Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 26-ноябры № 647 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Маданият чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жак-тырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри аталганмыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурдаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Маданият жөнүндө Бул Мыйзам маданият жаатындагы ишмердикти өнүктүрүүнүн укуктук,экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, чыгар-мачылыктын эркиндигин камсыз кылуу, маданият жагындагы кесиптик жанаышкыбоздук маданий ишмердикти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданийбайлыктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коом-дук мамилелерди жөнгө салат. I бап Жалпы жоболор 1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Маданият - адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кан-дайдыр бир дењгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардынжыйындысы. Искусство - адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү,графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды,кинону жана башка адамзат ишмердигинин түрлөрүн камтыган, тиричиликтинформасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык. Маданият жаатындагы ишмердик - маданий байлыктарды сактоо, түзүү,жайылтуу жана маданий жыргалчылыктарды пайдаланууга багытталган ишмер-дик. Маданий баалуулуктар - адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар,жүрүм-турумдук нормалары менен үлгүлөрү, тил менен диалектилер, улуттуккаада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөмөнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөмөнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар,буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учу-роочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жанаметоддору. Маданий жыргалчылык - жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эс-тетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жанакызмат көрсөтүүлөр. Маданий дењгээл - адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттыннормалары менен байлыктарын өздөштүрүүдөгү иш-аракеттердин натыйжасындажетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жал-пылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү дењгээли. Чыгармачыл кызматкер - маданий байлыктарды түзгөн же чечмелеген,өзүнүн чыгармачылыгын өмүрүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеген,чыгармачыл кызматчы катары таанылган же таанылышын талап кылган жекеадам. Маданият кызматкери - өзүнүн кесиптик ишмердигин маданият жана ис-кусство мекемелеринде жүргүзгөн жеке адам. Кыргызстандын элинин маданий мурастары - элдин улуттук-маданий өзалдынчалыгын, анын дүйнөлүк цивилизацияга салымын сактоо жана өнүктүрүүүчүн мааниси бар материалдык жана материалдык эмес байлыктар. Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объекттери - тарыхый-маданийжана жаратылыш комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана курулмалар,маданият уюмдары, ошондой эле тарых, археология, маданият, архитектура,илим жана искусство көз карандыгынан алганда эталондук же уникалдыкмүнөздөгү материалдык, интеллектуалдык көркөм баалуулуктагы башка объ-екттер. Фольклор - Кыргызстандын калкынын же анын айрым индивидуумдары та-рабынан маданий салттарга негизделип түзүлгөн жана сакталып келгенсалттуу баалуулуктарды, дүйнө таанымды, Кыргызстандын маданий мураста-рынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын маданий жана социалдык өз алдынча-лыгын чагылдырган чыгармалардын жыйындысы. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк - фольклордук көркөм буюмдарды жасапчыгаруу, элдик көркөм чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири. Тарых жана маданият эстеликтери - маданий байлыктардын объектиле-ри: калктын жашоосундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттинөнүгүүсүнө, материалдык жана рухий чыгармачылыкка байланышкан, тарыхый,илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарды камтыган курулмалар, эс-телик жайлар жана буюмзаттар. Өнүгүү программаларынын маданий аспектилери - социалдык-экономика-лык, илимий-техникалык жана башка өнүгүү программаларын ишке ашыруунуннатыйжаларынын маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө тийгизген таасири-нин келечеги, ошондой эле маданияттын өзүнүн ошол натыйжаларга тийгиз-ген таасири. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясат - коомдун өнүгүшү үчүн ма-даний баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу боюнчамамлекет тарабынан жүргүзүлгөн максаттардын, принциптердин, нормалардынжана иш чаралардын топтому. Маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарымукуктуу орган) - маданият тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыру-учу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы. Маданият уюму (мекемеси) - уюштуруу-укуктук формасына карабастанишмердигинин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды түзүү, сактоо,өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо, маданий мурастарды элге тартуулоо бо-луп эсептелген юридикалык жак. Чыгармачылык бирлик - жекече мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн мадани-яттын бир, же бир нече жанрындагы кесипкөй маданият ишмерлеринин коом-дук бирикмеси. 2-статья. Маданият жөнүндө мыйзамдар Маданият тармагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституци-ясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук ак-тылары, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамда белги-ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Бул Мыйзам маданият жаатындагы төмөндөгү тармактардын ишмердигинжөнгө салат: - Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын; - көркөм адабият, кинематография, көркөм-сүрөт, сахна, музыка жанацирк искусствосу, архитектура жана дизайн, фотоискусство, искусствонунбашка түрлөрү жана жанрларын; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду; - өздүк (ышкыбоздук) көркөм чыгармачылыкты; - музей иштерин жана коллекция чогултууну; - китепкана, архив иштерин; - телекөрсөтүү, радио жана башка маданий баалуулуктарды түзүүчүжана жайылтуучу аудиовизуалдык каражаттарды; - эстетикалык тарбия берүү жана көркөм билимди; - эл аралык маданий алмашууларды; - чыгармачыл жамааттардын кыдырууларын (гастролдорун) өткөрүүнү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, маданийбаалуулуктарды түзүү, сактоо, жайылтуу жана пайдаланууга багытталганбашка ишмердиктерди. 3-статья. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери бо-луп төмөнкүлөр эсептелет: - Кыргызстан элинин руханий өнүгүшүнүн, адептүү тарбиясынын негизсалуучу факторлорунун бири катары маданияттын таанылышы; - Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү; - дүйнөлүк мейкиндикте улуттук маданияттын бүтүндүгүн сактоо жанатүрдүү маданиятта анын жетишкендиктерин байытуу; - чыгармачыл ишмердиктин эркиндиги; - маданий баалуулуктарды түзүүдө, пайдаланууда жана жайылтууда жа-рандардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги; - маданият жаатында башка өлкөлөр жана элдер менен кызматташууүчүн укуктук негиздерди түзүү; - маданиятты өнүктүрүүдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктардыайкалыштыруу; - маданиятты жана искусствону мамлекеттик колдоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгар-мачылык бирликтерге жана башка коомдук бирикмелерге биригүү эркиндиги. 4-статья. Бул Мыйзамдын негизги милдеттери Бул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет: - Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий дөөлөттөргө жетишинекарата конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо; - элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду сактоо, кайра жара-туу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; - инсандын руханий жана маданий өнүгүшүнө жана жарандарды эстети-калык жактан тарбиялоого көмөктөшүүчү шарттарды түзүү; - маданият жана искусство кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзам-дуу таламдарын коргоо; - маданият жаатында эл аралык кењири кызматташууларга шарттардытүзүү; - Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо; - маданият жана искусство мекемелерине мамлекеттик колдоокөрсөтүү. II бап Жарандардын маданий ишмердик жаатындагы укуктары жана милдеттери 5-статья. Маданий баалуулуктарга аралашуу укугу Кыргыз Республикасында жарандар маданият баалуулуктарына жетүүгө,мамлекеттик китепканалардан, музейлерден, архивдик фонддордон ж.б. бар-дык маданият жагындагы жыйнактардан пайдалануу укугуна ээ. Маданият баалуулуктарын пайдалануунун чектелиши жашырындуулук жеөзгөчө режимдин себебинен алардан пайдаланууга чек коюу жагы КыргызРеспубликасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет. 6-статья. Маданият жаатында ишмердикке укук Кыргыз Республикасында маданий ишмердикке эркиндик, боюнча ар кан-дай мектептерди жана багыттарды өнүктүрүү кепилдикке алынат. Кыргыз Республикасынын жарандары улутуна жана социалдык тегине,жынысына, саясий, диний жана башка ишенимине, жашаган жерине, мүлктүкабалына, билимине, кесибине же башка шарттарына карабастан маданият жа-гында ишмердик жүргүзүүгө укуктуу. Маданий ишмердик жагында жарандардын милдеттери: - маданий мурастарды, элдик салттарды сактоо жөнүндө кам көрүү; - тарых жана маданият эстеликтерин сактоого көмөк көрсөтүү; - ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралашты-руу жолу менен балдарга жана жаштарга эстетикалык тарбия берүү үчүн камкөрүү; - кыргыздардын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улутөкүлдөрүнүн тилин, маданиятын, салттары менен үрп-адаттарын урматтоо. 7-статья. Маданият жаатында менчикке укук Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигининнатыйжалары боюнча автордук укукка ээ. Тарыхий-маданий мааниси бар буюмзаттар: коллекциялар жана жыйнак-тар, элдик өнөр чеберлеринин чыгармалары, тарыхий-маданий курулмаларжана имараттар, эл турмушундагы тарыхий окуяларга байланышкан эстеликжайлар жана илимий-көркөм маданий кенчтери Кыргыз Республикасынын эли-нин жалпы байлыгы болуп эсептелет; алардын укуктук статусу Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тарыхий-маданий мааниге ээ маданий баалуулуктарды сатып алуунун,ээлик кылуунун, пайдалануунун жана аларды тескөөнүн шарттары КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 8-статья. Чыгармачылык укугу Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн кызыгуусуна жанажөндөмдүүлүгүнө ылайык ишке ашыруунун формаларын жана ыкмаларын өз ал-дынча тандоо жолу менен көркөм чыгармачылык жүргүзүү, билим берүүжөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гуманитардык жанакөркөм билим алуу укугуна ээ. Мамлекет жарандарын алардын чыгармачылык ишине ар кандай кийли-гишүүлөрдөн коргойт. 9-статья. Чыгармачылык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу укугу Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигининжыйынтыктарын басып чыгаруу, эскпонаттоо, кайра чыгаруу жана жалпы элгеберүүнүн башка формалары ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгөукуктуу. Согушту, зордук-зомбулукту, расалык, улутчулдук, диний касташууну,порнографияны пропагандалоого багытталган маданий ишмердиктин жыйынтык-тарын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салат. 10-статья. Чыгармачыл ишмердиктин жыйынтыктарын чет мамлекетке алып чыгуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигининжыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптечет өлкөгө алып чыгууга укуктуу. 11-статья. Кыргыз Республикасында жашаган элдердин маданий-улуттук өзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү укугу Маалымат Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын маданийөзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, маданий байлык-тарды түзүүнүн жалпы процессине алардын аралашуусуна көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын бардык улуттагы жарандары маданий борбор-лорду жана уюмдарды түзүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасында жашаган бир элдин маданий ишмердикке укук-тарын ишке ашыруу башкаларга залал келтирбеши керек. 12-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын маданият жаатында ишмердикке укугу Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасына келген жарандыгыжок адамдар белгиленген тартипте маданият жаатында ишмердикке КыргызРеспубликасынын жарандары менен бирдей укукка ээ. 13-статья. Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин маданий-улуттук өз алдынчалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө укугу Мамлекет республикадан сырткаркы жерлерде кыргыз улутунунөкүлдөрүнүн руханий жана маданий таламдарын канааттандыруу максатындатүзүлгөн маданий-улуттук коомдордун, жердештиктердин, борборлордун,окуу жана башка уюмдар менен мекемелердин өнүгүшүн колдоого көмөккөрсөтүүнү кепилдикке алат. III бап Маданият жаатында мамлекеттик колдоо 14-статья. Маданият жаатындагы мамлекеттин милдеттери Мамлекет төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү: - Кыргыз Республикасында улуттук маданияттарды кайра жаратууга,сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга; - маданият жана искусствонун билим берүү мекемелер системасынөнүктүрүүнү колдоого; - адабият жана искусствонун чыгармаларын түзүүгө жана аларды жа-йылтууга; - ата мекендик жана дүйнөлүк искусствонун классикалык чыгармаларынжайылтууга; - маданият тармагында ишмердикти өнүктүрүүгө; - Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоого; - маданият тармагында Кыргыз Республикасынын конституциялыктүзүлүшүн, бүтүндүгүн күч менен өзгөртүүгө пропагандалык жана агитация-лык иштерди жүргүзүүгө, мамлекеттин коопсуздугун бузууга, согуш отунтутандырууга, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруучулдук артыкчы-лыктарга, ошондой эле катаалчылык жана зордук-зомбулук кылууга жол бер-бей турган чараларды көрүүгө. 15-статья. Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетен-циясына төмөндөгүлөр кирет: - маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясатты калып-тандыруу жана жүзөгө ашыруу; - искусствону жана маданиятты өнүктүрүүнүн социалдык, уюшту-руу-укуктук жана экономикалык системасын өркүндөтүү; - маданият жана искусство жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү; - жарандардын улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарга аралашуусуүчүн зарыл шарттарды түзүү; - маданий баалуулуктарды алып чыгуу жана алып кирүү маселелеринжөнгө салуу; - маданият жаатындагы кайрымдуулукту, меценаттыкты жанадемөөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; - таланттуу жана шыктуу адамдардын чыгармачылык жактан өсүшүнөшарт түзүү; - маданият жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимийдолбоорлорду иштеп чыгууну жүргүзүү; - маданият жана искусство чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды да-ярдоо; - Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү; - маданият жана искусство жаатындагы сињирген эмгеги үчүн мамле-кеттик сыйлыктарды уюштуруу; - маданият жана искусство чөйрөсүн маалыматтык камсыздоонун бир-диктүү мамлекеттик маалымат тутумун түзүү; - маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткары-лышын контролдоо; - маданият тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды жанакызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө шарттарды түзүү; - маданият жана искусство уюмдарын түзүү жана өнүктүрүү; - республиканын мамлекеттик маданий уюмдарынын ишмердигин коорди-нациялоо; - маданият маселелери боюнча менчик формасына карабастан чыгарма-чыл бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара мамиле түзүү; - Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган мекендештер мененмаданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. 16-статья. Социалдык-чыгармачылык заказдар Чыгармачыл процесске өбөлгө түзүү үчүн маданий ишмердүүлүк жаатын-да ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жана жеке жактар үчүнискусствонун жањы чыгармаларын жаратууга (театр, музыка, хореография,көркөм сүрөт, монументалдык декоративдик-колдонмо, кино, архитектура,адабият, концерттик программалар жана башкалар) максаттуу чыгармачылзаказдарды (анын ичинде конкурстук негизде) берүүгө жана маданий жактанкызмат көрсөтүүгө укуктуу. IV бап Кыргызстан элинин маданий мурастары 17-статья. Кыргызстан элинин маданий мурастарынын объекттерин мамлекеттик коргоо Кыргызстан элинин маданий мурастарын коргоону, сактоону жанакөбөйтүүнү мамлекет кепилдикке алат. Кыргызстан элинин маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объектилеримамлекеттик кайтарууда турат. Маданий мурастардын өзгөчө баалуу объекттерине ээлик кылуу, пайда-лануу, бөлүштүрүү, бул объектилердин тизмеси, ошондой эле аларды кайта-руу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген. 18-статья. Китепкана, музей, архив жана башка фонддор Китепкана, музей, архив, кино-фото жана башка ушул сыяктуу фонд-дордун (ресурстардын) бүтүндүгү, сакталышы жана өнүктүрүлүшү мамлекеттарабынан камсыз кылынат. Алардын ишмердигин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен жүзөгө ашырылат. 19-статья. Маданий баалуулуктарды кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен мада-ний баалуулуктарды кайтарып алуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылган же Кыргыз Республикасыжана анын жарандары тарабынан мыйзамдуу түрдө сатылып алынган бардыкматериалдык маданий баалуулуктар Кыргызстан элинин улуттук маданий кен-чи болуп эсептелет. Кыргызстан элинин маданий кенчи болуп эсептелген, чет өлкөгө мый-замсыз алынып кеткен бардык маданий байлыктар, качан алынып кеткен жаг-дайларына жана алардын кайсы жерде сакталып тургандыгына карабастанкайра кайтарылууга жатат. Маданий баалуулуктардын объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагы-на алып кирүү жана анын чегинен сырткары алып чыгуу Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 20-статья. Тарых жана маданият эстеликтери Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарых жана маданият эстеликтериКыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын объекттери болуп саналат. Тарыхий-маданий мурастардын объектилерин реставрациялоо, консерва-циялоо, регенерациялоо жана ремонттоо, ошондой эле алардын статусунөзгөртүү маданий ишмердикти коргоо жана колдоо чөйрөсүндө атайын ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча гана ишке ашырылат. 21-статья. Фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк Кыргызстан элинин маданиятынын салттуу көрүнүшү катары фольклоржана элдик көркөм кол өнөрчүлүк Кыргызстандын тарыхий-маданий мурасыболуп эсептелет. Мамлекет фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү кандайдыр бирмыйзамсыз колдонуудан сактоого кепилдик берет, анын кайра жаралуусуна,пайдаланылышына жана жайылтылышына көмөк көрсөтөт. V бап Искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу жана дањазалоо 22-статья. Искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу эркиндиги Маданият жагындагы ишмердик жүргүзгөн бардык субъекттер чыгармачы-лык программаларды аныктоодо жана репертуарларды тандоодо эркин болу-шат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарды жана та-лаптарды сактаган шартта алар ар түрдүү жанрдагы, формадагы жана стил-деги чыгармаларды жайылтууга жана пайдаланууга укуктуу. 23-статья. Театралдык оюн-зоок мекемелери Мамлекет бардык театралдык оюн-зоок мекемелерине (драмалык, музы-калык, музыкалык-драмалык, жаштар, куурчак театрлары, концерттик уюм-дар, филармониялар, цирк ж.б.) бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдүтүзөт. Театралдык оюн-зоок мекемелеринин ишмердигине байланышкан коомдукмамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. 24-статья. Чыгармачыл уюмдардын жана аткаруучулардын гастролдору Чыгармачыл жамааттардын жана жеке чыгармачыл кызматкерлердин гаст-ролдорду өткөрүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тар-типте келишимдердин (контракттардын) негизинде ишке ашырылат. 25-статья. Музейлер Музейлер Кыргыз Республикасынын улуттук маданий мурасынын өзгөчөбаалуу фонддорун сактоочу жайлар болуп саналат жана республикадагы му-зей иштери боюнча илимий, маданий-агартуу жана методикалык борборлордунролун аткарышат. Улуттук маданий мурастардын буюмзаттары жана объекттери мамлекет-тик музейдик фонддон сактоо, пайдалануу жана экспонаттоо үчүн жекеадамдарга, музейдин статусу жок уюмдарга жана мекемелерге берилбейт. Музейлердин, тарыхый-маданий жана археологиялык коруктардын укук-тук статусу жана ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мененаныкталат. 26-статья. Китепканалар Китепканалар жарандардын маалыматтык-китепканалык ресурстарга эр-кин пайдалануусун камсыздайт. Китепканалардын ишмердүүлүгү менен байланышкан мамилелер КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 27-статья. Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар) Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар) көркөм жана интеллектуалдыкжөндөмдүүлүк менен шыктуулугун көрсөтүп, аларды өнүктүрүүнү каалаган-дардын бардыгынын өздүк көркөм ишмердик чыгармачылыктарын өстүрүү үчүныњгайлуу шарттарды түзүү максатында иштешет. 28-статья. Көркөм көргөзмөлөр Кыргыз Республикасында өз алдынча жана кесипкөй авторлордун көркөмкөргөзмөлөрүн өткөрүүгө зарыл шарттар түзүлөт. Музей фонддорунун көргөзмөлөрүн эске албаганда, ачык аянтчаларда(көчөлөрдө, гүлзарларда ж.б. жерлерде) көргөзмөлөрдү өткөрүү тартибижергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жөнгө салынат, аларкоопсуздук тартиптерине жооп берген шарттарда гана өткөрүлөт. Бардык коммерциялык көргөзмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган келишимдердин негизинде өткөрүлөт. 29-статья. Маданияттын билим берүү уюмдары Маданияттын билим берүү уюмдарына жогорку, кесиптик билим берүүчүорто окуу жайлар, балдардын музыкалык, көркөм, искусство мектептери,студиялар кирет. Маданият окуу жайлары мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчиктүрүндө болушу мүмкүн. Маданияттын жана искусствонун билим берүү мекемелеринин иштөө тар-тиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 30-статья. Кинематография мекемелери Кинематография Кыргыз Республикасында маданияттын жана искусство-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мамлекет кинематографияны бирдиктүү бир система катары коргоогожана өнүктүрүүгө кепилдик берет, ал киновидеофильмдерди өндүрүүнү, про-катты жана көрсөтүүнү камтыйт. Кинематографияны коргоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишмерди-гинин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкта-лат. VI бап Маданият жаатындагы ишмердикти экономикалык жактан жөнгө салуу 31-статья. Маданият уюмдарын түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасында менчиктин бардык түрүндөгү маданият уюмдарытүзүлүшү мүмкүн. Маданият уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана аларды жоюу тартибижана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 32-статья. Маданият объекттерин менчиктештирүү Мамлекеттин менчиги болуп эсептелген маданий ишмердиктин объектте-рин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте ишке ашырылат. Маданий мурастардын өзгөчө баалуу объекттери мамлекет тарабынанкорголот жана менчиктештирүүгө жатпайт. 33-статья. Маданият уюмдарын каржылоонун булактары жана тартиби Маданиятты жана искусствону каржылоо булактары болуп төмөндөгүлөрэсептелет: - республикалык жана жергиликтүү бюджеттер; - уюштуруучу катары чыккан жеке жана юридикалык жактардын, четөлкөлөрдүн жана жарандардын каражаттары; - маданият жана искусство уюмдарынын өздүк каражаттары; - жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин ык-тыярдуу кайрымдуулуктарынан жана максаттуу мүчөлүк акылары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булак-тар. Кыргыз Республикасында маданият тармагындагы ишмердикти колдоонунмамлекеттик кепилдиктердин негизи болуп республикалык бюджеттин чыгашабөлүгүнүн жыл сайын 3 пайызынан кем эмес каражат кароо эсептелет. Маданиятты каржылоого бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттары бардыкдењгээлдеги бюджеттерди түзүүдө өз алдынча сап менен бөлүнүпкөрсөтүлөт. Кошумча каржылоо булактарын тартуу мамлекеттик маданият жана ис-кусство уюмдарын мамлекеттик бюджеттен каржылоо көлөмүн азайтууга алыпкелбейт. Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарын каржылоо тартибиуюштуруучу тарабынан аныкталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият тармагындагыишмердикти уюштурууга кеткен чыгымдарды өз алдынча аныктоого жана мада-ният менен искусствонун бюджеттен каржыланчу мекемелеринин кызматкерле-ринин эмгек акысына үстөктөрдү белгилөөгө укуктуу. 34-статья. Маданият уюмдарынын финансылык ресурстары жана материалдык-техникалык базасы Маданият уюмдары өздөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн өз ал-дынча жүргүзүшөт. Маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өз ичине куру-луштарды, коммуникацияларды, машиналарды жана жабдыктарды, транспорт-тук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттарды кам-тыйт. Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарынын материал-дык-техникалык базасы өздүк каражаттардын жана уюштуруучунун каражатта-рынын эсебинен өнүктүрүлөт. Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техни-калык базасын өнүктүрүү аларга бекитилген бюджеттик жана өздүк каражат-тардын чегинде ишке ашырылат. Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техни-калык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Ижарага берилген материалдык-тех-никалык базаны пайдалануудан түшкөн кирешелер бюджетке алынбайт жанамамлекеттик маданият уюмдары тарабынан уставда каралган максаттаргапайдаланылат. 35-статья. Маданиятты өнүктүрүү фонддору Маданият тармагындагы ишмердиктин каржылоо жана колдоо үчүн юриди-калык жана жеке жактар тарабынан маданиятты өнүктүрүүнүн мамлекеттикжана мамлекеттик эмес фонддору түзүлүшү мүмкүн. Маданий ишмердиктин айрым түрлөрүн каржылоо үчүн атайын фонддортүзүлүшү мүмкүн. Маданий ишмердикти өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жанапайдалануу уюштуруу документтерине ылайык фонддун башкармасынын чечимибоюнча жүргүзүлөт. 36-статья. Маданият тармагындагы инвестициялык саясат Кыргыз Республикасында маданияттын материалдык-техникалык базасынколдоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик капиталдык салымдарды бөлүү кам-сыз кылынат. Маданий багыттагы объектилер боюнча капиталдык салымдардыбөлүштүрүү маселеси тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынанальтернативалуу варианттарды ачык-айкын талкуулоонун негизинде аныкта-лат. 37-статья. Тышкы экономикалык ишмердик Маданият уюмдары тышкы экономикалык ишмердикти аукциондордуөткөрүү, искусство чыгармаларын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарды,көркөм сүрөт продукцияларды, антиквариат буюмдарды сатуу аркылуу жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишкеашырышат. Мамлекеттик музейлерде, сүрөт галереяларында, китепканаларда, ар-хивдерде жана маданияттын мамлекеттик башка уюмдарында сакталган мада-ний баалуулуктарды кредитти камсыз кылуу үчүн же күрөөгө берүүгө жолберилбейт. 38-статья. Баалар жана баа түзүү Баа түзүү саясаты маданий ишмердик субъекттерин болушунча колдоогожана коргоого негизделип түзүлөт. Маданий ишмердиктин акы төлөнүүчү кызматынын жана продукциясынынбаасы (тарифтери), билеттердин баасын кошуп алганда, антимонополиялыксаясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу мамлекеттикмаданият уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет. VII бап Эмгек мамилелери жана социалдык кепилдиктер 39-статья. Эмгек мамилелерин бекемдөө Маданият тармагындагы кызматкерлердин эмгек мамилелери Кыргыз Рес-публикасынын эмгек мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат. Чыгармачыл кызматкерлер жана мамлекеттик маданият уюмдарынын же-текчилери менен эмгек мамилелери мөөнөттүү эмгек келишиминин (контракт)негизинде түзүлөт. 40-статья. Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн кепилдиктери Мамлекеттик маданият уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акынын ке-пилденген дењгээлде жана квалификациясы менен эмгектин натыйжасына жа-раша камсыздалат. Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. Мамлекеттик маданият уюмдары колдо болгон каражаттардын чегиндеКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык маянага ар түрдүүүстөктөрдү өз алдынча белгилей алат, акы төлөөнүн жана эмгекке демберүүнүн ар түрдүү алдыњкы ыкмаларын колдонушат. Автордук акы төлөөнүн өлчөмү, акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтүавтордук келишимде белгиленет. Маданият уюмдарында эмгектенген, илимий даражасы, "элдик", "эмгексињирген" деген ардак наамдары бар кызматкерлерге үстөктөр Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. VIII бап Маданият жаатындагы тышкы байланыштар 41-статья. Эл аралык маданий алмашуулар Кыргыз Республикасы эл аралык маданий алмашууларды өнүктүрүүгөкөмөктөшөт. Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташу-усунун багыттары гастролдук жана көргөзмө ишмердиги, маданият кызмат-керлерин даярдоо жана такшалуудан өткөрүү, маданий баалуулуктар мененмаданий дөөлөттөрдү жыргалчылыкты биргелешип өндүрүү жана алмашуу, уни-калдуу тарых жана маданият эстеликтерин калыбына келтирүү, жањы техно-логияларды, техникалык каражаттарды, жабдууларды маданият ишмердигиүчүн түзүү жана колдонууга киргизүү болуп эсептелет. Маданият уюмдары чет өлкөлүк юридикалык тараптар жана жеке адамдарменен маданият чөйрөсүндөгү кызматташуунун бардык түрлөрү боюнча өз ал-дынча келишим (контракт) түзүүгө жана эл аралык тийиштүү уюмдар мененфонддордун ишмердигине катышууга укуктуу. Маданий алмашууларды ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынынмыйзамдары менен жөнгө салынат. 42-статья. Эл аралык маданият уюмдарына катышуу Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык маданий фонддордун жанауюмдардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка структуралары түзүлүшүмүмкүн. Ар кандай юридикалык тараптар менен жеке адамдар алардын уюштуруу-чулук документтеринде аныкталган тартипке ылайык эл аралык маданий уюм-дарга кирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын маданият уюмдары өзүнүн катарына четөлкөлүк мүчөлөрдү тартууга, ошондой эле чет мамлекеттерден, эл аралыкуюмдардан жана жеке адамдардан максаттуу түрдө түшкөн каражаттарды өзалдынча башкарууга укуктуу. IX бап Корутунду жоболор 43-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынынкылмыш-жаза, жарандык жана администрациялык мыйзамдарында каралганучурларда жана тартипте белгиленет. 44-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн норма-тивдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 5-мартын-дагы № 803-XII Мыйзамы. - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I Мыйзамынын Iбөлүмүнүн 4-пункту; - "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 8-статьясы. Кыргыз Республикасынын Президенти