КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 21-ноябры № 639 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жер-гиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жеркодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Айылчарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын долбоорлору жактырылсын. 2. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри аталган мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүболуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Жайыттар жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамдары Жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу Кыргыз Рес-публикасынын Жер кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын тиешелүү мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары мененжөнгө салынат. Жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мами-лелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктукактылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана ушул Мыйзамга ылайыккелиши керек. 2-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Жайыт - мал жаюу үчүн бут алдындагы тоют түрүндө жана жерди эсепкеалуу маалыматтарында чагылдырылган башка максаттарга пайдаланылуучу чөпөсүмдүгү баскан айыл чарба жерлеринин түрлөрү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) - жергиликтүү маа-нидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруу-чу-тескөөчү жана башка органдар. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган. Жайыттардын чегараларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамле-кеттик комиссия. Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жол-дор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар,койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мез-гилдүү туруусу үчүн арналган кошарлар жана тосулган жерлер, малчылардынтиешелүү курулмалары жана жайыттарды кармоо жана алардын иштеши үчүнзарыл болгон башка кыймылсыз мүлк. Оптималдуу жүк - малды жайыттын чөп өсүүсүнүн ботаникалык курамы-на, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүүлүгүнө зыян тийгиз-бестен жаюуга мүмкүн болгон аянтка мал башынын саны. Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Рес-публикасынын жеке жана юридикалык жактары. Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси (ЖПБ) - жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү адми-нистрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарынкөрсөтүүчү коомдук уюм. Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын аткаруу органы. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖПЖП) - мамлекеттикменчиктеги жайыттарды пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыганплан. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы (ЖПП) - жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун тескөөсүндөгү жайыттардын уруксат берилген жана ма-кулдашылган пайдалануусун аныктоочу план. Жайыт билети - жайытты пайдаланууга укук ырастоочу документ. Жайыттары башка максаттарга пайдалануу - жайыттын ресурстарын малжаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу; аларга ањ уулоо, капкан коюу,бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиштерди терүү, чөп жанаотун дайындоо, пайдалуу кендерди аз санда казып алуу, туризм жана жа-рандардын эс алуусу таандык кылынат, бирок чектелбейт. Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү жеөткөрүү үчүн Жайыт комитет тарабынан аныкталган жайыттын участоктору. 3-статья. Жайытка болгон жеке менчик укуктар жана анын чегараларын аныктоо 1. Жайыттар мамлекеттин менчигине таандык кылынат. 2. Жайыттардын тышкы чегаралары учурдагы администрациялык-аймактыкбирдиктердин чегараларын эске алуу менен мурдагы советтик жана коллек-тивдик чарбалардын чегаралары боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилени-ши керек. 3. Жайыттарынын тышкы чегараларын белгилөө жергиликтүү мамлекеттикадминистрация түзгөн жергиликтүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшү керек.Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш ар бираймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү орган-дарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш аймактары-нын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү, облустук мамлекеттикадминистрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тие-шелүү органынын жер жайгаштыруу боюнча адистери кирет. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул статьянын 2-пунк-туна ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комисси-ялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттар-дын чегараларын белгилөө боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөжайыттын тышкы чегараларына карата акыркы сунуштарды даярдоону камсызкылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир об-луста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттар-дын чегаралары боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуужумушчу топторду түзүүгө жана ушул статьянын 2-пунктуна ылайык жерги-ликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чегараларын бекитүүгө жанамамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу. 5. Жайыттардын тышкы чегараларын бекитүү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен жайыттын чегараларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия-нын сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт. 4-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары 1. Тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууүчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүпберилет. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды пайдалануубоюнча ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүпберүүгө укуктуу. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жайыт-тарды пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жыл сайын бекитет. 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Жайыт пайда-лануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу боюнча ишмердигине мамле-кеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынкийлигишүүсүнө жол берилбейт, буга алардын ушул Мыйзамдын, буга КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт. 5-статья. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү жамааты ушул ай-мактык бирдиктин мал ээлеринин жана башка жайыт пайдалануучулардын жа-йыттарды пайдалануу жана аларды жакшыртуу боюнча таламдарын көрсөтүүчүЖайыт пайдалануучулар бирикмесин түзөт. 2. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери коомдук аймактык өз алдынчабашкаруу органы катары уюштурулушу мүмкүн жана юстиция органдарындаюридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. 3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бардык мүчөлөрү Жайыт пайда-лануу боюнча жамааттын планынын жоболорунун алкагында алардын жерги-ликтүү өз алдынча башкаруунун аймактарына бөлүп берилген жайыттардыпайдаланууга баштапкы укуктарга ээ болот. 6-статья. Жайыт комитет 1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп Жайыткомитет эсептелет. 2. Жайыт комитет жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын башчыларынантурат. 3. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу, ал эми Жа-йыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүнсанынан көпчүлүгүн түзүшү керек. 4. Жайыт пайдалануучулар өзүнүн өкүлдөрүн Жайыт комитетке шайла-шат. 5. Жайыт комитеттин ыйгарым укуктары: - жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу; - Жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу; - Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана Жайыттардыпайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү; - Жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт билеттеринберүү; - жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө жана жыйноо, аларды жер-гиликтүү кењеште милдеттүү бекитүү менен; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга ти-йиштүү талаш-тартыштарды чечүү; - жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөнтүшкөн жайыт инфраструктурасына инвестиция катары, Кыргыз Республикасы-нын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жанажакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу. 6. Жайыт комитетин түзүү, уюштуруу тартиби жөнүндө, Жамааттардынпланын жана Жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуу-нун тартиби жөнүндө, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөөнүн тартибижөнүндө типтүү жоболор жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү аны бекитет. 7. Жайыттарды пайдалануу пландарды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашы-рууда Жайыт комитети квалификациялуу адистерди, ошондой эле тиешелүүмекемелерди жана уюмдарды тартууга укуктуу. 7-статья. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планы 1. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планында жайыттарды ту-руктуу пайдаланууну жана бардык пайдалануучуларды алардын укуктары жанамилдеттери жөнүндө кабарлануусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон негизгибардык маалымат камтылат. 2. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планына төмөнкүдөй ком-поненттер кирет: - жайыттардын тышкы жана негизги ички чегаралары, пайдаланууданчыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, су-гаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объектте-ри, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белги-ленген карталар; - оптималдуу жүк; - жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструк-циялоо боюнча план; - жайыттарды пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткөчейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план; - жылда жањылануучу Жайыттарды пайдалануу планы; - жайыттарды башка максаттарга пайдалануу планы. 3. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планы, аны жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин бардык жа-йыт пайдалануучулар тарабынан аткарылууга милдеттүү. 8-статья. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы 1. Жайыт комитет жыл сайын Жайыттарды пайдалануунун планын иштепчыгат, ал Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планына тиркелет жанаанын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Жайыттарды пайдалануунун жыл-дык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек: - пландаштырылган жылга жайыт билеттери бар жайыт пайдалануучулар-дын тизмесин; - пландаштырылган жылга жайыт билети берилген малдын тизмеси жанаалардын ээлеринин-малчыларынын тизмесин; - жаныбарлардын ден соолугуна (эмдөө, дары сууга чөмүлтүү ж.б.)карата чаралардын тизмесин, аларды жайыт пайдалануунун шарттары катарыжайыт пайдалануучулар сактоого тийиш; - мал жаюунун мезгилдүү маршруттарын, жайыт жүгүртүүнү, малдынкыймылын, мал айдап өтмө жолдорду жана пайдалануучу кашааларды бел-гилөөчү картаны жана календардык графикти; - ишмердиктин аларга уруксат берилген түрлөрүн, ошондой эле аларгааталган иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерди көрсөтүү ме-нен жайытка чыгаруу максатында эмес пайдаланган жайыт билеттеринин бар-дык кармоочуларынын тизмесин; - жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы төлөө графиги. 2. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун өкүлчүлүктүү органы аны бекиткенден кийин аткарылууга мил-деттүү. 9-статья. Жер салыгын салуу Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салыкмыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 10-статья. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө 1. Жайыт ресурстарын пайдалануу жайыт билеттерин кармоочуларга га-на уруксат берилет. 2. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү акытөлөгөндөн кийин Жайыт комитети тарабынан берилет. 3. Жайыт жерлерин пайдаланууга укук үчүн акынын өлчөмү ар бир жа-йыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайынЖайыт комитети тарабынан белгиленет жана Жайыт пайдалануунун жылдыкпландарына киргизилет. 4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө малдын башына жана үйжаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт. 5. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн акы төлөөнүнөлчөмү ресурстун экономикалык жана операциялык жетекчилик пайдалануучунаркына жараша белгиленет. 