Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 15-майы № 294 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кишенев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, КМШга катышкан мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу боюнча Бирдиктүү чаралардын комплекси жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кењешинин чечимин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын
Мыйзамынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кишенев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, КМШгакатышкан мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу боюнча Бир-диктүү чаралар комплекси жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктешти-гинин Өкмөт башчыларынын кењешинин тиркелген
Чечими бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Чечимдинкүчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду КыргызРеспубликасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктеш-тигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика-лык өнүгүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүүжана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-рлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макул-дашуу боюнча) 2009-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюд-жетте каралган чыгымдарды каржылоо көлөмүнүн чегинде аталган Бирдиктүүчаралар комплексиндеги иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылышсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов