Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майы № 300
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун камсыздоо, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына негиздүү тарифтерди коюу, ошондой эле аларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтертер жыл сайын мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашууга тийиш экендиги белгиленсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүү маселелери боюнча өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
И. Чудинов
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майы № 300
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 817, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун камсыздоо, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына негиздүү тарифтерди коюу, ошондой эле аларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
И. Чудинов |