КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-декабры № 692 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуубоюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешикараган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-ындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1997-жыл, N 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизил-син: 1. 2-1-статьяда: - биринчи бөлүгүнүн он үчүнчү абзацы "Директорлор кењешинин мүчө-лөрү" деген сөздөрдөн кийин ", Шарияттык кењештин мүчөлөрү" деген сөз-дөр менен толукталсын. - төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Ислам банкы" - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясы болгондо, өзү-нүн ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайыкжүргүзүүчү банк. "Исламдык терезеси" бар банк - Кыргыз Банкынын тийиштүү лицензиясыболгондо, тийиштүү подразделениенин ("исламдык терезенин") алкагындабанк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кызматтардыкөрсөтүүчү банк. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - банктык опера-цияларды Шарияттын стандарттарына ылайык, Кыргыз Банкынын нормативдикукуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүү эрежелери. "Исламдык терезе" - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис-ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктын тийиштүү подразделение-си. Шарияттын стандарттары - экономикалык же башка ишти жүргүзүүнүнэрежелеринин жыйнагы, аларга Курандагы жана Сүннөттөгү көрсөтмөлөрдүнжыйнагы негиз болот. Шарияттык кењеш - операцияларды банк ишинин жана каржылоонун ис-ламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү, банктын бүтүмдөрү (келишимдери)Шарияттын стандарттарына ылайык болушу үчүн жооптуу банк органы.". 2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер бүтүмдөрдүн (кели-шимдердин) банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайыккелген чектелүү тизмесин Кыргыз Банкы белгилеген тартипте ишке ашыруу-га укуктуу.". 3. 13-статьянын 3-пункту "банк операцияларын" деген сөздөрдөн кий-ин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринеылайык келген операцияларды" деген сөздөр менен толукталсын. 4. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын: "24-1-статья. Шарияттык кењеш Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринеылайык жүргүзүүчү банкта Шарияттык кењеш түзүлүүгө тийиш, ал банктынбүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шарияттын стандарттарына ылайыктуулугуүчүн жооптуу болот. Шарияттык кењештин мүчөлөрү Кыргыз Банкы белгилеген талаптаргаылайык келүүгө тийиш. Банктын Шарияттык кењеши банк ишинин жана каржылоонун исламдыкпринциптерине ылайык ишке ашырылчу банктын бүтүмдөрү (келишимдери) бо-юнча типтүү контракттарды жактырат.". 5. 25-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принципте-рине ылайык жүргүзүүчү банктын ички контролуна карата талаптарды КыргызБанкы белгилейт.". 6. 31-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менентолукталсын: "Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринеылайык жүргүзүүчү банктын коммерциялык жана башка банктык эмес уюмдаргаинвестиция салуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Банкы белгилейт.". 7. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принципте-рине ылайык жүргүзүүчү банктын мүлктү сатып алуусунун, ээлик кылуусу-нун, өткөрүп берүүсүнүн, кармоосунун, ижарага алуусунун, башкагаберүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Банкы аныктайт.". 8. 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Тийиштүү лицензиясы бар болсо банк Кыргыз Банкы белгилегентартипте банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайыккызматтарды көрсөтө алат. Кыргыз Банкы эл аралык практикага жараша банк ишинин жана каржы-лоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүлчү операциялардын чектелүүтизмесин, ошондой эле типтүү контракттарды (келишимдерди) бекитүүгөукуктуу. Банктык операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык прин-циптерине ылайык жүргүзүү үчүн лицензия алуунун тартиби Кыргыз Банкыныннормативдик укуктук актылары менен аныкталат.". 9. IV глава: - төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-статья менен толукталсын: "35-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу" Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык опера-ция жүргүзүүчү банктын каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрүнүн(келишимдеринин) түрлөрү Шариат кењеши жактырган жана Директорлор кење-ши бекиткен типтүү келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражат-тарды жайгаштыруу Кыргыз Банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт."; - төмөнкүдөй мазмундагы 36-1 жана 36-2-статья менен толукталсын: "36-1-статья. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери Кыргыз Республикасында салттуу банк иши жана кредиттөө менен катарэле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери колдонулат. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктыкоперацияларды жүргүзүү тартибин Кыргыз Банкы белгилейт. 36-2-статья. Сый акылар жана ушул сыяктуу төлөөлөр Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык опера-ция жүргүзүүчү банк кардарларга тиешелүү сый акылардын жана ушул сыяк-туу төлөөлөрдүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин өз алдынча белгилөөгөукуктуу.". 10. 39-1-статьянын 1-пункту "эл аралык банк тажрыйбасында пайдала-нылуучу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле банк ишинин жана каржы-лоонун исламдык принциптерине ылайык операция жүргүзүүчү банктар үчүнстандарттарды белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан" де-ген сөздөр менен толукталсын. 11. 45-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын: "10. Кыргыз Банкы ислам банктарына жана "ислам терезелери" барбанктарга карата, эгерде алар банк ишинин жана каржылоонун исламдыкпринциптерине ылайык операция жүргүзүүчү банктын ишмердигин жөнгө салуужагында ченемдик укуктук актыларды бузса, ушул статьяда каралган таасиркылуу чараларын көрөт.". 2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти