Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-апрели № 232
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстарын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 3.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- автоматташтырылган маалыматтык системага, электрондук архивге жана электрондук документ жүгүртүүгө акы төлөө боюнча.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |