Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 1-апрели № 205 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө "Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин каршы пикирлери жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 23-октябрындагы № 702-IV токтомунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишинизилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия)тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 2. Комиссия 2009-жылынын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Рес-публикасындагы эркин экономикалык зоналарынын ишине толук экономикалыкталдоо жүргүзсүн жана анын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштары киргизсин. 3. Комиссиянын ишин уюштуруу, методологиялык жана башка жактанкамсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-рлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине, КыргызРеспубликасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинежүктөлсүн. 4. Комиссияга зарыл учурда мамлекеттик органдардын жана башка ме-кемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте жумушка тартуугаукук берилсин. 5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-теринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башкаоргандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилериКомиссиянын төрагасынын (төраганын орун басарларынын) суроо-талабы бо-юнча зарыл маалымат берип турушсун. 6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда эркин экономикалык зона-ны жоюунун максатка ылайыктуулугуна толук экономикалык талдоо жүргүзүүбоюнча Өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2007-жылдын 6-августундагы № 310 токтому; - "Каракол" эркин экономикалык зонасынын субъекттеринин Балыкчышаарындагы жана Тамчы айылындагы участокторго өтүүсү жөнүндө маселеничечүү боюнча Өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 423 токтому. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 205 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыдыров К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты, Комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюн- ча); Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жа- на соода министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Койчубаков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты (макулдашуу боюнча); Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү баш- каруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жа- на соода министринин орун басары; Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Курманбеков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Суваналиев С.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы коми- тетинин төрагасынын орун басары; Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый- мылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мам- лекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Сапарбаев Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамле- кеттик администрация башчысынын орун басары; Чаргынов К.С. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамле- кеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Токтоболотов М.А. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекет- тик администрация башчысынын орун басары; Мамедова С.А. - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мам- лекеттик администрация башчысынын орун басары; Тулегабылов Н.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика ко- митетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Н.Айтмурзаев