Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 621
токтому менен бекитилген Консультациялык курулуш кењеши жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1.1. Консультациялык курулуш кењеши (мындан ары - Кењеш) КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-лекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкурулуш), ошондой эле кызыкдарминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомс-тволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын жана башка уюмдардын бизнес-шериктештик мененкурулуш маселелери, аны өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды жана жагымдууинвестициялык чөйрө түзүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү экономикалык өсүштемптерине таасир этүүчү маселелерди чечүү, анын ичинде администрация-лык тоскоолдуктарды четтетүү, лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболоруноптималдаштыруу жана Кењештин талкуусуна коюлуучу маселелерди ыкчамчечүү боюнча кызматташтыгын жана биргелешкен аракетин камсыздоо макса-тында түзүлгөн консультациялык-кењешүүчү орган болуп саналат. Кењеш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын жана бизнес-шериктештиктин өкүлдөрүнөн турат. Кењештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 1.2. Кењеш ишкердик субъекттери менен мамлекеттик органдардын ор-тосунда натыйжалуу кайтарымдык байланышты түзүп, актуалдуу маселелердичечүүгө мүмкүндүк берет жана аларды четтетүү боюнча биргелешкен иштикоординациялайт. 1.3. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдорун, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын,ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 2. Кењештин милдеттери 2.1. Кењештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - курулуш чөйрөлөрүн реформалоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү масе-лелерди кароо, курулушту өнүктүрүү жана ыњгайлуу инвестициялык чөйрөүчүн жагымдуу шарттарды түзүү, администрациялык тоскоолдуктарды чет-тетүү жана лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу; - курулуш чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча мамле-кеттик бийлик органдарынын жана бизнес-шериктештиктин биргелешкен иш-тиктүү сунуштарын жана чечимдерин иштеп чыгуу; - курулуш чөйрөсүн реформалоо жана аны ишке ашыруу боюнча кабылалынган чечимдер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө коомчулукка жанамамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражат-тары аркылуу кабарлоо. 2.2. Кењеш өз милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - тиешелүү нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленгентартипте сунуш киргизүүгө; - министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдикведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардан жана башка уюмдардан Кењештин заседани-елеринде кароого материалдарды даярдоо үчүн зарыл документтерди жанамаалыматтарды сурап алууга; - кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-ративдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн,бизнес-шериктештиктин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнКењештин заседаниесине белгиленген тартипте чакырууга; - курулуш чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча аналитикалык жанабашка маалыматтык материалдар менен документтерди даярдоого. 3. Кењештин укуктары жана милдеттери 3.1. Кењештин мүчөлөрүнүн иштери коомдук негизде ишке ашырылат. 3.2. Кењештин мүчөлөрү: - Кењештин заседаниелерине катышат, каралуучу маселелерди талкуу-лоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат; - Кењештин заседаниесине материалдарды даярдайт жана Кењештин сек-ретариатына өз учурунда берет; - Кењештин чечимдерин аткарууга ар тараптан көмөктөшөт; - Кењештин сунушталган чечиминен айырмаланса, талкуулануучу масе-лелер боюнча өзүнүн аргументтелген (негизделген) пикирин жазуу түрүндөкиргизет; - эгерде маселелер шашылыш мүнөздө болсо жана Кењеште токтоосузкароону талап кылса, кароого пландан тышкаркы маселелерди киргизет. 4. Кењештин иши 4.1. Кењештин иши кезектеги жана кезектен тышкаркы заседаниелердиөткөрүү аркылуу ишке ашырат. Кењештин заседаниеси ага чечүүчү добуш берүү укугуна ээ болгонКењештин жалпы курамынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу болупэсептелет. 4.2. Кењештин кезектеги заседаниеси эки айда кеминде бир жолуөткөрүлөт. 4.3. Кезектен тышкаркы заседание заседаниеге чейин кеминде 5 жу-мушчу күн мурда кабыл алынуучу Кењештин төрагасынын чечиминин негизиндешашылыш маселелер боюнча өткөрүлөт. 4.4. Кењештин заседаниелеринде Кењештин мүчөлөрүнүн докладдары,тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой элекөз карандысыз эксперттердин чыгып сүйлөгөн сөздөрү угулат. 4.5. Кењеш заседаниенин күн тартибинин каралган маселелеринин жы-йынтыктары боюнча чечим кабыл алат. Кењештин добуш берүүгө укуктуумүчөлөрүнүн добуштары тењ болуп калган учурда Кењештин төрагалык кылуу-чусу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. 4.6. Кењештин чечими протокол менен таризделип, ага Кењештин төра-гасы же анын орун басары кол коет. 5. Кењештин ишин камсыздоо 5.1. Кењештин ишин уюштуруучулук, методикалык жактан камсыздоонуМамкурулуш ишке ашырат. 5.2. Кењештин мүчөлөрү болуп саналган бизнес-коомдоштуктунөкүлдөрү Кењештин ишмердигин уюштуруучулук жактан камсыздоого көмөккөрсөтүшөт.