жер бетиндеги транспорт каражатта-рынын тибинин шайкештигин баалоо ушул Мыйзамдын 3-статьясында жана4-статьясынын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөнталаптарга карата жүргүзүлөт. Каттоодо жер бетиндеги транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоотөмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн талаптарга карата жүргүзүлөт: - 3-статьянын жетинчи абзацында - жер бетиндеги транспорт каража-тынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын дењгээли техникалык регла-ментте белгиленген талаптарга шайкеш келишине карата; - 4-статьянын 1-пунктунда. Бул тиешелүү техникалык регламентте каралган сертификатоодо жербетиндеги транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо 3-статьянын же-тинчи абзацында - жер бетиндеги транспорт каражатынын кыймылдаткычынанчыккан зыян заттардын дењгээли техникалык регламентте белгиленген та-лаптарга шайкеш келишине карата жүргүзүлөт. Техникалык текшерүүлөрдө жер бетиндеги транспорт каражаттарыныншайкештигин баалоо төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн талаптарга каратажүргүзүлөт: - 3-статьянын экинчи абзацында - техникалык регламенттин белгилен-ген талаптарына ылайык дөњгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу систе-масынын, башкаруу системасынын оњ болушуна жана жарактуулугуна карата; - 3-статьянын үчүнчү абзацында - жер бетиндеги ушул транспорт ка-ражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун жежүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшик-тердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жанакооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо ка-ражаттары, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жобо-лор техникалык регламенттин белгиленген талаптарына ылайык жана/же тех-никалык оњ абалынын болушуна карата; - 3-статьянын төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, онунчу, он биринчи, онэкинчи, он төртүнчү абзацтарында - бул пункттарда көрсөтүлгөн система-лардын туруктуу иштешине карата; - 4-статьянын 1-пунктунда - бул пункттун талаптарын аткарууга ка-рата. 12-статья. Көзөмөл Көзөмөлдүн максаты техникалык регламенттердин талаптарынын аткары-лышын камсыздоо болуп эсептелет. Ушул Регламенттин талаптарын сактоо үчүн көзөмөлдөөнү жер бетинде-ги транспорт каражаттарынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ат-карат. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана укуктары Кыргыз Рес-публикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 13-статья. Регламентти бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, мындай жер бетинде-ги транспорт каражатынын ээсинин, эксплуатантынын, иштеп чыгуучунун,даярдоочунун, сатуучунун, берүүчүнүн же ага карата кайсы бир башка жак-тын жоопкерчилиги ушул Регламент, ошондой эле башка мыйзамдар жанаушундай учурда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук ак-тылары менен жөнгө салынат. Типти жактыруучунун ээси: - жер бетиндеги транспорт каражаттарынын бекитилген типке шайкеш-тиги үчүн ички контроль системасынын бар болушун камсыз кылат; - ар бир транспорт каражаттарынын бекитилген типке шайкештигинтекшерүү үчүн зарыл болгон контролдоочу жабдууларга кирүүмүмкүнчүлүгүнө ээ; - сыноолордун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды каттоону жана берил-ген тиркелген документтердин 10 жылдын ичинде сакталышын камсыздайт; - өнөр жай өндүрүшүнүн шарттарында жол берилүүчү четтөөлөрдү эскеалуу менен жер бетиндеги транспорт каражаттарынын туруктуумүнөздөмөлөрүн текшерүү жана камсыздоо максатында өткөрүлгөн сыноонунар бир тибинин жыйынтыктарын талдайт. 14-статья. Корутунду жоболор Бул Регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жана жер бетин-деги транспорт каражаттарынын коопсуздугун жөнгө салуучу Кыргыз Респуб-ликасынын баардык ченемдик укуктук актылары, ушул Регламенттин талапта-рына каршылык кылбаган учурда колдонулат, ал эми эгерде ушул Регламент-тин талаптарына каршылык кылса, ушул Регламент күчүнө кирген күндөнбаштап 12 (он эки) айдын ичинде кайра кароого же жоюлууга тийиш. Бул Регламент жарыялангандан күндөн тартып 18 (он сегиз) айөткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул Регламенттин 4-статьясынын 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, бешинчиабзацтары жана 2-пункту 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти