Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 18-майы № 299
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар
тарабынан товарларды жана автотранспортту алып
өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 201-статьясынын 2-пунктуна
ылайык ун тартуучу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы №
976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар
тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы
бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана ав-
тотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
- 5.3-пункттун үчүнчү абзацында "1001 жана 1101 товардык позиция-
лар" деген сөздөр жана цифралар "1001 товардык позиция" деген сөздөр
жана цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын № 3 тиркемесинде "1001 жана 1101 то-
вардык позициялар" деген сөздөр жана цифралар "1001 товардык позиция"
деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 20 күн өткөндөн
кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов