Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 643 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл районунун Темиров айылдыкокругунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандары Ис-маилов Азаматка - 2,0 га жана Исмаилов Турарга - 1,0 га менчик укугундатаандык жерлерди - бардыгы көп жылдык өсүмдүктөр баскан 3,0 га жерди"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жара-тылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алыпкоюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордунтолтуруунун наркынын суммасын жарандар А.Исмаилов жана Т.Исмаилов тара-бынан төлөнүшүн камсыз кылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов