Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-декабры № 671 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 344 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу билим берүүчү окуу жайлардыкаржылоо жана колдоо маселелерин оптимизациялоо максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик-техникалык билимберүүчү окуу жайларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесип-тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу каржы-лоого которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын27-июнундагы № 344
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: аталышында "республикалык бюджеттен" деген сөздөр "жергиликтүү жа-на республикалык бюджеттерден" деген сөздөргө алмаштырылсын; - 1-пунктта: "2008-жылдын 1-июлунан баштап" деген сандар жана сөздөр "2009-жыл-дын 1-январынан баштап" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын; "республикалык бюджеттен" деген сөздөр "жергиликтүү жана республи-калык бюджеттерден" деген сөздөргө алмаштырылсын; - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мам-лекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пункттун жүзөгө ашыруу боюнча чара-ларды көрүшсүн.". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов