Редакцияот 21.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 21-апрели № 241                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы          Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан                       жерлерди которуу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер  бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен  макулдашылган,  Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-павловка айылдык  округунун  аймагында  жайгашкан 9,84 га айдоону, аныничинде 7,44 га сугат айдоону жана Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.Ма-мыркановго жеке  менчик  укугунда  таандык  2,4 га кайрак айдоону "Айылчарба багытындагы  жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери"категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-сы:     - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргиз-син;     - жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү  тилкесинин  чегинен  сырттажайгашкан  зарыл  инфраструктура  жана инженердик коммуникациялар мененкамсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.     3. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов