Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 646 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 862 "Аткарылуучу жыйымды түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторун финансылык, материалдык-техникалыкбазасын камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 862"Аткарылуучу жыйымды түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндөгү жобону бе-китүү тууралуу" токтому менен бекитилген Аткарылуучу жыйынды түзүү жанапайдалануу тартиби жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 5-пунктунда: бешинчи абзацындагы "50" деген сан "60" деген санга алмаштырылсын; алтынчы абзацындагы "25" деген сан "40" деген санга алмаштырылсын; жетинчи, сегизинчи абзацтары алып салынсын; - 9 пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "9. Жергиликтүү сотторду өнүктүрүүгө акча каражаттарын бөлүштүрүүжана төлөө маселесин Каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия чечет(мындан ары - Комиссия). Комиссия Кыргыз Республикасынын Судьялар Кењешинин, Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Сот департаменти-нин жетекчилеринен турат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотун өнүктүрүүгө багытталган акчакаражаттар түздөн түз Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун КыргызРеспубликасынын Казналык системасындагы эсебине жөнөтүлөт.". Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов