Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-декабры № 725 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1998-жылдын 11-сентябрындагы Жењил өнөр жай комплекси жана токой чарбасы тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "
Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "
Кыргыз Республикасы-нын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: 2006-жылдын 25-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган1998-жылдын 11-сентябрындагы Жењил өнөр жай комплекси жана токой чарба-сы тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүтууралуу
протокол бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасыаталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндегижол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Протоколдун ишке ашырылы-шы үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикбелгиленсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов