Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-декабры № 726 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 641 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү кадрдык өзгөрүүлөргөбайланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. "Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконст-рукциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башка-руу комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл-дын 30-декабрындагы № 641 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-августундагы № 346 токтому кү-чүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы № 726 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун, реконструкциялоонун жана реабилитациялоонун инвестициялык долбоорлорун башкаруу комитетинин КУРАМЫ Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри, комитеттин төрагасы. Комитеттин мүчөлөрү: Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи- тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент- тиктин директору; Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары; Уезбаев У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн референти; Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардам башкармалыгынын началь- ниги. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов