КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-декабры № 708 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык
кодексин ишке киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининкароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн рас-мий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Эркинтоо гезити, 2008-жыл, 31-октябрь)төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын: "8-1-берене. Салык төлөөчүлөргө 2009-жылы салыктарды Кыргыз Республикасынын Са-лык кодексин 56-главасында каралган салыктык контракттын негизиндетөлөө укугу берилсин. Мында: - салык төлөөчү салык контрактка өтүү айынан мурунку айдын 1иненкечиктирбестен салык органдарына тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз берүүгөмилдеттүү; - салыктык милдеттенмелерди контракттын негизинде аткаруу үчүн са-лыктык мезгил контракт күчүнө кирген мезгилден тартып календардык жыл-дын аягына чейинки мөөнөт болуп эсептелет.". 2-берене. Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти