Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 2-октябрындагы № 554
токтому менен бекитилген Атаандаштыкты чектөөчү, бааларды (тарифтерди), белгилөө (колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, тыюу боюнча ЭРЕЖЕ I. Жалпы жоболор 1. Атаандаштыкты чектеген бааларды (тарифтерди) белгилөө (колдоо)боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу , тыюу бо-юнча эреже (мындан ары - Эреже) "Монополиялык иш-аракетти чектөө, ата-андаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйза-мына жана мамлекеттик монополияга каршы органдын ишин жөнгө салган Кыр-гыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын негизинде иште-лип чыкты. Бул Эреже атаандаштыкты чектеген бааларды (тарифтерди) белгилөө(колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу,тыюу үчүн жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынсактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылууга багытталган. Бул Эреже менен белгиленген нормалар уюштуруучулук-укуктук жанаменчик формасына карабастан бардык чарбакер субъекттердин жана аткаруубийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу мененболгон мамилелерге таркатылат. 2. Менчик формасына жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабас-тан чарбакер субъекттер, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары менен макулдашууларды (макулдашылган иш аракеттерин)түзүүдө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоогомамлекеттик көзөмөлдү мамлекеттик монополияга каршы ыйгарым укуктуу ор-ган ишке ашырат. 3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча ишти кароо үчүн не-гиз болуп юридикалык жана жеке тараптардын, аткаруу бийлик жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары эсептелинет. Мамлекет-тик монополияга каршы орган жеке өзүнүн демилгеси боюнча, ошону мененбирге жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча арзандатууларды,үстөктөрдү, көтөрүлгөн бааларды (тарифтерди) коюу (колдоо) боюнча ма-кулдашууларды (макулдашылган иш аракеттерди) табуу боюнча ишти кароонукозгоого укуктуу. 4. Аймактык органга үстөктөрдү (кошумча төлөм), арзандатууларды,бааларды (тарифтерди) коюу (колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашыл-ган иш-аракеттерди) түзүүдөгү иш боюнча арыздануулар менен кайрылганучурларда, аймактык орган материалдарды кароо үчүн мамлекеттик монопо-лияга каршы органдын борбордук аппаратына жөнөтөт. II. Баалардын макулдашуулардын (макулдашылган аракеттердин) формалары 5. Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаан-даштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндөгү" Мыйзамына (мындан ары - Мый-зам) ылайык макулдашуулардын (макулдашылган аракеттердин) формаларыаныкталган , аларда өзүнүн жыйынтыгы менен атаандаштыкты чектеген, чек-төөгө боло турган жана аны колдонуунун объектилери болгон: горизантал-дуу жана вертикалдуу макулдашуулар. 6. Чарбакер субъекттердин ортосундагы горизанталдуу макулдашууларбирикмелерге кирүүнү же аларды түзүүнү (жашоо), бардык формадагы макул-дашууларды (макулдашылган иш аракеттерди) түзүүнү жана ишке ашырууну(чарбакер субъекттер ортосунда) биргелешип иштөөнү же башка координаци-ялык иштерди, эгерде мурун максаты же жыйынтыгы (мүмкүн өзүнүн жыйынты-гында) бааларды (тарифтерди) жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же арзан-датуу, сактоо, үстөктөр (кошумча төлөм) кошумча көтөрүү, анын ичиндеаукциондордо жана соодада божомолдойт. Макулдашуунун аталган түрү ашыкча жогору же ашыкча төмөн баалардыколдоого багытталган. Биринчи кезекте макулдашуунун максаты адатта, ке-ректөөчүнүн эсебинен кошумча киреше алуу болуп саналат. Экинчи кезектечарбакер субъекттердин ортосундагы сүйлөшүүлөр жањы чарбакер субъект-тердин базарга кирүүсүн чектөөгө багытталган. Белгилүү бир убакыттыничинде ашыкча төмөн бааларды коюу жана сактоо базарга жањы чарбакерсубъекттердин кирүү мүмкүнчүлүгү учурунда ишке ашырылат жана жањы чар-бакер субъекттердин пайда болуу коркунучун четтетүүдөн кийин аяктайт.Төмөндөтүлгөн бааларга байланыштуу жоготуулар, алардын кийинки өсүшүменен толукталат. Алар базар бийлигин бардыгы макул болгон жана атаан-даштыкка каршы максатта пайдаланылган чечимдер аркылуу алышат. Мындайабалдар горизанталдуу чектөөлөрдүн (макулдашуулардын, макулдашылганаракеттердин) же картелдердин болуусу менен байланышкан. 7. Горизанталдуу макулдашуулар атаандаш-фирмалар өздөрүнүн юриди-калык өз алдынчалуулугун сактоо менен, өз алдынча жүрүм-турумдарды ма-кулдашып, бир сатуучу катары бирдей иш жүргөн учурда болуусу мүмкүн. Мындай типтеги көмүскө сүйлөшүүлөр керектөөчүлөрдү, алар баштапкыатаандаштык абалында ээ болгон эки маанилүү артыкчылыктан: баанынтөмөндөшүнөн жана продукциянын көлөмүнүн өсүшүнөн ажыратат. 8. Макулдашуулар предметине жараша макулдашуулардын төмөндөгүдөйформаларына бөлүнөт: 1) макулдашылган бааларды (тарифтерди), арзандатууларды,үстөктөрдү, көтөрүлгөн бааларды коюу (колдоо); 2) базарларды ар түрдүү формада бөлүштүрүү: - аймактык принцип боюнча, сатып алуу жана сатуу көлөмү, сатылгантоварлардын ассортиментти же сатуучулардын же сатып алуучулардын (за-казчылардын) чөйрөсү боюнча базардын бөлүнүшү; - өндүрүштү, сатылышты, кубаттуулукту, техникалык өнүгүүнү (техно-логиясын) же капиталдык салымды чектөө же үстүнөн көзөмөлдөө; - сатылыш базарларын же жабдуу булактарын бөлүштүрүү; - керектөөчүнү жабдуунун белгилүү бир өзгөчө булактарына (жеөндүрүшчүнү сатылыш каналына) байлоо; 3) базарга кирүүнү чектөө же андан белгилүү товардын сатуучуларыже алардын сатып алуучулары (заказчылары) сыяктуу башка чарбакер субъ-екттерди четтетүү; 4) белгилүү сатуучулар же сатып алуучулар (заказчылар) менен кели-шимдерден түзүүдөн баш тартуу; 5) соода өнөктөргө баалык дискриминациялоону колдонуу; 6) өнөктөргө (контрактардын) келишимдин предметтерине байланышпа-ган кошумча шарттарды тањуулооо; 7) баалардын эсеп усулу менен байланышпаган, прейскуранттарды жанаар кандай жактарын берүүнү камтыган макулдашуулар; 8) баалар жаатында маалыматтарды алмашуу. 9. Бааларды коюу өндүрүү жана сатуунун бардык этаптарында горизан-талдуу же кыйыр түрүндө боло алат жана сатып алуу, сатуунун бааларында,чийки заттардын бааларына, өндүрүштүк ресурстарга, акыркы жана аралык-тагы продукцияларга, ички же экспорттолгон же импорттолгон бааларгатаркатылат. Горизанталдуу (картелдик) макулдашуулардын типтүү белгилери ушулЭреженин тиркемесинде келтирилген. 10. Чарбакер субъекттер ортосундагы вертикалдуу макулдашуулар чар-бакер субъекттердин толук же жарым-жартылай жетишилген макулдашуулары-нын (макулдашылган иш-аракеттеринин) каалаган формасында, алардын биритовар базарында үстөмдүк кылуучу абалды ээлеп, экинчиси анын контра-гентти болуп эсептелсе, эгер мындай макулдашуулар (макулдашылган ара-кеттер) өзүнүн жыйынтыгында атаандаштыкты чектөөчү, чектеген же анынорнотулушуна, өнүгүшүнө тоскоолдук кылууга алып келүүсү болот. Жабдуучуалып сатуунун баасын колдоо усулун колдонот, анын мааниси эњ төмөнкүбааларды коюуда, себеби керектөөчүлөргө товар ушул баада сатылууга ти-йиш. Бул өндүрүшчү (дүњ сатуучу) тарабынан базарды көзөмөлдөөнү ишкеашырууга мүмкүндүк берет. Алып сатуунун эњ арзан баасын коюу жана колдоо, жабдуучу тарабынанбелгилүү бир товар рыногунун үстүнөн көзөмөлдү ишке ашырууну белгилейт.Мунун жыйынтыгы базарда атаандаштыкты чектөө, атаандаштар үчүн баалардыэркин маневрдөө жана бааларды көтөрүү, атаандаштыкты чектөө, атаандаш-тарга зыян келтирүү жана базардан аларды түздөн-түз кысып чыгаруу болупсаналат. 11. Вертикалдуу макулдашуулардын төмөнкүдөй формалары болушумүмкүн: 1) алып сатууда баанын дењгээлин колдоо (сактоо); 2) товарды (тейлөөнү) пайдаланууну чектөө; 3) сатуунун өзгөчө укуктарын көрсөтүү; 4) сатууну чектөө; 5) патенттик жана башка окшош чектөөлөр. 12. Вертикалдуу чектөөлөрдү укуктук жөнгө салуу базарда монополия-лык бийликке ээ субъекттер атаандаштыкка каршы максатта аракеттенүүсүнөтыюу салууга ылайык принциптерди көздөйт, эгерде алардын социалдык-эко-номикалык чөйрөгө жакшы натыйжадагы салымы далилденбегенде. 13. Макулдашуулардын аталган формаларында аткаруу бийлик жана жер-гиликтүү өз алдынча органдарынын катышуусу мүмкүн. Алардын катышуусуөндүрүштүк жана коммерциялык ишмердүүлүк менен байланышпаган кызыкчы-лыктарда болушу мүмкүн, ошондой эле тескерисинче өндүрүштүк жана ком-мерциялык кызыкчылыктардан келип чыгат. 14. Белгиленген тартипте толук бойдон же жарым-жартылай аткаруубийлик органдарынын башкаруунун башка органдары менен же чарбакер субъ-екттер менен макулдашууларына, эгерде бул макулдашуулар өзүлөрүнүн жы-йынтыгы менен атаандаштыкка олуттуу чектөөлөрдү пайда кылган учурда ты-юу салынат, аны менен бирге: - бааларды же кирешелерди бир эле дењгээлде жогорулатуу,төмөндөтүү же сактоо (колдоо); - базарларды аймактык принцип, сатуунун, сатып алуунун көлөмү, са-тылган товарлардын ассортиментти боюнча же сатуучулардын жана сатыпалуучулардын (буюртмачылардын) чөйрөсү боюнча бөлүү; - базарга кирүүнү чектөө же андан чарбакер субъекттерди четтетүү. 15. Аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын атаандаштыкка каршы жүрүм-турумунун юридикалык фактысы болуп моно-полияга каршы мыйзамдуулукту бузуп, кабыл алынган актылары (жарлыктар,токтомдор, буйруктар, ведомстволук ченемдик актылар, көрсөтмөлөр, жобо-лор жана башкалар), ошондой эле алардын чарбакер субъекттерге жана (же)атуулдарга карата көргөн иш аракеттери эсептелинет. 16. Баа боюнча көмүскө түрдө макулдашуулардын формасы болуп товар-ларга жана көрсөтүлгөн кызматтарга аныкталган баалар боюнча оозеки жежазуу түрүндө бекитилген макулдашуулар саналат. Баа боюнча көмүскө ма-кулдашуулар өндүрүш жана сатуу процессинин бардык баскычтарында түз жекыйыр жүрүшү мүмкүн. Макулдашуунун биринчи учуру бааларды аныктоого тикеден-тике тие-шелүү, мисалы, бирдей бааларды белгилөө (коюу), бааларды өзгөртүүлөрдүмакулдашуу, бааларды дифференциациялоо, бааларды арзандатуу, кредитберүүнүн шарттары. Экинчи учурда макулдашуунун предмети болуп баалардыкоюуга таасир эткен шарттар, ошону менен катар бирдей прейскуранттыколдонуу, өздүк нарктын бухгалтериялык эсеп-кысабынын өзгөчө усулунколдонуу, өндүрүштүн көлөмүнө (же квотаны бекитүү) чектөөлөрдү колдо-нуу, уюмга, атайын фондго ар бир келишимден взносторду которууну талапкылуу жана башкалар саналат. 17. Бааларды макулдашуулардын формасы болуп, баалар аймагындагымаалыматтар менен алмашуу да саналат. Монополисттер, чарбакер субъект-тер менен маалыматтарды ар тараптуу алмашуу көмүскө макулдашуунункүбөсү катары каралат. Күндөлүк баалар жана сандар жөнүндө маалыматтар-ды алмашуу баалар жөнүндөгү формалдуу макулдашууларды алмаштыруу болупэсептелинет. 18. Баалар жөнүндөгү бир жактуу маалымат дагы көмүскө макулдашуу-нун күбөсү болуп эсептелинет. Маалымдоонун ыкмасы болуп керектөөчүлөргө жана агенттерге (ортом-чуларга) бааларды ачык-айкын жарыялоо (жањы прейскурантты таратуу), те-лекстерди салуу жана башка ушул сыяктуулар саналат. 19. Иш аракеттер макулдашылган катары квалификацияланат, эгер чар-бакер субъекттер: 1) өздөрүнө кандайдыр бир атаандаштык саясатын кармануунун милде-тин албаса да, ага карабай, билип туруп өзүнүн жүрүм-турумун башка та-раптын жүрүм-турумуна көзкаранды кылып, ошону менен атаандаштык үчүнмүнөздүү болгон тобокелчиликти жокко чыгарса; 2) башка чарбакер субъекттерди белгилүү бир саясатты кармануугамажбурлоо максатында, чыгым келтирүү коркунучу аркылуу же артыкчылык-тарды берүүнү убада кылуу менен экономикалык басым көрсөтсө; 3) башка чарбакер субъекттерге басым көрсөтүп, аны менен биргеаларды төмөнкүлөргө мажбурласа: - макулдашууларга кошулууга; - биригүүгө барууга; - атаандаштыкты токтотуу максатында базарда бир түрдүү тартиптикарманууга; 20. Макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) ылайык атаандаш-тыкты чектөө же жолтоо критерийи болуп төмөнкүлөр кызмат кылат: - макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) катышкан чарбакерсубъекттердин экономикалык чечимдерди кабыл алуудагы көз карандысызды-гына макулдашуулардын таасири; - тийиштүү базарда товарларды сунуш кылууга макулдашуулардын (ма-кулдашылган аракеттердин) таасири; - тийиштүү базарда товарларды суроо менен сунуштун өз ара катышынамакулдашуулардын (макулдашылган аракеттердин) таасири. Эгер ушул критерийлердин бирөө эле аткарылса, анда макулдашуунуатаандаштыкты чектөөчү катары кароого болот. III. Бааларды макулдашуулардын объекттери жана субъекттери 21. Бааларды макулдашуунун объекттери болуп товарларга, жумуштаргажана көрсөтүлгөн кызматтарга баалар жана тарифтер эсептелет, алар чийкизатка, башка өндүрүш ресурстарына, ортоњку жана акыркы продукцияга, ич-ки экспорттук жана импорттук бааларга жайылышы мүмкүн. 22. Бааларды макулдашуунун субъекттери болуп чарбакер субъекттерэсептелет. Баа боюнча макулдашуулар сатуучулар, сатып алуучулар орто-сунда жүргүзүлөт. Сатуучулар ортосундагы макулдашуулар бааларды белги-леп коюу, бааларды жасалма түрдө жогорулатууга же төмөндөтүү келишимде-ри, бирин-бири алмаштырууга боло турган товарларга баалардын өз ара ка-тышын такай сактоо, сунушталган төмөнкү баадагы товарларды сатып алуу,керектөөчүлөргө таратылган кредиттердин мөөнөттөрүн жана шарттарын ко-юу, бааларды жасалма көтөрүү (төмөндөтүү) сатып алуучулар ортосундапайдаланылган кемүүчү бааларды дайындоодо ич ара атаандаштыкка алыпкелген бааларды белгилөө, керектөөчүлөрдү бөлүштүрүү же аймактык жай-гаштыруу жөнүндө макулдашуулар түрүндө болушу мүмкүн. Бааларды коюучарбакер субъекттер тарабынан изоляцияланган практика катарыжүргүзүлүшү же чарбакер субъекттер арасындагы бир топ ири жашыруун ма-кулдашуунун бөлүгү болушу мүмкүн, ал өзүнүн катышуучуларынын соода иш-каналарынын көп бөлүгүн жөнгө салат, мисалы базарларды же сатып алуучу-ларды бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар, сатууга жана өндүрүүгө квота-лар, соода ишмердүүлүгүнүн зор бөлүгүн жөнгө салат. Сатып алуучулар ортосундагы макулдашуулар бааларды коюу же болбосожасалма дайындоо боюнча түзүлөт. Бул макулдашуунун биринчи түрү сатыпалуучулар тарабынан бааларды коюуда турат, алар боюнча товарлар сатыпалынат. Экинчиси баа коюу процессинде бири-бири менен атаандашуу үчүнмакулдашууга жетишүүдө турат жана бааларды коюу же аймактык жайгаштыруужөнүндө макулдашуу формасында болушу мүмкүн. IV. Баалар боюнча макулдашууларды табууну талдоо жүргүзүү этаптары 23. Атаандаштыкка каршы баалар боюнча макулдашууларды (макулдашыл-ган иш аракеттерин) табуу максатында эки этаптан турган тийиштүү талдоожүргүзүлөт. 24. Биринчи этабында макулдашууга катышкан чарбакер субъекттердинчөйрөсү белгиленет, ошондой эле тиешелүү товар базары аныкталат. 25. Конкреттүү товар базарын талдоо жүргүзүүдө төмөнкүлөр аныкта-лат: - географиялык базар - макулдашууга катышкан чарбакер субъекттеришмердүүлүк жүргүзгөн аймак; - чарбакер субъекттерге туура келүүчү - ушул базар үлүшү географи-ялык базардын чектеринде аракеттенген макулдашуунун катышуучуларына ту-ура келген жана алардын жалпыланган базар үлүшү. 1) Бааларды макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) катышканчарбакер субъекттердин базар үлүштөрүн эсептөө тартиби Кыргыз Республи-касынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт: - чарбакер субъекттер атаандаша ала турган параметрлеринин чөйрөсүжана алардын арасында товардын баасы кандай орун ээлей тургандыгы. Баа-дан башка атаандаштык кыйынга турган же таптакыр жокко чыгарылган ба-зарларда макулдашууну түзүү жана макулдашуунун катышуучулары тараптананын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө оњой. Эгерде чарбакер субъекттербаадан башка параметрлер боюнча атаандаша алса, анда баалар боюнча ма-кулдашуу атаандаштыкка коркунуч туудурбайт; - суроо-талаптын өзгөрүүсү баанын өзгөрүүсүнө карата бир кыйласезгич. Товарга болгон суроо-талап баалардан начар көзкарашта болгон,баа атаандаштыгы начар базарларда чарбакер субъектилер баалар боюнчамакулдашууларга батыраак келишет; - жањы чарбакер субъекттердин базарга кирүүсү (чыгуусу) бир кыйлакыйын. Алгачкы капиталдын чоњ суммасы, адистердин жетишсиздиги женоу-хау жоктугу, бул тармактын төмөн кирешелүү же товардын ташуугаыњгайсыз экендиги туурасында ишендирүү, сатуучулардын чектелүү саны барбазарларга жањы сатуучулардын кирүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүүсү мүмкүн.Базарга кирүүгө бир аз тоскоолдуктар же товарды бири-бирине алмашуугаболгон көмүскө сүйлөшүү чарбакер субъекттерде көмүскө макулдашууга ко-шулууга өбөлгө болбогондуктан макулдашуу эч нерсе алып келбейт, анткенимындай жагдайларда жањы чарбакер субъекттер өз товарларын тоскоолдук-тарсыз жана бир топ пайдалуу бааларда сата алышат. Керектөөчүлөр жасал-ма көтөрүлгөн баалар боюнча товарды сатып алуудан баш тартышат жанаанын ордуна бири-бирине алмаштырууга боло турган товарларды алышат; - акциялардын контролдук пакеттерине, баалуу кагаздарга жана башкаушул сыяктууларга ээ болуу аркылуу башка чарбакер субъекттер тарабынанжабдып туруучулардын же керектөөчүлөрдүн үстүнөн көзөмөлдүн болушу; - товар өндүрүү концентрациясынын дењгээли жана анын өндүрүүчүгөтаасир этүү ыктымалдыгы жабдып туруучулардын жүрүм-турумуна карата дењ-гээли (товар өндүрүү концентрациясынын жогорку дењгээли анын жабдып ту-руучуга карата өндүрүүчүгө таасир тийгизүү жана вертикалдуу бааны ма-кулдашуу үчүн объективдүү негиз түзүлөт); - белгилүү тармакта экономикалык ишмердүүлүктү координациялоо жанамаалыматтарды алмашуу үчүн базаны көрсөтө алуучу ассоциациялардын жебашка бирикмелердин болушу атаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүүмүмкүнчүлүгүнө жардам берет. 2) Андан кийин товардын өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүзүлөт. Мындатөмөндөгүлөр аныкталат: - каралып жаткан товарды керектөөнүн түрлөрү. Керектөөнүн түрлөрүбоюнча товар керектөөчүлөрдү дифференциялоо жеткирилген товардын баала-рынын айырмачылыгынын себеби болушу мүмкүн, ал баа боюнча макулдашуунутүзүү кыйынчылыгына алып келет; - ар түрдүү жабдып туруучулардын товарлары канчалык бир түрдүү.Бир тараптан, бир түрдүү товарлар боюнча атаандаштыктын башка түрлөрү,баадан башкасы кыйынга турат, башка жагынан - бааларды макулдашууга жа-на макулдашуунун башка шарттарына макулдашуу мүмкүнчүлүктү жењилдетет; - бири-бирин алмаштыруучу товарлардын болушу. Товарлар бири бириналмаштырган учурда баа боюнча көмүскө келишим практика жүзүндө маанигеээ болбойт; - ар түрдүү өндүрүүчүлөрдүн товар өндүрүү шарттары канчалык окшош.Өндүрүү шарттарынын окшоштугу жана товар өндүрүү чыгымдарынын салыштыр-малуу бирдейлиги бирдей бааларды коюуга жана макулдашууларды түзүүгөжардам берет; - товардын баасында туруктуу чыгымдардын үлүшү канчалык көп. 3) Товардын наркында туруктуу чыгымдардын жогору үлүшү өзгөрүлмөбазар конъюнктура шарттарында баалар менен маневр жасоого мүмкүндүктүоордотот, бул жабдып туруучулар үчүн олуттуу жоготууларга алып келетжана бааларды сактоо боюнча макулдашууларды түзүүгө түрткү берет: - каралып жаткан товардын өндүрүүчүлөрү жана ортомчулар үчүн салыксалуу тутуму кандай (салыктардын чоњдуктарындагы айырма вертикалдыктиптеги макулдашуулардын пайда болушуна көмөктөшөт); - товарга жана базарга көз каранды бааларды көтөрүүнүн жетөмөндөтүүнүн негизсиздигине талдоо төмөндөгү жол менен жүргүзүлүшүмүмкүн: - расчеттук (атаандаштык) баалар менен тиешелүү товарга карата ишжүзүндө колдонулган баалардын кыймылын салыштыруу; - өндүрүштүн жана товар сатуунун нарктык көрсөткүчтөрүн орточосунагрегатталган товардын тобу (өнөржай, тармак боюнча) менен салыштыруу; - товарлардын нарктык көрсөткүчтөрүнүн кыймылын анын жакын касиет-тери менен салыштыруу; - ар түрдүү базарлардагы бааларды салыштыруу. Болжолдуу макулдашууларды табууда байкоолорду жүргүзүү убактысынконкреттүү товардан, базардан жана шартка жараша белгилөө керек. 26. Экинчи этабында макулдашуунун кандайдыр-бир катышуучусу өз ал-дынча же баары биригип макулдашылган иш аракет аркылуу атаандаштыктычектөөгө жөндөмдүүлүгү аныкталат. Бул үчүн ушул бааны макулдашуу менен башка чарба жүргүзүүчү субъ-екттердин тиешелүү базарга кирүүсү жана андан кетүүсү үчүн түзүлгөнтоскоолдуктар бааланат. Эгерде атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоодо мындай тоскоол-дуктардын бар экендиги аныкталса, тоскоолдуктун табиятын эске алуу за-рыл, тактап айтканда, аларда макулдашууга катышкан чарбакер субъекттер-дин саясаты менен байланышкан объективдүү же жасалма мүнөздө экенинтактоо зарыл. 27. Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн чектөө же тоскоол болуу критерий-лери болуп төмөндөгүлөр кызмат кылат: - макулдашууга (макулдашылган иш аракеттерге) катышкан чарбакерсубъекттердин экономикалык чечимдерди кабыл алууда көз карандылыгынамакулдашуунун таасири; - тиешелүү базарда товарларды сунуштоого макулдашуунун (макулда-шылган иш аракеттердин) таасири; - тиешелүү базарда товарларга суроо-талаптын жана сунуштун катышы-на макулдашуунун (макулдашылган иш аракеттердин) таасири. Эгерде ушул критерийлердин бирөө аткарылса, макулдашууну атаандаш-тыкты чектеген катары кароо керек. Эгерде талдоонун жыйынтыгында макулдашуунун катышуучулары атаан-даштыкка чечкиндүү таасир көрсөтүүгө, базарга башка чарбакер субъект-тердин кирүүсүн татаалдантууга же башка жол менен алардын экономикалыкишмердүүлүгүнүн эркиндигин чектөөгө кудурети жетпеши билинсе, анда "Мо-нополиялык иш аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 8-статьяларын колдо-нууга болбойт жана талдоону токтотуу керек. V. Баалар боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш аракеттерди) далилдөө 28. Табылган баа боюнча макулдашууларды далилдөөдө, көмүскө кели-шимдерди документалдуу аныктоо зарыл. Мындай аныктоолорду контракттар-дын, келишимдердин, эсептердин, прейскуранттарды, төлөм тапшырмаларынжана башкалардын шарттарына талдоо жүргүзүүнүн негизинде алууга болот. Мындай түрдөгү макулдашуулар чарбакер субъекттердин өкүлдөрүнүнсъезддеринде, конгресстерде жана башка чогулуштарда кабыл алынган доку-менттерде бекитилген учурлар болушу мүмкүн. Бул баалар боюнча макулда-шуулардын түздөн түз далили болуп саналат. Ошондой эле чарбакер субъекттердин өкүлдөрүнүн ортосунда жеке жо-лугушуулар, телефон, телекс жана факс аркылуу сүйлөшүүлөр, ке-ректөөчүлөргө, агенттерге жана ортомчуларга бааларды (жањы прейскурант-ты, баалардын жарнагын) ачык жарыялоо аркылуу, анын ичинде чарбакерсубъекттер кирген ар түрдүү бирикмелер (ассоциациялар) аркылуу маалыматалмашуу түрүндөгү кыйыр далилдер болушу мүмкүн. 29. Баалар боюнча макулдашууларды далилдөөдө бардык эле макулда-шылган аракеттер атаандаштыкка каршы макулдашуу катарында квалификация-ланышы мүмкүн эместигин эске алыш керек. Республиканын экономикасынынучурдагы түзүмдүк өзгөчөлүктөрүнө карай базарда чакан сандагы чарбакерсубъекттер болгондо, ошондой эле товардын практикалык тартыштыгындаатаандаштыкка каршы макулдашууну документ түрүндө каттабастан баалардыкоюу жолу менен алардын аракеттеринин макулдашылгандыгы иш жүзүндө бо-луп келет, башкача айтканда, аракеттердин паралеллизми ишке ашырылышымүмкүн. 30. Базарда параллел аракеттердин бир түрүн далилдөө жетишсиз,атаандаштыкка каршы баалар боюнча макулдашуунун бар экендиги жөнүндөкүбөлөп турган атаандаштыкты чектөө формаларын изилдөө керек. Баарынан мурда аларга төмөндөгүлөр тиешелүү: - канааттандырылбаган суроо-талап жана рентабелдүүлүктүн жетишээр-лик жогорку дењгээли болгон шартта каралып жаткан базарга башка чарба-кер субъекттердин кирүүсүн чектөө; - ушул базарга чыгууну каалаган башка өндүрүүчүлөрдүн чийки затжана материалдарды алуусун чектөө; - товар өткөрүү тармагына кирүүнү чектөө. 31. Баалар боюнча макулдашуулардын түз далилдери атаандаштыктычектеген вертикалдуу макулдашууларда көбүрөөк табылышы мүмкүн, анткениар түрдүү чектөөчү абалдар кээде жеткирүү үчүн келишимге жана башкапродукция чыгаруучу жана ортомчу - соода уюмдар тарабынан түзүлгөн ке-лишимдерге киргизилет (жумуштарды жана макулдашылган жогорку баа боюнчаоњдоо иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, арзандатууларды жанаүстөктөрдү негизсиз коюуну, кошумча шарттарды, прейскуранттарды тањуу-лоону кошот). Мындай далилдөөлөрдү ишканалардын тикеден тике каржы документтеринталдоонун негизинде алууга болот. 32. Аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары менен чарбакер субъекттер ортосундагы макулдашууларды аныкто-одо аракеттерди жана макулдашууларды (бааларды, тарифтерди коюу же жо-горку чектеги рентабелдүүлүктү коюу) талап кылган кайсы бир ченемдикактыны аткаруу үчүн мындай иш аракеттер же макулдашуулар жүргүзүлгөнүнаныктоо керек. Эгер иш аракеттер жана макулдашуулар ченемдик актыныннегизинде эмес же аны бузуу менен аткарылган болсо, анда муну мыйзамдыбузуу катары кароо жана белгиленген тартипте күчкө ээ эмес деп табуукерек. VI. Иш практикасын чектөө формасы катары тыюу салынган баалар боюнча макулдашуулардын (макулдашылган иш аракеттер) фактысын аныктоонун натыйжалары 33. Иш практикасын чектөө формасы катары тыюу салынган баалар бо-юнча макулдашуулар же макулдашылган иш аракеттердин фактысын аныктоонунжыйынтыктары жана жоопкерчилиги "Монополиялык иш аракеттерди чектөө,атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат. 34. "Монополиялык иш аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жанакоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 8-статьяларынбузган баалар боюнча макулдашуулардын (макулдашылган иш аракеттердин)фактысы далилденген учурда монополияга каршы орган төмөнкүлөргө укук-туу: 1) Чарбакер субъекттерге, аткаруу бийлик органдарына жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына атка-рууга милдеттүү болгон буйруктарды берүүгө: - "Монополиялык иш аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жанакоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 8-статьяларынбузган макулдашууларды (макулдашылган иш аракеттерди) токтотуу жөнүндө; - алгачкы абалды калыбына келтирүүгө, тактап айтканда атаандаштык-ка каршы макулдашуу күчүнө киргенге чейин колдонулуп жаткан баалардынжана тарифтердин дењгээлин инфляциянын дењгээлин эсепке алып калыбынакелтирүү жөнүндө; - "Монополиялык иш аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жанакоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген келишим-дерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө; 2) Чарбакер субъекттерге, аткаруу бийлик органдарына жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүүлөргө карата айып санк-цияларын салуу жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду берүүгө. 35. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынынтоктомунун (чечиминин) негизинде монополияга каршы мыйзамдарды бузуу-лардан бааларды (тарифтерди) коюу (сактоо) боюнча макулдашууларды (ма-кулдашылган иш аракеттерди) түзүү аркылуу алынган киреше Кыргыз Респуб-ликасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын чечимин тапшырганкүндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө республикалык бюджетке айып санкцияла-рын төлөгөнүнө карабастан республикалык бюджетке өндүрүлүүгө тийиш. 36. Өз убагында которулбаган учурда ар бир узартылган күн үчүн 0,1пайыз пеня алынат. Төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынынмонополияга каршы мамлекеттик органы сот органдарына мыйзамсыз алынганкирешени мажбурлап алып коюу жана айыпты төлөө жөнүндө доо менен кайры-лат. 37. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органынынмыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Атаандаштыкты чектөөчү, бааларды (тарифтерди), белгилөө (колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, тыюу боюнча эрежеге тиркеме Горизанталдуу (картелдик) макулдашуулардын болжолдуу (типтүү) бел-гилери: 1. Баалардын координациясы - базарда атаандаш катары эмес, тыгызбириккен өнөктөштүктүн мүчөлөрү катарында иштөө (базарда бааларды ма-кулдашуу гана эмес, ошону менен бирге макулдашылган дењгээлде коюу жанакармоо). 2. Өндүрүүчүлөрдүн жана алардын өкүлдөрүнүн, жабдуучулардын баа-ларды коюу максатында үзгүлтүксүз жолугушуулары, алар тарабынанөндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн баалар коюлат. 3. Картелдин мүчөсү болуп саналган өндүрүшчүлөргө, керектөөчүлөргөкомпенсация катары арзандатууларды жана жењилдиктерди белгилөө. 4. Бааларды белгилөө, базарды бөлүштүрүү, үлүштөрдү белгилөө жанаконфиденциалдуу коммерциялык маалыматтарды ачуу. 5. Коммерциялык маалыматтарды алмашуу, заказчылардын курамы боюнчабазарды бөлүштүрүүнү ишке ашыруу жана жеке базар үлүштөрүн колдоо үчүнатаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүү. 6. Картелдин ичинде продукцияны өндүрүүгө квоталарды белгилөө, ба-аларды жана сатуунун башка шарттарын макулдашуу, сатып алуучулардыбөлүштүрүү. 7. Белгилүү бир товарга баалардын дењгээлин баалар олуттуу төмөнболгондо көзөмөлдөө жана жогорулатуу. 8. Товар базарын (кызмат көрсөтүүлөрдү) көзөмөлдөө үчүн жашыруунжана иштелген механизмдерди түзүү.