Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 24-апрели № 253                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине               өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"            Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиненаталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-бе-ренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.     3. Кыргыз  Республикасынын Премьер-министри аталган мыйзам долбоо-рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине               өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу      1-берене.      Кыргыз Республикасынын   Салык   кодексине  ("Эркин  Тоо"  гезити,2008-жылдын 22-октябры, №  78-81) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү кир-гизилсин:     1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын                колдонулушу      1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белги-ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республика-сынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормалар  белгиленсе,  ошолэл аралык келишимдин нормалары колдонулат.     2. Эгер Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  түзгөн  макулдашуу  КыргызРеспубликасынын  Жогорку  Кењешинде бекитилсе же Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн  Кыргыз  Рес-публикасынын  Жогорку Кењешинин тапшыруусу боюнча түзүлсө,  Кыргыз Рес-публикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормаларды  белгиле-се, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынчу салыктык мамилелерге ка-рата ошол макулдашуунун нормалары колдонулат.".     2. 10-берененин  2-пункту  "жеке  мүнөздөгү" деген сөздөрдөн мурда"Эгерде бул кодекстин 3-беренесинде башкача  каралбаса,"  деген  сөздөрменен толукталсын.      2-берене.      Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти