Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-ноябры № 638 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36 мекемесин (N 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-ри женүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, Кыр-гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы баш-кармалыгынын Жазык-аткаруу инспекцияларынын иштеши үчүн тийиштүү шарт-тарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруубашкы башкармалыгынын Бишкек шаары, Фучика көчөсү, 18 дареги боюнчажайгашкан № 36 мекемеси (№ 36 колония-поселение) жоюлсун. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдарда белги-ленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан, анын ичиндекызматкерлерди бошотуу, ошондой эле № 36 мекеменин жайларын жана финан-сы-материалдык баалуулуктарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-гинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жазык-аткаруу инспекция-ларынын карамагына өткөрүп берүү менен байланышкан иш-чаралар комплек-син жүргүзсүн. 3. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-трлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын Бишкек шаары, Фучикакөчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 3 жана 4 кабаттарындагыжайларды ижарага алгандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө маселеникароо сунушталсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов