Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 5-декабры № 675 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын20-статьясына ылайык ВЛ-220 кВ электрдик тармактарды курууга жана ре-конструкциялоого инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын керек-төөчүлөрүн электр менен камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы N392-б буйругу менен түзүлгөн 500/220 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстан-цияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электр тармактарын реконструкциялоо жа-гында инвестициялык тендер өткөрүү боюнча комиссиянын 2008-жылдын 2-ок-тябрындагы Жумуштарды сатып алуу жол-жоболорунун протоколу эске алын-сын. 2. 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жанаВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо боюнча инвестициялык тен-дердин жењүүчүсү болуп "EPI Co. LTD" компаниясы (Корея Республикасы)аныкталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлиги "EPI Co. LTD" компаниясы менен 500/200 кВ "Датка" жана"Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты рекон-струкциялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн. 4. Курулуштун заказчысы болуп "Кыргызстандын улуттук электр тарма-гы" ачык акционердик коому белгиленсин (макулдашуу боюнча). 5. Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна"EPI Co. LTD" компаниясы менен тиешелүү контракт түзүү сунушталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 3 жана 5-пунк-ттарында көрсөтүлгөн макулдашуу жана контракт түзүлгөндөн кийин "EPICo. LTD" компаниясына запасы 100 млн. тонна "Сүлүктү" көмүр кенин иште-түүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берсин. 7. 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жанаВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо "EPI Co. LTD" компаниясы-нын каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн гарантиясызжана финансылык катышуусуз ишке ашырылаары белгиленсин. 8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тап-шырылсын. Премьер-министри И.Чудинов