Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-декабры № 683 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык,"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосундаӨзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратифи-кациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул Мыйзамдолбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-статья. Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосундаӨзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратифика-циялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макул-дашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордуКыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө швейцария тарапка белгилен-ген тартипте билдирсин. 3-статья. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти