Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы N 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги № 266 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугунун ӨКМӨТТҮК ПРОГРАММАСЫ
Киришүү I. Аныктамалар II. Учуулардын коопсуздугунун саясаты III. Учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу IV. Учуулардын коопсуздугу үчүн көзөмөл V. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү VI. Учуулардын коопсуздугу боюнча маалыматтарды берүүнүн милдеттүү жана ыктыярдуу системалары VII. Учуулардын коопсуздугунун абалын талдоо VIII. Жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы 1-тиркеме. Учуулардын коопсуздугун башкаруу процессинин схемасы 2-тиркеме. Тобокелди азайтуу процесси - кыскача схема
Киришүү
Жарандык авиациянын аба кемелеринин учууларынын коопсуздугу авиа- циялык транспорттук системанын абалын билдирип, мында адамдарга же мүлккө зыян келтирүүнүн тобокелдиги мамлекеттик алгылыктуу дењгээлге чейин төмөндөтүлөт жана коркунучтун булактарын табуунун жана тобокел- диктин факторлорун контролдоонун үзгүлтүксүз процесси аркылуу ушул же андан төмөн дењгээлде кармалып турат. Жарандык авиациянын учууларынын коопсуздугунун маселелерин чечүүдө ташуулардын көлөмүнүн өзгөрүүсү, аба кемелеринин паркынын жањылануусу жана авиациялык адистердин муундарынын алмашуусу эсепке алынат. Адам кырсыкка алып келген факторлордун катарындагы акыркы звено болуп эсептелгендиктен, көпчүлүк кырсыктар адамдын каталары менен шарт- талаары жалпыга маалым. Авиациялык кырсыктар көпчүлүк учурларда уюшту- руу факторлору менен шартталат, бирок аварияга алып келген окуялардын жана факторлордун катарындагы көпчүлүк звенолорду контролдукка алса бо- лот. Аба ташууларынын жана авиациялык индустриянын өнүгүү тенденцияла- рын терењ изилдөөдөн кийин Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО) учуулардын коопсуздугун башкарууга системалык мамилени киргизүү учуу- лардын коопсуздугун жогорулатуунун абдан натыйжалуу ыкмасы болуп эсеп- телет деген чечимге келген. Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвен- циянын 6, 8, 11, жана 14-тиркемелеринде каралган (мындан ары - ИКАОнун стандарттары жана сунуш кылынган практикасы) жана милдеттүү түрдө атка- рыла турган эл аралык стандарттарга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы болуп калды. Аба кемелерин пайдаланууда, аба кемелерин техникалык тейлөөдө, аба кыймылын тейлөөдө жана аэродромдорду пайдаланууда учуулардын коопсузду- гунун алгылыктуу дењгээлин белгилөө, ошондой эле коопсуздуктун аталган дењгээлин камсыз кылуу максатында Өкмөттүк программаны (мындан ары - Программа) кабыл алуу мамлекеттин милдеттеринин бири болуп эсептелет. Мындай Программаны ишке ашыруунун алкагында учуулардын коопсуздугун башкаруунун мамлекет үчүн алгылыктуу системаларын киргизүүгө аба кеме- лерин, аэропортторду пайдалануучулар, аба кемелерин техникалык тейлөө боюнча уюмдар жана аба кыймылын тейлөө боюнча уюмдар үчүн төмөнкү мак- саттарда талаптар белгиленет: - учуулардын коопсуздугу үчүн тобокелдикти аныктоо; - учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу дењгээлин кармап туруу үчүн зарыл болгон коррекция кылуучу иш-аракеттерди камсыз кылуу; - учуулардын коопсуздугунун камсыз кылынган дењгээлине туруктуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүү; - учуулардын коопсуздугунун жалпы дењгээлин туруктуу жогорулатуу. Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасынын алкагында авиакомпа- нияларда жана уюмдарда учуулардын коопсуздугу маселелери боюнча жооп- керчиликтин баскычын, анын ичинде авиаишканалардын жетекчилигинин учуу- лардын коопсуздугу боюнча тикелей жоопкерчилигин так аныктоонун зарыл- дыгы эл аралык стандарттарда каралган. Программа учуулардын коопсуздугунун дењгээлин олуттуу жогорулатуу- га жана мамлекет үчүн учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу дењгээлине жетишүүгө багытталган стратегиялык максаттарды аныктайт. Анда жарандык авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык кырсыктарды жана инци- денттерди иликтөөнүн натыйжаларын милдеттүү түрдө талдоо, ошондой эле узак мезгил ичинде авиациялык-транспорттук системанын ишиндеги жетиш- пестиктерди табуу каралган жана ал авиациялык кырсыктардын алдын алууга багытталган. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү абада ташууларда учуулардын коопсузду- гун камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болуп эсептелет. Мындай учурда авиациялык-транспорттук системанын бардык элементтерине талаптарды киргизүү жана алардын аткарылышын контролдоону уюштуруу мам- лекеттин рынок экономикасынын шарттарындагы ролу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын авиациясынын дүйнөлүк экономикага интеграция болуусунун тенденциясын эске алганда, Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери алардын Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандартта- ры жана сунуш кылынган практикасы менен максималдуу түрдө бирдей болуу- сун камсыз кылууга тийиш. Авиациялык кырсыктардын көпчүлүгү адамдык фактор менен байланышкан каталардын айынан болуп өтөт, ошондуктан аба кемелеринин системаларын башкаруу жана белгиленген чектөөлөрдөн учуунун параметрлеринин чыгуусу- на байланыштуу экипаждын каталарын алдын алуу маселелерине Программада өзгөчө көњүл бурулат. Адамдардын курмандыктарын, материалдык зыянды, ошондой эле финан- сылык, экологиялык жана социалдык кесепеттерди минималдаштыруу кызыкчы- лыгында коркунучтун булагын табууга жана тобокелдиктин факторлорун контролдоого системалуу мамиле кылуу коопсуздукту башкаруунун негизин түзөт. Программа учуулардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган эреже- лердин жана иштин түрлөрүнүн бирдиктүү комплекси болуп эсептелет. Учуулардын коопсуздугун башкаруу авиациялык кырсыктардын тобокел- дигин табуу жана жоюу боюнча уюштуруу иш-чараларын пландоону, учууларда авиациялык кырсыктардын алдын алуу маселелери боюнча авиациялык-транс- порттук системасынын бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн, аларды камсыз кылууну жана авиациялык окуяларды иликтөөнү талап кылат. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларга кеткен чыгымдар авиациялык кырсыктардан болгон зыяндын өлчөмүн кыскартуунун жана авиатранспорттук иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен өзүн өзү актайт. Жарандык авиация уюмунун учуулардын коопсуздугун башкаруу система- сы учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга болгон ырааттуу мамилени бил- дирип, ал зарыл болгон уюштуруу түзүмдөрүн, жоопкерчиликтин чөйрөлөрүн, жетектөөчү принциптерди, саясатты жана жол-жоболорду камтыйт. Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы жарандык авиация уюмда- рына авиациялык кырсык болгонго чейин эле проблемаларды божомолдоого жана жоюуга мүмкүндүк берет. Программалык-максаттуу мамиле жарандык авиацияны коопсуз өнүктүрүүнүн негизги проблемаларын чечүү, маселелерди чечүүнүн тењдеш- тирилген жана оптималдуу ырааттуулугун камсыз кылуу, жарандык авиация уюмдарында учуулардын коопсуздугун башкаруу системасынын механизмин иш- ке киргизүү максатында мамлекеттик ресурстардын алкагында жеке инвести- цияларды да чогултуу үчүн зарыл. Жарандык авиацияны коопсуз өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын системасын түзүүгө жана ишке ашырууга бизнести кењири тартуу Программада каралган. Мында бизнестин кызыкчы- лыктарын жалпы улуттук артыкчылыктуу багыттар менен, кыска мөөнөттүү тактикалык артыкчылыктуу багыттарды узак мөөнөттүү стратегиялык келе- чектүү багыттар менен тењдештирүү мамлекеттин ролу болуп эсептелет.
1. Аныктамалар
1. Бул Программада төмөнкүдөй аныктамалар колдонулган: 1) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери - Кыргыз Республи- касынын жарандык авиациясында ишти жөнгө салган, милдеттүү түрдө атка- рылуучу нормативдик укуктук актылар. 2) Коопсуздук - адамдарга же мүлккө зыян келтирүүнүн тобокелдиги коркунучту аныктоонун жана тобокелдикти башкаруунун үзгүлтүксүз процес- си аркылуу мамлекетке алгылыктуу дењгээлге чейин төмөндөтүлүүчү жана ушул же андан төмөн дењгээлде кармалып туруучу абал. 3) Конвенция - Чикагодо 1944-жылдын 7-декабрында кол коюлган, Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенция, ал эл аралык жарандык авиа- циянын ишин жөнгө салуу үчүн негизги юридикалык базаны камсыз кылат. 4) Коопсуздук кепилдиги коопсуздук боюнча мониторинг жана көрсөткүчтөрдү ченөөлөр багытында жарандык авиация уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү менен жүзөгө ашырылат. 5) Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну контролдоо жарандык ави- ация уюмдарынын учуулардын коопсуздугун башкаруу системасына карата жа- рандык авиациянын органы тарабынан жүргүзүлөт. 6) Учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу дењгээли - учуулардын ко- опсуздугун башкаруу боюнча максаттардын мамлекет тарабынан белгиленген эњ жогорку дењгээли, ал дењгээлден ашып кетүүгө болбойт. 7) Коркунуч - пайда болгон абалдын, объекттин же иштин айынан по- тенциалдуу коркунуч жаралган кырдаал. 8) Тобокелдик - пайда болгон потенциалдуу зыяндын ишке ашуу ыкты- малдуулугу; 9) Ыктымалдуулук - кооптуу шарттын же кырсыктын жаралуусунун/пайда болуусунун мүмкүндүгү. 10) Системалуулук - алдын ала түзүлгөн план боюнча жүзөгө ашырылу- учу коопсуздукту башкаруу боюнча чаралар, алар авиациялык ишканаларда ырааттуу колдонулат. Бул учурда жана ушул Программанын бардык тестинде "авиациялык иш- каналар" түшүнүгү аба кемелерин пайдалануучуларды, аба кемелерин техни- калык тейлөө боюнча уюмдарды, аба кыймылын тейлөө органдарын жана аэ- родромдорду пайдалануучуларды контекстке ылайык өз алдынча да, ошондой эле жалпы бардыгын билдирет. 11) Проактивдүүлүк - кандайдыр бир коркунучтуу окуя болгонго чейин же учуулардын коопсуздугунун абалына таасир тийгизгенге чейин эле кор- кунучтуу факторлорду (коркунучтарды) табуу жана тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды көрүү жолу менен профилактикалоого басым жасалуучу ма- миле. 12) Тактык - коопсуздукту башкаруу боюнча чаралар документтик түр- дө таризделүүгө жана көрсөтмө түрүндө болууга тийиш. 13) Коопсуздукту текшерүү (аудит) жарандык авиация органы тарабы- нан Программага карата жана жарандык авиация ишканаларына карата алар- дын учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы боюнча жүргүзүлөт. 14) Система - процесстердин жана жол-жоболордун уюштурулган жыйна- гы. 15) Башкаруу - ресурстарды бөлүү жана сабаттуу бөлүштүрүү. 16) SARPS - стандарттар жана сунуш кылынган практика. 17) ИКАОнун стандарттары - физикалык мүнөздөмөлөргө, конфигурация- ларга, материалдык бөлүккө, техникалык мүнөздөмөлөргө, персоналга жана эрежелерге коюлуучу талаптар, аларды бирдей колдонуу аэронавигациянын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болуп эсеп- телет жана алар Келишим түзгөн мамлекеттер тарабынан Конвенцияга ылайык сакталат. 18) Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы (УКБС) - зарыл бол- гон уюштуруу түзүмдөрүн, жоопкерчиликтин баскычын, жетектөөчү принцип- терди жана жол-жоболорду кошкондо, учуулардын коопсуздугун башкаруудагы системалуу мамиле.
II. Учуулардын коопсуздугунун саясаты
2. Учуулардын коопсуздугу жарандык авиациянын бардык ишинде эњ башкы артыкчылык болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. 3. Жарандык авиацияда учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык авиация органы, жарандык авиациянын уюмдары жана авиациялык персоналы, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлүүчү жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, же- ке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик мүлккө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүнү алдын алууга багытталуучу иш болуп эсептелет. 4. Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык Кыргыз Республика- сында жарандык авиациянын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жарандык авиация ишин мамлекеттик жөнгө салуунун ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - жарандык авиация органы) тарабынан жүргүзүлөт. 5. Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын авиациялык эре- желерине ылайык келген авиациялык иштеги учуулардын коопсуздугунун жо- горку дењгээлин кармап турууга кепилдик берген стратегияларды, башкаруу системаларын жана процесстерди иштеп чыгууга, киргизүүгө жана өркүндөтүүгө жигердүү катышат. 6. Кыргыз Республикасы тарабынан учуулардын коопсуздугунун алгы- лыктуу дењгээли белгиленет, ал төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен билдири- лет: 1) аба кемелерин пайдалануучулар үчүн: 100000 учуу саатына адам- дардын курмандыгы болгон 0,5ден аз авиациялык кырсык жана 100000 учуу саатына адамдардын курмандыгы болбогон 2,0ден аз авиациялык кырсык; 2) техникалык тейлөө уюмдары жана аба кемелерин пайдалануучулар үчүн: 100000 саат учуу мезгилине аба кемелериндеги 50дөн аз авиациялык инцидент; 3) аэродромдордун пайдалануучулары үчүн: аба кемелеринин 1000 опе- рациясына канаттуулар менен 1,0ден аз сүзүшүү жана аба кемелеринин 40000 операциясына бир жолудан көп эмес ВППга санкцияланбаган чыгуу; 4) аба кыймылын тейлөө уюмдары (мындан ары - АКТУ) үчүн: 100000 учууга аба мейкиндигиндеги 50дөн аз авиациялык инцидент. 7. Учуулардын коопсуздугунун мамлекет тарабынан белгиленген алгы- лыктуу дењгээлине жетүү үчүн учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну контролдоонун төмөнкүдөй кризистик элементтерин чечүү зарыл, алар неги- зинен контролдоо системасынын коргоочу инструменттери болуп эсептелет жана учуулардын коопсуздугу жаатындагы саясатты жана ал менен байланыш- кан жол-жоболорду натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл: 1) Негизги аба мыйзамдары - Кыргыз Республикасынын Аба кодекси, ал үзгүлтүксүз жањыланып туруучу жоболорду камтып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана жарандык авиация органына жарандык авиация жаатындагы иш- ке төмөнкү маселелер боюнча жигердүү көзөмөл жүргүзүүгө жана жөнгө са- лууга мүмкүндүк берет: а) персоналга күбөлүктөрдү берүү системасын колдонуунун негизинде авиациялык персоналды кесиптик даярдоо жана учуу квалификациясын өткөрүү (учуу квалификациясынын күбөлүктөрүн, сертификаттарын берүү/күчүн таануу, колдонууну улантуу, токтотуу же алып салуу/жокко чыгаруу); б) аба кемелерин пайдалануу жана инспекциялар, күбөлүктөрдү, сер- тификаттарды, уруксат берүүлөрдү каттоо, берүү/күчүн таануу, колдонууну улантуу, токтотуу же алып салуу/жокко чыгаруу үчүн колдонулуучу жол-жо- болор жана конкреттүү учурларга жараша ыйгарым укуктар аркылуу жардамчы функцияларды аткаруу. Бул жардамчы функцияларга төмөнкүлөр кирет: - учуу жарамдуулугун текшерүү жана тиешелүү техникалык камсыз кы- луу, учуу жарамдуулугу боюнча директиваларды берүү жана аба кемелеринин конструкцияларын бекитүү жана даярдоо, техникалык тейлөө боюнча уюмдар- ды бекитүү; - аба кыймылын тейлөө жана аны менен байланышкан иштин түрлөрү/функциялар, тактап айтканда карталарды, байланыш каражаттарын жана навигациялык каражаттарды берүү; - аэродромдорду куруу, сертификаттоо жана пайдалануу; - метеорологиялык камсыз кылуу жана издөө-куткаруу кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрү; - авиациялык кырсыктарды, инциденттерди иликтөө жана өткөрүү уку- гу, ал көз карандысыз же өзүнчө органга берилиши мүмкүн. 2) Авиациялык эрежелер - Кыргыз Республикасынын авиациялык эреже- лери Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына максималдуу түрдө ылайык келүүгө тийиш. Кыргыз Республикасы жарандык авиация жаатындагы улуттук стандарттар менен ИКА- Онун стандарттарынын ортосундагы айырмачылыктарды минималдаштырат. 3) Жарандык авиациянын мамлекеттик системасы жана учуулардын кооп- суздугун камсыз кылууну контролдоонун мамлекеттик функциялары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү түзүмү, финансылык фонддору, ыйгарым укуктары, адамдык ресурстары бар жана алдына коюлган милдеттерди натый- жалуу аткарууга жөндөмдүү жарандык авиация органын түзөт. Жарандык ави- ация органын каржылоо жогорку класстагы адистерди тартуу, кадрларды да- ярдоо жана кайрадан даярдоо үчүн жана учуулардын коопсуздугуна аудит жана туруктуу көзөмөлдүн жол-жоболорун жүргүзүүдө жарандык авиациянын чарбакер объекттеринен көз карандысыз болуу үчүн зарыл болгон жетиштүү негизде жүргүзүлөт. 4) Техникалык персоналды квалификациядан өткөрүү жана даярдоо. Жа- рандык авиация органынын инспекторлорунун айрым функцияларды ийгиликтүү аткаруусу негизинен алардын квалификациясына, тажрыйбасына жана кесип- тик билимине жараша болот. Инспектордук персонал инспекциянын же көзөмөлдүн объекти болуп эсептелген персоналдан кем эмес билимге жана квалификацияга ээ болууга тийиш, бул милдетти аткаруу үчүн жарандык авиация органы инспектордук персоналды даярдоо жана кайрадан даярдоо боюнча пландарга ээ болуп, аны аткарууга тийиш. 5) Техникалык нускамалык материал, инструменттер жана маанилүү ма- алыматты берүү учуулардын коопсуздугу жагынан алып караганда. Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин, жол-жобо- лорду жана практиканы сактоодо өзүнүн инспекторлоруна жардам көрсөтүү үчүн улуттук техникалык нускамалык материалды (колдонмолорду, нускама- ларды, директиваларды, циркулярларды, маалымдамаларды) иштеп чыгат, жа- рыялайт жана алардын жарандык авиация субъекттерине жеткиликтүү болушун камсыз кылат. ИКАОнун техникалык нускамалык материалы улуттук нускама- лык материалды даярдоодо колдонулат. Техникалык нускамалык материал күбөлүктөрдү берүүгө, квалификациялык белгилерди коюуга, сертификат же уруксат берүүгө жарандык авиация субъекттеринин арыздарын иштеп чыгуу- нун, арызда көрсөтүлгөн билдирүүлөрдү жана авиациялык персоналдын таж- рыйбасын баалоонун жол-жоболору жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Техника- лык нускамалык материалга ошондой эле колдонулуучу авиациялык эрежелер жана жарандык авиация органынын директиваларын сактоого карата көрсөтмөлөр да киргизилет. 6) Күбөлүктөрдү, сертификаттарды берүү, санкциялоо жана бекитүү боюнча милдеттенмелер. Жарандык авиация органы күбөлүктөрдү берүүнү жа- на авиациялык персоналды, жабдууларды, аэродромдорду, аба кемелерин пайдалануучуларды, техникалык тейлөө боюнча уюмдарды, аба кыймылын тейлөөчүлөрдү сертификациялоону авиациялык эрежелердин талаптарына жана коопсуз жана ырааттуу эл аралык аэронавигациялык системаны түзүү боюнча эл аралык милдеттерди жана милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Респуб- ликасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. 7. Көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча милдеттенмелер. Эл аралык жарандык авиациянын коопсуз жана тартипке салынган системасына карата Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери күбөлүктөрдү берүү, квалификациялык белгилөө, сертификат же башка уруксаттарды берүү менен токтотулбайт. Учуулардын туруктуу коопсуздугун, өзгөчө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жат- кан мезгилде кармап туруу мамлекеттен күбөлүктөрдүн (квалификациялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттардын күбөлүктөрдүн (квалифика- циялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттардын) жарактуулук мөөнөттөрүн узартуу) ээлеринин уюштуруучулук, ошондой эле жекече кесип- тик квалификацияларын, аба кемелеринин пайдалануучуларынын жана тейлөө көрсөтүүчүлөрүнүн учуулардын коопсуздугун кармап туруусунун туруктуу жөндөмдүүлүктөрүн жана акыркы учууларын кайсы жерде аткарса дагы аба кемелерин тийиштүү тейлөөнү камсыз кылууну техникалык тейлөө боюнча бе- китилген уюмдардын туруктуу жөндөмдүүлүктөрүн колдоо системасын түзүүнү талап кылат. Тийиштүү көзөмөл жана инспекциялоо жарандык авиация органынын инс- пектордук кызматкери тарабынан пландалууга жана ишке ашырылууга тийиш. Көзөмөл функциясы туруктуу негизде ишке ашырылышы керек. Жарандык авиа- ция субъекттеринин ишин инспекциялоо пландуу дагы, пландан тышкаркы да- гы негизде жүргүзүлөт. Көзөмөлдөөнүн бардык этаптарында жарандык авиациянын авиаадистери- нин жана субъекттеринин мүмкүнчүлүктөрү жана квалификациясы алгачкы сертификатты берүүдө талап кылынуучу же аларды жогорулатуучу стандарт- тарга туура келүүгө тийиш. 8) Коопсуздук проблемаларын чечүү. Эгерде көзөмөлдөө жана инспек- циялоо программасы жана тиешелүү инспекциялык отчеттор күбөлүктүн (ква- лификациялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттардын) ээси талап кылынуучу стандарттарды аткарууну же колдоону камсыз кылбаганын же кам- сыз кыла албасын көрсөтсө, жарандык авиация органынын инспектору белги- ленген кемчиликтер жөнүндө күбөлүктүн (квалификациялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттардын) ээсине билдириши керек. Жарандык авиа- ция органы кемчиликтердин олуттуулугуна жараша күбөлүктүн (квалификаци- ялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттардын) колдонулушун токто- тот же оњдой турган чараларды көрүү мөөнөттөрүн белгилейт жана оњдоочу чаралардын натыйжалуулугун аныктоо максатында тиешелүү түрдө андан аркы аракеттерди коет. Эгерде күбөлүктүн (квалификациялык белгилердин, сер- тификаттардын, уруксаттардын) ээси кемчиликти оњдобосо, инспектор күбөлүктүн (квалификациялык белгилердин, сертификаттардын, уруксаттар- дын) ээсине берилген укуктарды кайра алуу, токтотуу же аракетин чектөө (туруктуу же убактылуу) үчүн жарандык авиация органынын жетекчисине да- роо билдирет. Жарандык авиация органы аба кемесинин учууга жарактуулугун сактоо- го жагымсыз таасир этүүчү же таасир этиши мүмкүн болгон иштебей калуу- лар, бузулуулар, кемчиликтер жана башка учурлар жөнүндө маалымат топто- онун натыйжалуу системасын түзөт. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн натыйжала- ры коопсуздук проблемаларын жана кемчиликтерди аныктоодо өзгөчө мааниге ээ. Коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштар териштирүүнүн жүрүшүндө же бүткөндөн кийин берилиши мүмкүн. Башка маанилүү каражат болуп инцидент- тер жөнүндө отчетторду берүүнүн милдеттүү системасы же ыктыярдуу систе- масы эсептелет (жаза чараларын колдонбоого мүмкүндүк берүүчү). Авиация- лык кырсыктар жана инциденттер жөнүндө маалыматтар базасын түзүү жана ушундай маалыматтар базасында камтылган маалыматтарга талдоо жүргүзүү коопсуздук проблемаларын аныктоонун каражаты болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөдө авиациялык системанын пайдалануучуларынын ортосундагы маалымат- тарды алмашуу үчүн жалпы системага салуу чоњ мааниге ээ. Пайдалануунун заманбап ыкмаларынын, ошондой эле аба кемелеринин жана жабдуулардын өздөрүнүн улам өсүп бара жаткан татаалдыгына жараша жарандык авиация органынын конкреттүү тармагын өркүндөтүү жана инспек- торлорду кыйла натыйжалуу пайдалануу максатында инспекциялоонун мазму- нун жана масштабдарын жана тиешелүү методдору менен жол-жоболорду кайра кароо боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
III. Учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу
Жарандык авиация органынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары- на, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын жарандык эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. 9. Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Аба кодекси менен аныкталат. 10. Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын авиациялык эре- желерин иштеп чыгат, жарыялайт жана өркүндөтөт. Авиациялык эрежелердин долбоорлору бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуни- кациялар министрлигине жиберилет. Авиациялык эрежелерди иштеп чыгуу учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу дењгээлин камсыздоо боюнча мамле- кеттик иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп эсептелет. 11. Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринде стандарттын та- лаптары жана ИКАОнун сунуш кылынган практикасы менен айырмачылыктар болгондо жарандык авиация органы Конвенциянын 38-статьясына ылайык бул жөнүндө ИКАОго билдирет. 12. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы өз учурунда Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине оњдоолорду жана толуктоо- лорду алардын Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана ИКАОнун стан- дарттарына жана сунуш кылган практикасына шайкеш келишин камсыздоо үчүн иштеп чыгат. 13. Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарынын же сунуш кылынган практикасынын айрым бөлүктөрү же бөлүмдөрү, ошондой эле аба кемелеринин иштеп чыгуучулары болгон башка мамлекеттердин тиешелүү стандарттары жана эрежелери эгерде ушундай стандарттар, практика же эрежелер Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин талаптарына жооп берсе, аларды Кыргыз Республикасында тикелей колдонуу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн жана аларды Кыргыз Республикасында иштеп чыгуу максатка ылайык эмес болуп эсептелет. 14. Авиациялык эрежелерди иштеп чыгууда жарандык авиация органы дагы ИКАОнун техникалык нускамасын жана колдонмосун максимум пайдала- нат. 15. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга оперативдүү контролдоо- ну ишке ашыруу максатында жарандык авиация органы жарандык авиациянын авиациялык ишканаларына арналган директиваларды, буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана жазма көрсөтмөлөрдү чыгарат. Ушул Программанын алкагында жана авиациялык эрежелерге ылайык аба кемелеринин пайдалануучулары, техникалык тейлөө боюнча уюмдар, аэрод- ромдорду пайдалануучулар жана аба кыймылын тейлөө органы аталган доку- менттерди аткарууну контролдоо системасын иштеп чыгышат жана ишке кир- гизишет. 16. Жарандык авиациялык ишканалары өздөрүнүн документтерин иштеп чыгышат жана колдонууга киргизишет, алар Кыргыз Республикасынын мыйзам- дарынын жана авиациялык эрежелердин учуулар коопсуздугуна карата талап- тарынын дењгээлинен төмөн болбоого тийиш. 17. Авиациялык эрежелер, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр жана то- луктоолор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист- рлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин негизинде жана ага ылайык жана Эл аралык жарандык авиациясы жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алуучу ИКАОнун стандарты жана сунушталуучу практикасы менен алардын максимум бир түрдө болушун камсыз кылгыдай бо- луп бекитилет. Алардын колдонулуу чөйрөсү бардык министрликтерге, мам- лекеттик комитеттерге, ведомстволорго, уюмдарга, ошондой эле иштери жа- рандык авиациянын кызыкчылыктарына тиешелүү же аны менен байланышкан жеке адамдарга жайылтылат. 18. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу дагы учуулардын коопсуз- дугунун эквиваленттик дењгээлин камсыздоочу иш-чаралардын киргизилиши менен камсыздалат. Бул учурларда кызыкдар болгон жарандык авиациянын авиациялык ишка- насы учуулардын коопсуздугунун эквиваленттик дењгээлин камсыздоо жөнүндө корутунду даярдоого, аны жарандык авиация органы менен макулда- шууга жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча документтерди жарыялоого тийиш.
IV. Учуулардын коопсуздугу үчүн көзөмөл
19. Учуулардын коопсуздугун натыйжалуу башкаруунун негизги элемен- ти болуп аны камсыз кылуу үчүн жарандык авиациянын тигил же бул уюмунун ишинин тиешелүү аспекттерин дайыма (такай) контролдоону жүргүзүүнү ка- раштырган көзөмөл системасы эсептелет. 20. Учуулардын коопсуздугу үчүн көзөмөл жарандык авиация ишканала- рынын авиациялык эрежелеринин талаптарын сактагандыгын көрсөтөт. 21. Жарандык авиацияда учуулардын коопсуздугу үчүн көзөмөл төмөнкү иш-чараларды аткаруу аркылуу жарандык авиация органы тарабынан ишке ашырылат: 1) авиациялык системанын ишинин түрдүү аспекттери боюнча инспекци- ялоо жүргүзүү жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдү текшерүү; 2) жарандык авиацияда белгиленген эрежелерге ылайык расмий (план- дуу) инспекциялоо жүргүзүү; 3) жарандык авиация органдары берген сертификаттардын, күбөлүктөрдүн, дайындоолордун жана уруксаттардын колдонулушун токтотуу же кайра алуу боюнча чараларды көрүүнүн жардамы менен авиациялык эреже- лердин талаптарын сактабоо практикасына каршы аракеттенүү; 4) аба кемелерин пайдалануучулардын күбөлүгүн, авиациялык кызмат- кердин күбөлүгүн, аэродромдун шайкештик сертификатын, техникалык тейлөө боюнча уюмдарды, окуу борборлорун ырастоо (жактыруу) сертификатын, врачтык комиссияларды, аба кемелеринин учууга жарамдуулук сертификатын Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин жана тиешелүү мыйзамда- рынын талаптарына ылайык берүү менен байланышкан жол-жоболорду аткаруу; 5) коркунуч келтирүүчү факторлорду аныктоо жана коркунуч факторло- рун башкаруу, тармактын түрдүү секторлорунда учуулар коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн контролдоо; 6) учуулардын коопсуздугуна таасир этүүчү жарандык авиациянын ави- ациялык ишканаларында болгон окуяларга баамдоо жүргүзүү (мисалы, олут- туу эмгек талаштары, авиакомпаниялардын банкроттугу жана иштердин көлөмдөрүнүн кескин көбөйүшү же кыскарышы, жањы жабдууларды колдонууга киргизүү); 7) авиакомпанияларда, ОВД органдарында, техникалык тейлөө боюнча жактырылган уюмдарда, окуу борборлорунда, аэродромдордо ж.б. учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга контролдоону уюштурууга расмий тек- шерүүлөрдү жүргүзүү; 8) авиациялык кырсыктарга жана инциденттерге жүргүзүлгөн териш- тирүүлөрдүн натыйжасында иштелип чыккан сунуштарды практикага киргизүү. 22. Жарандык авиация органы бардык функционалдык тармактарга учуу- лардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн контролдоодо эрежелерди, жол-жо- болорду жана практиканы сактоо процессин жүргүзүүнү оптималдаштыруу максатында өзүнүн инспектордук курамы үчүн жарандык авиациянын уюмдарын текшерүүнүн типтүү программаларын жана техникалык нускамаларын (инспек- тордун маалымдамасын) иштеп чыгат жана жарыялайт. 23. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга көзөмөлдү натыйжалуу аткаруу үчүн жарандык авиация органы билим дењгээли жана эксплуатация- лык-техникалык даярдыгы (квалификациясы) боюнча жарандык авиациянын уюмдарынын инспекциялоо жүргүзүүчү кызматкеринен төмөн эмес болуучу да- ярдалган кызматкерлер менен толукталат. Жарандык авиация органынын учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көзөмөл жүргүзүү менен байланышкан кызматкердин ишинин шарттары жана эмгек акысы алардын билимине, квалификациясына жана тажрыйбасына дал келүүгө жана жарандык авиация органынын кызматкеринин ишин тек- шерүүчү жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын кызматкерлеринин шарттары менен бирдей болушу керек. Жарандык авиация органы инспектордук кызматкерге минимум талаптар- ды аныктайт, аларды алгачкы даярдоо, кайра даярдоо жана атайын/техника- лык даярдоо системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет. 24. Жарандык авиация органынын инспектордук курамы учуулардын ко- опсуздугун камсыз кылуу үчүн көзөмөлдү ишке ашырууда өз компетенцияла- рынын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу: 1) аба кемелерине жана жарандык авиация объектилерине, авиациялык документтерге авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарын сактоо менен аларды текшерүү үчүн тоскоолдуксуз жетүүгө; 2) жарандык авиациянын текшерилүүчү авиациялык ишканаларына учуу- лардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма көрсөтмөлөрдү берүүгө; 3) эгерде алардын аракеттери жана даярдык дењгээлдери учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, бул жөнүндө алардын түздөн-түз жетек- чилерине жана жарандык авиация органынын жетекчилигине маалымдоо менен жарандык авиация адистеринин күбөлүктөрүн токтотууга; 4) аба кемелерин мамлекеттик каттоону жана учууга жарамдуулугун ырастоочу оњ абалдагы аба кемесине, милдеттүү кеме документтерине коюлуучу талаптар бузулганда аба кемесинин учуусун токтотууга; 5) учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген шайкеш келбестиктер аныкталган учурда жарандык авиация органынын жетекчилигине колдонулуу- дагы сертификаттарды (күбөлүктөрдү) токтотуу же жокко чыгаруу боюнча сунуштарды берүүгө. Жарандык авиация органынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптары жарандык авиациянын текшерилүүчү авиациялык ишканаларынын аткаруусу үчүн милдеттүү. 25. Инспекциялоонун натыйжалары тиешелүү отчеттордо (маалымкаттар- да) таризделет. Жарандык авиация уюмдарын текшерүүлөрдүн натыйжалары акт менен таризделет. Таризделүүчү отчеттордун/маалымкаттардын жана ак- тылардын формалары жарандык авиация орган тарабынан аныкталат. 26. Текшерүүлөрдү жана инспекциялоолорду жүргүзүү мезгилинде жа- рандык авиация уюмдары аба кемелерине, каражаттарга жана объекттерге, кызматтарга, ошондой эле тиешелүү эсепке алуучу документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен кызматкерлердин кызматтык до- кументтерге жетиши үчүн жарандык авиация органынын инспектордук курамы- на зарыл шарттарды камсыздашат жана алар милдеттерин аткарууда тек- шерүүчүлөргө көмөк көрсөтүшөт. 27. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары уюмдагы учуулардын коопсуздук абалы үчүн контролдоонун ички системасын иштеп чыгышат жана ишке киргизишет. 28. Жарандык авиация органы ушул программага жана Кыргыз Республи- касынын авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын УКБСы иштешине көзөмөлдү ишке ашырат жана эгерде учуулардын коопсуздугуна реалдуу коркунуч бар болсо, жарандык авиация органы авиациялык ишкананын сертификаттарын жана лицензияларын токтото туруу зарылдыгы жөнүндө маселени карайт. 29. Учуулардын коопсуздугу үчүн тиешелүү көзөмөлдү камсыздоочу жа- рандык авиациянын авиациялык ишканалары төмөндө саналган иш-чаралардын айрымдарын же болбосо толук жыйындысын колдонушат: 1) уюмдун күнүмдүк ишине контролдоо жүргүзүү жолу менен жетекчилик курам тарабынан кыраакылыкты колдоо (учуулардын коопсуздугун камсыз кы- лууга карата); 2) учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чоњ мааниге ээ бардык тармактарга да күнүмдүк иштерге ички инспекциялык текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүү (расмий же расмий эмес); 3) учуулардын коопсуздугу жаатында текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу ме- нен авиациялык кызматкерлердин сунуштарын жыйноо (жалпысынан учуулардын коопсуздугунун абалы жөнүндө жана ошондой эле конкреттүү аспекттер жөнүндө); 4) уюмдун ишинин кыйла коркунучу бар чөйрөлөрүндө өзгөчө кылдат көзөмөл зарыл; 5) иш жүзүндөгү ар күндүк натыйжаларды чагылдыруучу маалыматтарды системалуу түрдө жыйноо; 6) учуулардын коопсуздугунун абалына талдоо жүргүзүү (учуулардын коопсуздугу жаатындагы изилдөөлөр); 7) ылдам текшерүүлөрдүн туруктуу программаларын ишке ашыруу (кооп- суздук аспекттерин ички жана тышкы текшерүүлөрдү кошкондо); 8) учуулардын коопсуздугунун көрсөткүчү жөнүндө бардык кызыкдар авиациялык кызматкерлерге маалымдоо.
V. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү
30. Кыргыз Республикасында катталган, жарандык аба кемеси менен болгон ар бир авиациялык кырсык же инцидент териштирилүүгө тийиш. 31. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү "АПКР-13. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү" деген Кыргыз Рес- публикасынын авиациялык эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Териштирүү боюнча органга авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүдө көз карандысыздык берилет. 32. Авиациялык кырсыкты же инцидентти териштирүүнүн бирден-бир максаты болуп келечекте авиациялык кырсыкты же инцидентти болтурбоо эсептелет. Бул иштин максаты кимдир бирөөнүн күнөөсүнүн же жоопкерчили- гинин үлүшүн аныктоо болуп эсептелбейт. Авиациялык кырсыктарды же инци- денттерди териштирүү учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуш- тарды иштеп чыгууну жана себептерин аныктоону кошкондо маалымат топтоо- ну, маалыматтарга талдоо жүргүзүүнү, корутунду даярдоону камтыйт. Кыр- сыктарды жана инциденттерди териштирүүдө негизги көњүл коркунуч фактор- лорун натыйжалуу контролдоону камсыздоого багытталыш керек. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн жыйынтык- тары боюнча отчеттор жарандык авиациянын бардык кызыкдар уюмдарына, ми- нистрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана республиканын ведомстволо- руна жиберилет. 33. Жарандык авиация органы АПКР-13түн талаптарына ылайык авиация- лык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет. 34. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары "Учуулардын коопсуз- дугу боюнча колдонмо" (Dос 9859) деген ИКАОнун документинин талаптарына ылайык милдеттүү териштирүүгө жатпаган коркунучтуу факторлорго ички те- риштирүү жүргүзүшү мүмкүн. Авиациялык ишканаларда ушундай коркунучтуу факторлорду териштирүү тартиби жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын документи менен аныкталат. 35. Алынган маалыматка натыйжалуу талдоо жүргүзүү үчүн жарандык авиация органы жана жарандык авиациянын авиациялык ишканалары маалымат- тар базасы түрүндө авиациялык кырсыктар, инциденттер жана коркунучтуу факторлор жөнүндө маалыматтарды сактоо системасын түзүшөт.
VI. Учуулардын коопсуздугу боюнча маалыматтарды берүүнүн милдеттүү жана ыктыярдуу системалары
36. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аба кемелеринде болгон авиациялык кырсыктар жана инциденттер жөнүндө маалыматтарды берүүнүн (билдирүүнүн) милдеттүү системасы АПКР-13тө баяндалган. 37. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер жөнүндө билдирүүлөрдү жарандык авиация уюмдарынын кызмат адамдары жана авиациялык персоналы АПКР-13тө белгиленген тартипте жана мөөнөттө, байланыштын кыйла жөнөкөй жана натыйжалуу каражаттарын пайдалануу менен жиберишет. 38. Аба кемелердин экипаждарынын милдеттүү билдирүүлөрү борттук журналдарга, ошондой эле атайын кабарлоодо жана билдирүүлөрдө жазылат, алардын формасын жарандык авиация органы белгилейт. 39. Учуудагы өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билдирүү берүү үчүн аба ке- мелердин экипаждары эреже катары төмөнкүдөй формаларды пайдаланышат: 1) авиациялык инцидент жөнүндө билдирүүнүн формасы; 2) абадагы кыймылга байланыштуу инцидент жөнүндө маалыматтын фор- масы. 3) Маалыматтарды милдеттүү берүү системасынын алкагында дайыма эле жазыла бербечү информацияны чогултууга өбөлгө түзүү үчүн жарандык авиа- ция органы инциденттер жөнүндө маалыматтарды жашырын берүү системасын түзгөн. Инциденттер жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби жана формасы веб-сайтта жайгаштырылган (www.аvia.kg). Инциденттер жөнүндө маалыматтарды ыктыярдуу жана жашырын берүү системасы авиациялык инциденттер менен эле чектелбестен, опурталдуу факторлор жөнүндө, б.а. инцидентке дуушарлантпаса да коопсуз эмес шарт- тар жөнүндө маалыматтарды караштырууга тийиш. 41. Инциденттер жөнүндө маалыматтарды ыктыярдуу берүү системасы жаза колдонууну көздөбөйт жана маалыматтын булагын коргоону караштыруу- га тийиш. Ыктыярдуу билдирүүдө жаза колдонбоо инциденттер жана опурталдуу факторлор жөнүндө маалыматтарды ыктыярдуу берүү системасынын негиз түзүүчү принциби болот. 42. Жарандык авиация органы авиациялык инциденттер жана опурталдуу факторлор жөнүндө берилген билдирүүлөрдү топтойт, эсепке алат жана тал- дайт. Милдеттүү түрдө текшерүүгө жаткан окуялардын тизмесине кирүүчү опурталдуу факторлор боюнча жарандык авиация органы териштирүү жүргүзөт, ал эми жогоруда аталган тизмеге кирбеген башка опурталдуу факторлор боюнча аларды жоюу үчүн алдын алуучу чаралар иштелип чыгат. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана авиациялык кырсыктарды бол- турбоо максатында жарандык авиация органы жарандык авиациянын авиация- лык ишканаларына жок эле дегенде Кыргыз Республикасында катталган жа- на/же Кыргыз Республикасынын эксплуатанттары эксплуатациялаган аба ке- мелерде болгон бардык авиациялык окуялар же инциденттер жөнүндө ыкчам маалымдайт. 43. АПКР-13түн жоболоруна ылайык жарандык авиация органы ИКАОго максимум учуу массасы 2250 кг ашык аба кемелерде болгон авиациялык оку- ялар жөнүндө маалыматты, ошондой эле массасы 5700 кг ашык аба кемелерде болгон, учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана авиациялык кырсыктарды болтурбоо максаты үчүн орчундуу мааниге ээ авиациялык окуялар жөнүндө маалыматты берет. 44. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары опурталдуу факторлор жөнүндө маалыматтарды (милдеттүүлөрүн да, ыктыярдууларын да) берүүнүн ички системасын иштеп чыгышат жана колдонууга киргизишет.
VII. Учуулардын коопсуздугунун абалын талдоо
45. Учуулардын коопсуздугунун абалын талдоо авиациялык окуяларды жана инциденттерди териштирүүнү жыйынтыктарына, ошондой эле маалыматтар базасына, опурталдуу факторлорду аныктоо боюнча ар түрдүү программалар- ды жүргүзүүгө, жарандык авиация органдарынын иштерин көзөмөлдөөгө не- гизденет жана учуулардын коопсуздугунун абалын баалоого жана алдын алу- учу чараларды иштеп чыгууга арналат. 46. Жарандык авиациянын органы жана жарандык авиация ишканалары учуулардын коопсуздугунун абалын туура жана сапаттуу талдоо жана алдын алуучу чараларды иштеп чыгуу үчүн учуулардын коопсуздугу боюнча комис- сияларды түзүшөт. 47. Жарандык авиациянын органы жалпысынан Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясындагы учуулардын коопсуздугуна жылдык жана жарым жыл- дык талдоолорду даярдайт жана чыгарат. 48. Жарандык авиациянын органы жарандык авиациядагы учуулардын ко- опсуздугуна жылдык жана жарым жылдык талдоолорду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, ошондой эле жарандык ави- ациянын авиациялык ишканаларына жиберет. 49. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары учуулардын коопсуздугуна айлык жана жылдык талдоолорду түзүшөт. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары түзүүчү коопсуздуктун абалына талдоо жарандык авиация органына жалпылоо, талдоо жана жалпы эле жарандык авиацияда учуулардын коопсуздук дењгээлин жогорулатуу бо- юнча алдын алуучу чараларды көрүү үчүн жарандык авиация органына жибе- рилет. 50. Жарандык авиация ишканаларынын учуулардын коопсуздугу боюнча талдоолорду түзүүсү жана аларды тапшыруусунун мөөнөттөрү боюнча реко- мендацияларды жарандык авиация органы берет. 51. Отчеттук жылда жарандык авиациядагы учуулардын коопсуздугунун абалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесинде каралат. 52. Жарандык авиация органы жарандык авиацияда учуулардын коопсуз- дугун арттыруунун заманбап программаларын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө активдүү катышкан жарандык авиациянын авиациялык ишканаларын сыйлоонун учуулардын коопсуздугунун жогорку дењгээлин камсыздоочу сый- лоо системасын белгилейт.
VIII. Жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы
53. Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы (УКБС) жарандык авиациянын авиациялык ишканалары учууларды аткарууда коопсуздуктун ал- гылыктуу дењгээлине жетүү максатында учуулардын коопсуздугун башкарууга карата уюштуруучулук жана тартипке салынган ыкма менен иш жүргүзүшү үчүн арналган. 54. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары учуулардын башкаруу- нун системасын иштеп чыгышат жана киргизишет, анда минимум катары: 1) учуулардын коопсуздугу үчүн опурталдар аныкталат; 2) учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу дењгээли сакталышы үчүн керектүү тийиштүү чаралардын көрүлүшү белгиленет; 3) учуулардын коопсуздугунун камсыздалчу дењгээлин такай монито- рингдөө жана баа берип туруу каралат; 4) эксплуатанттын кызмат адамдарынын иерархиясы жана учуулардын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчиликтери так аныкталат; 5) сертификатталган максимум учуучу массасы 27000 кг ашык самолет- тор үчүн эксплуатант учуу маалыматтарын талдоонун программасын кабыл алышын жана аткарышын камтыйт; 6) эксплуатант учуулардын коопсуздугу боюнча персонал пайдаланышы- на арналган документтер системасын түзүшүн камтыйт. Учуулардын коопсуздугу боюнча документтерге жана эксплуатанттын башка эксплуатациялык документтерине талаптар Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин "АПКР-6 Аба кемелерди эксплуатациялоо" деген 7-тиркемесинде айтылган; 7) учуулардын коопсуздугунун жалпы дењгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. 55. УКБСнын алкагында жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында бүткүл уюм боюнча учуулардын коопсуздугу маселесинде жоопкерчиликтин иерархиясы аныкталат. Жарандык авиациянын авиациялык ишканасынын жогор- ку жетекчилиги учуулардын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчиликте болот. 56. Жарандык авиациянын авиациялык ишканалары өз УКБСнын чегинде эксплуатациялык персонал жетекчиликке алышы жана колдонушу үчүн арнал- ган учуулардын коопсуздугу боюнча документация системасын түзөт. 57. Жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында учуулардын кооп- суздугун башкарууну ошол жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын жетекчиси дайындаган кызмат адамдары ишке ашырышат. Учуулардын коопсуз- дугун ийгиликтүү башкаруу бардык дењгээлдеги жетекчилердин такай конт- ролду талап кылган функциялык милдети болуп эсептелет. Учуулардын коопсуздугун башкаруу процессинин принциптик схемасы - "Учуулардын коопсуздугун башкаруу процессинин схемасы" ушул Программа- нын 1-тиркемесинде берилди. 58. Жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында УКБС бекитилишин, ишке киргизилишин жана иштешин жарандык авиация органы көзөмөлдөйт. 59. Жарандык авиациянын авиациялык ишканаларында УКБС түзүү учуу- лардын коопсуздугун башкаруу системасынын курамдык төрт бөлүгүнө негиз- делүүгө тийиш, алар: 1) учуулардын коопсуздугунун саясаты жана анын максаттары; 2) учуулардын коопсуздугуна коркунучтарды аныктоо жана тобокелдер- ди башкаруу; 3) учуулардын коопсуздугун камсыздоо; 4) учуулардын коопсуздук дењгээлин жогорулатуу. Тобокелдерди башкаруу процессинин принциптик схемасы ушул Програм- манын 2-тиркемесинде берилди. 60. Башкаруучулук кадамдардын ыраатын аныктоо жана аны колдонууга киргизүүдө жумуштун көлөмүн башкаруу үчүн жарандык авиациянын авиация- лык ишканаларында УКБСны киргизүү этаптуу ишке ашырылууга тийиш. 61. Кыргыз Республикасында УКБСны киргизүү 4 фазаны караштырат, алардын ар бири УКБСны киргизүүнүн курамдык бөлүктөрүн киргизүүгө ар- налган: 1) 1-фаза. 2010-жылдын 1-январына чейин: - учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын ишке ашыруунун жана анын талаптарын жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын иштерине интеграциялоонун планын жана авиацияда учуулардын коопсуздугу система- сынын киргизилиши үчүн жооптуулуктун схемасын иштеп чыгуу; - жооптуу аткаруучуну (менеджерди) жана анын учуулардын коопсузду- гу үчүн жоопкерчилигин аныктоо; - жарандык авиациянын авиациялык ишканасынын ичинде учуулардын ко- опсуздугун башкаруу системасынын киргизилиши үчүн жооптуу адамды (же пландоо тобун) аныктоо; - авиациялык ишкананын (аба кемелердин эксплуатанты, абадагы кый- мылды уюштуруучу уюм, техникалык тейлөө боюнча уюм, аэродромдун эксплу- атанты) системасын ыктымалдуу коркунучтарды жана тобокелдерди, ошондой эле аларды минималдаштыруу үчүн өздүк ресурстардын бар же жок экендигин көрсөтүү менен баяндоо; - уюмдун колдо болгон ресурстарына жана алардын учуулардын кооп- суздугун башкаруу системасын киргизүү боюнча улуттук жана эл аралык та- лаптарга ылайыктыгына талдоо жүргүзүү; - УКБСны киргизүү планын иштеп чыгуу, анда УКБСны улуттук талап- тардын, эл аралык стандарттардын жана рекомендацияланган практиканын, белгиленген талаптарга ылайык эместиктерге жүргүзүлгөн талдоолордун жы- йынтыгынын негизинде УКБСны киргизүү процессинин этаптары чагылдырылат; - учуулардын коопсуздугун башкаруу жагындагы саясатка жана анын максаттарына тиешелүү зарыл документтерди иштеп чыгуу; - авиацияда учуулардын коопсуздугун башкаруу системасында маалы- маттарды алмашуу каражаттарын иштеп чыгуу жана белгилөө. 2) 2-фаза. 2011-жылдын 1-январына чейин: Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын киргизүү планынын төмөнкүлөргө тиешелүү курамдык бөлүктөрүн ишке ашыруу, алар: - учуулардын коопсуздугуна коркунучтарды аныктоого жана тобокел- дерди башкарууга тийиштүүлөр; - персоналды учуулардын коопсуздугун башкаруу системасынын планы- нын курамдык бөлүктөрүн киргизүүгө даярдоого жана учуулардын коопсузду- гун идентификациялоого жана тобокелдерди башкарууга тийиштүүлөр; 3) 3-фаза: 2012-жылдын 1-январына чейин: Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын киргизүү планынын төмөнкүлөргө тиешелүү курамдык бөлүктөрүн ишке ашыруу, алар: - учуулардын коопсуздугун идентификациялоого жана тобокелдерди башкарууга тийиштүүлөр; - алдын алуучу чараларды колдонуу боюнча окутууга тийиштүүлөр; - алдын алуучу чаралар боюнча документтерге тийиштүүлөр. 4) 4-фаза: 2013-жылдын 1-январына чейин: - авиациялык каражаттарды эксплуатациялоо процессинде учуулардын коопсуздугун камсыздоо коопсуздуктун алгылыктуу дењгээлин (дењгээлде- рин), учуулардын коопсуздугунун максаттарын жана критерийлерин иштеп чыгууну, ошондой эле учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын такай өркүндөтүүнү караштырат; - авариялык кырдаал пайда болгон учурда көрүлчү чараларды пландаш- тыруу; - авиациялык каражаттарды эксплуатациялоо процессинде учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана авариялык кырдаал болгон учурда тийиштүү чара көрүүнү пландаштыруу үчүн керектүү окутуу жүргүзүү; - авиациялык каражаттарды эксплуатациялоо процессинде учуулардын коопсуздугун камсыздоо, авариялык кырдаал болгон учурда тийиштүү чара көрүүнү пландаштыруу боюнча документтердин болушу. 62. Учуулардын коопсуздугун башкаруунун кабыл алынган системасы жарандык авиациянын авиациялык ишканаларынын алкагында учуулардын кооп- суздугу үчүн жоопкерчиликтин жана отчеттуулуктун линияларын, анын ичин- де жогорку жетекчиликтин учуулардын коопсуздугу чөйрөсүндөгү түздөн түз жоопкерчилигин так аныктоого тийиш. 63. Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы боюнча нускама ма- териал ИКАОнун Учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча колдонмосунда берилген (Dос 9859).
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугунун Өкмөттүк программасына 1-тиркеме
Учуулардын коопсуздугун башкаруу процессинин СХЕМАСЫ
------------------------- | Коркунучтарды аныктоо |--------------- ------------------------- | v -------------------- ----------------------- ----------------- | Контролдоо | | Коркунучтар боюнча | | Тобокелди | | стратегияларына |----->|кошумча маалыматтарды|---->| баалоо | |кайрадан баа берүү| | чогултуу | | | -------------------- ----------------------- ----------------- ^ | | v ----------------- ------------------------- --------------------- |Стратегияларды | |Учуулардын коопсуздугун| |Тобокел факторлорун| | ишке ашыруу | | башкаруу процесси | | приоритеттештирүү | ----------------- ------------------------- --------------------- ^ | | v ---------------- ------------------ -------------------------- |Жоопкерчиликти| | Контролдоо | |Тобокелди жоюу/даражасын| | бөлүштүрүү |<-----| стратегияларын=""><----| азайтуу="" стратегиясын="" |="" |="" |="" |="" бекитүү="" |="" |="" иштеп="" чыгуу="" |="" ----------------="" ------------------="" --------------------------="" кыргыз="" республикасынын="" жарандык="" авиациясында="" учуулардын="" коопсуздугунун="" өкмөттүк="" программасына="" 2-тиркеме="" тобокелди="" азайтуу="" процесси="" -="" кыскача="" схема="" --------------------------------------------="" -------------|="" ,="" баа="" берилишин="" жана/же="" азайтылышын="" |="" |="" |="" документтештирүү="" коопсуздукка="" коркунуч="" |="" |="" --------------------------------------------="" |="" |="" |="" |="" |="" |="" ----------------------="" v="" |аркы-терки="" байланыш,|="" -------------------------="" |="" коркунучтун="" |="" ----|="" коркунучту="" аныктоо="" |----="" |="" аныкталышын,="" баа="" |="" |="" |="" жана="" тобокелди="" баалоо="" |="" |="" |="" берилишин="" жана/же="" |="" |="" -------------------------="" |="" |азайтылышын="" баалоону|="" |="" |="" |="" документтештирүү="" |="" v="" v="" ----------------------="" ----------------------="" ------------------="" |="" |="" тобокелдин="" |="" |="" тобокелдин="" |="" |="" --------|олуттуулук="" дењгээлин|="" |="" ыктымалдуулук="" |---="" |="" |="" |="" баалоо="" |="" |дењгээлин="" баалоо|="" |="" |="" |="" ----------------------="" ------------------="" |="" |="" |="" |="" |="" |="" |="" |="" |="" -------------------------------="" |="" |="" -----------------="">| Тобокелдин дењгээлин баалоо |<----- |="" -------------------------------="" |="" |="" |="" v="" |="" -----------------------------------="" -----="" |="" --|тобокелдин="" дењгээли="" алгылыктуубу?|--="">|Жок| | | ----------------------------------- ----- | | | | v | | ----------------- ------ ------------------------ | |Чара көрүү жана|<--|ооба| |="" |---|="" ишти="" улантуу="" |="" ------="" v="" |="" -----------------="" --------------------------------="" -----="" |="" ----|тобокел="" факторун="" жойсо="" болобу?|---="">|Жок| | | -------------------------------- ----- | | | v | ----------------- ----- | |Чара көрүү жана|<--|жок| |---|="" ишти="" улантуу="" |="" -----="" |="" -----------------="" ------="" --------------------------="" |=""><----|тобокелди азайтса="" болобу|----="" |="" ------="" --------------------------="" |="" |="" |="" |="" |="" -------------="" ----------------="" |="" |="" |="" |="" v="" v="" |="" -----------------="" ------="" ---------="" -----="" ---------------="" ----|чара="" көрүү=""><><---|тобокел|--->|Жок|--->|Ишти токтотуу| | ишти улантуу | ------ |калды | ----- --------------- ----------------- |дешке | |болобу | |(эгер | |андай | |бар | |болсо)?| ---------
|