Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 644 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик социалдыккамсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык кел-тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-июлундагы № 316"Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгеккелишимин бузуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча ча-раларды жүзөгө ашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагыкурактагы кызматкерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартибижөнүндө жобону бекитүү жөнүндө"
токтому менен бекитилген Ишканаларды,мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгек келишимин бу-зуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча чараларды жүзөгөашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагы курактагы кыз-маткерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
жобо-го төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Ишкана, мекеме, уюмдардын кайра уюштурулушуна, жоюулушуна жанакызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларга байланыштуу эм-гек келишими бузулган учурда алардан бошотулган кызматкерлер төмөнкүтартипте пенсияга чыгууга укуктуу: - жумуштан бошотулган убакта 61 жашка толгон эркектер - 25 жылдыккамсыздандыруу стажы болгондо; - жумуштан бошотулган убакта 56 жашка толгон аялдар - 20 жылдыккамсыздандыруу стажы болгондо"; - 9-пунктта "бөлүм" деген сөз "аймактык бөлүмчө" деген сөзгө ал-маштырылсын; - бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагыСоциалдык фонд" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүүжөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөргөалмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы №145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөөжана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө"
токтому менен беки-тилген Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсациялардыэсептөө жана төлөө тартиби тууралуу
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: - 1.3-пунктунда: төртүнчү абзацтагы "2002-2007-жылдарда." деген сөздөр жана цифра-лар "2002-2005-жылдарда;" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын. төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "2008-жылы - 2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн."; - 2.1-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "И - пенсия чектелген айдан кийинки айдан тартып компенсациятөлөнгөн жылдын тийиштүү айынан мурунку айга чейинки мезгил үчүн инфля-циянын коэффициенти. Мында төлөп берүү жылы Кыргыз Республикасынын мый-замдары менен белгиленет;". 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн компенсацияларды чектөөнүн жанатөлөө тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 752
токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-майындагы № 263"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү жөнүндө"
токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацыжана 2-пункту. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов