Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө ЖОБО (2009-жылдын 3-июнундагы №347
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүнжаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тар-тиби жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында жаны-барлар жана өсүмдүк дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүнакы төлөнүүнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына жа-на жаратылыш пайдаланууга акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктукактыларга ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасында жаныбарларжана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин (токойлордон тышкары)пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартибин белгилейт. 2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринпайдалануу үчүн акы жаратылыш ресурстарынын пайдалануучулары болуп са-налган юридикалык жана жеке жактардан айлана-чөйрөнү коргоо тармагында-гы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынат. II. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун тартиби 1. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринпайдалануу үчүн акы "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүкдүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөнүүнүн ставка-лары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында белгиленген ставкалар-дын өлчөмүндө жүргүзүлөт. 2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринпайдалануу үчүн белгиленген акы алууга негиз айлана-чөйрөнү коргоо жанатокой чарбасы жагындагы атайын ыйгарым укуктуу орган берген уруксат жа-на жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иш жүзүндө колдо-нуу жөнүндө маалымат болуп саналат. 3. Ањчылык турларын өткөрүүдө чет өлкөлүк жарандар тарабынан алы-нуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акытөмөнкүдөй эки этапта ишке ашырылат: - жапайы жаныбарларды кармоого уруксат алууда пайдалануунун бүткүлуруксат берилген көлөмү үчүн белгиленген ставканын 5 пайыз өлчөмүндө
Кошулган сумма жаратылышты пайдалануучуга кайтарылып берилбейт; - иш жүзүндө атып алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери үчүн акы-
нын белгиленген ставкасынын калган 95 пайыз өлчөмүндөгү суммасы, атып
алынган жапайы жаныбарларды (олжону) тышка алып чыгууга уруксат алууда,
аларды атып алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен төлөнөт.
(2009-жылдын 3-июнундагы №347
токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерининбашка түрлөрүн пайдаланууда жаратылыш пайдалануучулар тиешелүү уруксатдокументин алууда пайдалануунун бүткүл уруксат берилген көлөмү үчүнбелгиленген акыны толук көлөмүндө (кайтарымсыз) төгүп беришет. 5. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринпайдалануу үчүн акы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жер-гиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 1992-жылдын 21-июлундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагыN 263 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктинЖаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фон-дунун эсебине түшөт. III. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акыны колдонуунун тартиби 1. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринпайдалануу үчүн алынган акча каражаты жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүйнөсүнүн объекттерин эсепке алуу, алардын абалына мониторинг жүргүзүүжана санын (сапатын) өзгөртүү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүнобъекттерине илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды коргоо жана көбөйтүү,зыяндуу жана коркунучтуу жаныбарлардын санын жөнгө салуу, материал-дык-техникалык базаны чыњдоо жана жаратылышты пайдалануу жагындагы мам-лекеттик башкаруу органдарынын ишмердигине байланыштуу башка чыгымдарбоюнча иштерди каржылоого жумшалат. 2. Ушул бөлүмдүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Чет
өлкөлүк ањчылар менен ањчылык турларды өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн
жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акынын суммасы төмөнкүдөй
түрдө бөлүштүрүлөт: - 20 пайыз аймагында чет өлкөлүк ањчылар үчүн ањчылык турларыөткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүүбюджеттерине которулат; - 35 пайыз иштелип чыккан пландарга жана сметаларга ылайык жаратылышресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча (биотехникалык иш-чаралардыжүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын жана башкалардын санын жөнгө салуу) иш-терди тењ каржылоо максатында ањчылык турлары бүткөн күндөн тартып экиайдан кечиктирилбестен ањчылыкты пайдалануучуларга кайтарылып берилет; - 30 пайыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турганчөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин алдын-дагы Ањчылык көзөмөлү жана ањчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу де-партаментинин ишмердигине байланышкан башка чыгымдарга жана материал-дык-техникалык базасын чыњдоого, алар тарабынан биотехникалык иш-чара-ларды жүргүзүүгө жана зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салууга жумша-лат; - 15 пайыз жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Жараты-лышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фондунункарамагында калат.
3. Аңчылыкты пайдалануучулардын чет өлкөлүк аңчылар менен турларды
өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн
акынын суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 65 пайызы жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча иш өн-
дүрүшүнө (биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын жана
башкалардын санын жөнгө салуу) жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо-
го, ошондой эле мамлекеттик аңчылык чарбалардын ишине байланыштуу башка
сарптоолорго жумшоо үчүн мамлекеттик аңчылыкты пайдалануучулардын тескөө-
сүндө калат;
- 20 пайызы аймагында чет өлкөлүк аңчылар үчүн аңчылык турлар өткөрүл-
гөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетине Жа-
ратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фонду ар-
кылуу жиберилет;
- 15 пайызы (жапайы жаныбарларды атып алууга уруксат алууда 5 пайыз
өлчөмүндө алдын ала төлөнгөн сумманы эске алуу менен) жаратылышты коргоо
иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын
өнүктүрүүнүн республикалык фондунун карамагында калат.
(2009-жылдын 3-июнундагы №347 токтомунун редакциясына ылайык)