6. Акы төлөөнү жыйноо Жайыт комитети тарабынан жүргүзүлөт. Жайытбилеттеринен түшкөн каражаттар Жайыт комитети тарабынан башкарууга, жа-йыттарды жакшыртууга жана Жайыт комитети аныктоочу башка чыгымдарга ба-гытталат. 7. Жайыт билетине акыны бөлүп төлөөгө жол берилет, бирок учурдагыжылдын 1-октябрынан кечиктирбестен. 11-статья. Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу 1. Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөм Жайыт комитети, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы менен жылда макулдашылат жанаЖайыттарды пайдалануунун жылдык планында көрсөтүлөт. 2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн Жайыт комитетининүлүшүн түзүүчү бөлүгү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын кармоого,жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталат. 3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун үлүшүн түзүүчү бөлүгү жергиликтүү бюджетке которулат. 12-статья. Ижаралоо укугун жайыт билетине алмаштыруу тартиби 1. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган уку-гу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайытпайдалануучуларга ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүнижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнөылайык малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт билетине алмашуугауруксат берилет. 2. Жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуучу мурда белгиленген укуктукжол-жоболорго ылайык түзүлбөгөн же катталбаган жайыт ижаралоо жараксыздеп табылат. 3. Жайыт билети жок болгон учурда жайыттар максаттуу багыты боюнчаэмес пайдаланылган катары тартып алынууга тийиш. 13-статья. Жайыттын чет өлкөлүк пайдалануучулары Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын жайыт жерлерин пайдаланууукугу пайдаланылбаган жайыттар болгон учурда гана мамлекеттер аралыкжана өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде берилиши мүмкүн. 14-статья. Жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик менчиктеги жайыт жер-лерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча саясатты жүргүзүүчү ый-гарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөркирет: - жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын прог-раммаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - мамлекеттик стандарттарды жана жайыттардын мониторингин, абалынжана сапатын баалоо ыкмасын аныктоо; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүнүн программасынын ишкеашырылышын көзөмөлдөө; - жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча типтүү жоболорду, нуска-маларды, эрежелерди жана башка нормативдик укуктук актыларды, ошондойэле усулдук материалдарды иштеп чыгуу; - Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарын тескөө боюнча Жа-мааттын пландарын жана жайыттарды пайдалануу пландарын колдонууга мони-торинг жүргүзүү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Жайыт комитети-не жайыттарды пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү. 15-статья. Жайыттарды ижаралоого чектөө Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Рес-публикасынын милдеттенмелерин аткаруу учурларын кошпогондо жайыттардыижарага жана суб ижарага берүүгө жол берилбейт. 16-статья. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайда-лануу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган чектердин алкагындабелгиленген тартипте милдеттүү түрдө кыймылсыз мүлккө болгон укуктардымамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. 2. Жайыт билетинин негизинде жайыттарды үч жылдык жана андан ашыкмөөнөткө пайдалануу укугу жергиликтүү каттоо органдарында мамлекеттиккаттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Жайыт билетинин негизинде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткөпайдалануу укугу билетти кармоочунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн. 17-статья. Талаш-тартыштарды чечүү Ушул талаш-тартышка тиешеси бар кандай болбосун тарап Жайыт коми-тетинин чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш аксакалдар со-тунун, бейтарап сотунун же жалпы юрисдикциянын сотунун кароосуна КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык киргизилиши мүмкүн. 18-статья. Бул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн норма-тивдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-статья. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" га-зетасы, 2008-жылдын 6-июну, № 40-41) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизил-син: 1. 20-статьянын 5-пунктунун 10-пунктчасындагы "жана жайыттарды"деген сөздөр алып салынсын. 2. 27-статьяда: - 4-пункттун бешинчи абзацындагы ", жайыттарды" деген сөз алып са-лынсын; - 5-пункттун 3-пунктчасы алып салынсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-статья. "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомост-тору, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 21-статьядагы "жана ижарага гана берилиши мүмкүн" деген сөздөралып салынсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толук-тоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьянын 13-пунктчасы "бонитети" деген сөздөн мурда "жайыт-тарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын. 2. 2-статьянын 4-пункту "токой" деген сөздөн кийин "жайыт" дегенсөз менен толукталсын. 3. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилбейт.". 4. 13-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы "айылдардагы калктууконуштарга караштуу" жана "жайыттарды пайдаланууга берүү жана интен-сивдүү пайдалануу зонасында жайгашкан жана алыскы жайыттарды кошпогон-до," деген сөздөр алып салынсын. 5. 15-статьянын 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын. 6. 17-статьянын 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын. 7. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толук-талсын: "6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын са-лык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жа-йыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугунажана алыс жайгашкандыгына оптималдуу жүктү эске алуу менен мал башынажайыт пайдалануучулар үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет.". 8. 30-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти